ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-майдан 26-майга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Сиз үчүн жаңы нерсе баштоого абдан ыңгайлуу учур. Өз жөндөмүңүздү көрсөтүп, башка талантыңызды ача аласыз. Эгер дагы эле ишке ашыра албаган нерселерди пландаштырып жатсаңыз, анда пландарыңызды өнөктөштөрүңүз менен бирге карап чыгыңыз. Чечим кабыл алууда этият болуңуз. Көптөн бери көрбөгөн досторуңузга, тааныштарыңызга жолугуп калышыңыз мүмкүн. Эски таарынычтарды  эстебей, достук маанайда баарлашыңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кесиптештериңиз жана жетекчилигиңиз менен жакшы мамиледе болосуз, андыктан бул кырдаалды учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө пайдаланыңыз. Аткаруучулук дараметиңиз жогорулайт, башкысыбир орунда турбаңыз, жаңы технологияларды колдонуу менен алдыга умтулуңуз. Бойдоктор романтикалык мамилеге, жаңы таанышууларга көңүл бурушса, ойдогудай жыйынтык берет. Мүмкүнчүлүктөрүңүздү толук колдоно албай жатасыз, оюңузга, амбицияңызга эрк бериңиз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Эгиздер үчүн жашоонун бардык тармагы абдан жагымдуу болот. Көптөн бери пландалган иштерди бүтүрө аласыз. Бул мезгил жаңы таанышуулар, жаңы байланыштар үчүн ыңгайлуу. Балким, байланышыңыз үзүлгөн жакын адамдарыңыз менен кайрадан мамиле түзөсүз. Бойдок айымдарды келечекте олуттуу мамилеге айланып кете турган таанышуулар күтөт. Мырзалар тамашакөйлүгү менен татаал сүйлөшүүлөрдөн жана конфликттерден оңой кутула алышат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бир жакка көчүүгө камданып калышыңыз мүмкүн, же жаңы таанышуулардын аркасынан жумушуңузду өзгөртөсүз. Кирешелериңизди жана чыгашаларыңызды иреттебесеңиз материалдык кыйынчылыктарга тушугасыз. Бөйөн айымдар моралдык жактан да, руханий жактан да тазаланууга умтулуусу зарыл. Анткени терс энергиялар денеңизде чогула берсе коркунучтуу ооруга айланышы мүмкүн. Маанайыңызды көзөмөлдөп, чыр-чатакка барбаганга аракет кылыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Билимиңиздин жана өжөрлүгүңүздүн жардамы менен көп тоскоолдуктарды жеңесиз. Акчага байланышкан чоң долбоорлорго, келишимдерге жана документтерге олуттуу мамиле кылыңыз. Чөйрөңүздөгүлөр жеке көрө албастыгынан жамааттагы кесиптештериңизди сизге каршы тукурушу мүмкүн. Абалдан татыктуу чыгасыз. Кесипкөйлүгүңүз жана сабаттуулугуңуз бизнесте ийгилик алып келет. Сүйүктүүңүздүн көңүл буруусу жетишпей жатса ачык эле өзүнө айтыңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Азыр баштаган иштериңиздин баары кийин сизге жакшы натыйжаларды алып келет. Жеке жашооңузда чоң бурулуштарды күтүңүз, үй-бүлө, сүйүү, туугандар маселесинде баары оюңуздагыдай чечилет. Бирөөдөн ири суммада карыз же банктан насыя алууну пландап жүрсөңүз бул оюңуздан кайтканыңыз туура. Анткени сиз насыя алып бүтүрөм деген жумуш сиз пландагандай болбой калышы толук мүмкүн. Бул апта тобокелчиликке баруу үчүн жакшы убакыт эмес.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Ден соолукту биринчи орунга коюңуз, алдын ала медициналык текшерүүдөн өтүп алганыңыз жакшы. Бойдокторду сүйүү мамилеси, романтикалык жолугушуу күтөт. Эгер ал адамга болгон сезимдериңиз күчтүү экенин сезсеңиз, аны коё бербеңиз. Кесиптештер арасында түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Калыстыкты сүйгөн тараза катары чоң урушта ортомчулук милдетти аркалайсыз. Сиздин кара кылды как жарган калыстыгыңыз менен маселе чечилип, эки тарап элдешүүгө барат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Сүйүктүүңүз менен мамиле гармониялуу өнүгүп, анын көңүл борборунда болосуз. Жашооңуз жакшы жакка өзгөрөт, байланыштар кеңейет, жаңы достор, пайдалуу бизнес өнөктөштөр пайда болот. Башкалардын пикирин угуу жөндөмүңүз үчүн кеңеш сурагандар сизге тартылат. Бойдоктор ички туюмун угуп, сезгенди үйрөнсө өмүрлүк түгөй тандоодо жаңылышпайт. Азыр көзүңүзгө идеалдуудай көрүнгөн нерсенин баары түбөлүктүү эмес экенин түшүнүшүңүз керек.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Сиз менен дос болгусу, жакын болуп ичи-коюнