Аптада клубдар арасында жыл сайын өтүүчү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттештери орун алды. Макалада оюндун урунттуу учурларына токтолобуз.
“Аарылар” үйдө да, конокто да чаңытты
“Боруссия Дортмунд” – ПСЖ 1:0
Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда германиялык “Боруссия Дортмунд” командасы Париждеги “Парк де Пренс” стадионунда ПСЖ менен беттешип, 1:0 эсеби менен жеңишти камсыздап, Мбаппенин командасын үйүнө маанайсыз жөнөттү. Бул беттеш дортмунддуктар париждиктерге тең келеби деген суроого жооп тапмак. Тең келет экен. “Аарылар” (ред.: сары-кара түстүү формасынан улам) өз үйүндө да, конокто да муну далилдешти. Буга чейин “Боруссия” өз үйүндө 1:0 эсеби менен ПСЖны утуп алып фанаттарын кубанткан. Финалга бир кадам жетпей четтеп калган ПСЖнын ызасында чек жок. Немис машинасы, пас берүүлөрдүн тактыгы, мыкты коргонуусу менен париждиктерге трофейге жетүүгө мүмкүнчүлүк калтырган жок. Беттештин 50-мүнөтүндө Юлиан Брандттын бурчтан чыгарып берген тобун Матс Хуммельс башы менен киргизип, Чемпиондор Лигасынын финалына чыгышты.
“Реал Мадриддин” тагдырын 3 мүнөт чечти...
“Реал Мадрид” –
“Бавария” 2:1
Мюнхендеги беттеште 2:2 эсеби менен кайткан “Реалчылар” өз талаасында чыныгы триллер тартуулашты. Анда күтүүсүз сейвтер, шедеврлер, калыстардын чатагы, айтор, баарын көрө алдык. Финалдык ышкырыкка бир мүнөт калганда мюнхендик команда гол киргизди, бирок польшалык калыстар тобу соккуга чейин абдан талаштуу офсайд абалын жарыялашты. “Бул туура эмес!” деп калыстар тобуна күйөрмандар кыйкырганы угулуп жатты. Бирок Винисиустун финттери, Рюдигердин аракети жана Хоселунун алмашууга чыгуусу “Реал Мадриддин” бардык учурда жеңишти жулуп кете аларына далил болду. Баса белгилей кетсек, гол киргизген Дэвис да, Хоселу да алмашууга чыккан оюнчулар. Карло Анчелоттинин бардык чабуулчу күчтөрүн согушка таштаганы байкалып турду жана бул аракети мыкты жыйынтык берди. Испаниялыктар 3 мүнөттүн ичинде абалды өзгөртүп, 2 гол киргизгенге жетишти (88 жана 91 мүнөттөрдө). Бул учурду көбү “легенда легендалыгын кылды, колдон чыгып бараткан жеңишти кайра сууруп алышты” деп баалады. Бул оюн Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарындагы шедеврлердин бири катары тарыхта калары бышык. Эми Уэмблидеги финалдык оюндарда мадриддиктер 1-июнда турнирдин башкы сенсациясы Дортмунддун “Боруссиясы” менен кыл чайнашат.
Роналду менен Моуриньюну ыйлаткан “Бавария”
Чемпиондор Лигасын эң көп жолу уткан клуб бул “Реал Мадрид”, ал эми “бавариялыктар” 7 жолу уткан. Жакында “Реал Мадриддин” мурунку машыктыруучусу Жозе Моуринью даректүү тасмалардын бириндеги сөзүндө машыктыруучулук кесибинде 2011-12-жылкы Чемпиондор Лигасында “Бавариядан” пенальтилер сериясында утулуп калганда аябай ыйлаганын айтып берген.
– “Бавариядан” жеңилгенден кийин биринчи жолу жалгыз ыйладым. Кийим алмаштыруучу жайда же талаага чыгып ыйласам болмок. Бирок унаа менен үйгө баратсам көз жашым токтобой агып жатты. Ошол күнү баарыбыз талкаландык, сындык. Мага Хорхе Мендес телефон чалып Роналдунун үйүнө барышымды суранды. Барсам Роналдунун да абалы меникиндей экен. Чынында, баарыбыз “өлүк” болуп калган элек. Эч бир жеңилүүбүз анчалык мага оор тийген эмес эле,- деп эскерген Моуринью.
Бомбардирлер кимдер?
Чемпиондор Лигасынын бомбардирлеринин сап башында азырынча Гарри Кейн андан кийин Килиан Мбаппе келе жатат. Экөөнүн тең эсебинде 8 гол бар. Бирок бул тизме өзгөрүшү мүмкүн. Анткени “Бавария” да, ПСЖ да финалга чыккан жок. Калган тизмени төмөндө караңыз:
Гарри Кейн, “Бавария” (8 гол)
Килиан Мбаппе, ПСЖ (8 гол)
Антуан Гризманн, “Атлетико” (6 гол)
Эрлинг Холанн “Манчестер Сити” (6 гол)
Хулиан Альварес “Манчестер Сити” (5 гол)
Галено “Порту” (5 гол)
Винисиус Жуниор “Реал Мадрид” (5 гол)
Альваро Мората “Атлетико” (5 гол)
Родриго “Реал Мадрид”
(5 гол)
Фил Фоден “Манчестер Сити” (5 гол)
Расмус Хейлунн “Манчестер Юнайтед” (5 гол)
Ал эми “Боруссия” Дортмунддун эң мыкты бомбардири Никлас Фуллкруг (3 гол)
Оюндан кийинки пикирлер:
Карло Анчелотти, “Реал Мадриддин” башкы
машыктыруучусу:
– Биз гол өткөрүп жатканыбызды мээбизден түшүргөн жокпуз, кандай оор сезондо ойноп жатканыбызды ойлоп жаттык, бул нерсе бизди шыктандырды. Бизде таланттуу оюнчулар абдан көп.
Винисиус Жуниор, “Реал Мадриддин” чабуулчусу: – Ушул командада, ушул стадиондо ойноп, көп жолу талаага чыгуу сыйкырдуу иш болуп калды. Биздин ар дайым өзүбүзгө ишенерибиздин, ар дайым жеңишке жете аларыбыздын дагы бир мисалы. Биз кырдаалды өзгөртө аларыбызды билебиз, бул реалдуу”.
Томас Тухел, “Бавариянын” башкы машыктыруучусу: – Жеңилүү ызасын абдан оор кабыл алдык. Өзүбүзгө келиш үчүн убакыт керек. Калган нерсенин баарын оюн талаасында калтырдык. Команда ооруп жатат, айыгып кетүү үчүн убакыт керек. Эч кандай таарыныч же өкүнүч жок. Көп футболчулар жаракат алышты, көп алмаштыруулар болду, көп каталар кетти, биз чабуулду төрттүк менен баштаганбыз, аягында ал стратегияны талаадан көрө албадык. Аягында бардык оюн бою бизди сактап келе жаткан Ману (ред.: дарбазачы Мануэл Нойер) чоң ката кетирди. Эми ал катасын алдынкы 100 жылда такыр кайталабайт.
Турнир тууралуу кызыктуу маалыматтар:
Чемпиондор Лигасындагы футболчулардын географиясы абдан кенен. Анын беттешүүлөрүнө 124 улуттун оюнчулары катышып келет.
“Челси” Чемпиондор Лигасын жеңип алгандан кийин тайпалык баскычтан чыккан жалгыз команда. Бул 2012-2013 сезондо болгон.
Чемпиондор Лигасынын эң ылдам голу старттык ышкырыктан 10-12 секунддан кийин киргизилген. Голду голландиялык Рой Макай киргизген.
Сэр Алекс Фергюсон 190 беттешүү менен Чемпиондор Лигасында эң көп оюн өткөргөн машыктыруучу.
Турнирди беш жолу же үч жолу катары менен жеңген команда кубокту түбөлүккө сактап калууга укуктуу. Чемпиондор Лигасынын эки кубогуна ээ болгон жалгыз команда – бул “Реал Мадрид”.
Чемпиондор Лигасынын финалында көрүүчүлөрдүн эң көп саны 1960-жылы катталган. Финалдык беттеш “Реал Мадрид” менен “Айнтрахт Франкфурттун” ортосунда болгон. Ал күнү күйөрмандардын саны 127 621 адамды түзүп, финалда 7:3 эсеби менен испаниялык клуб жеңишке жеткен.
2025-жылдан тарта Чеипиондор Лигасында азыркыдай 32 команда эмес, 36 команда ойноп баштайт.
Лунара Бекиева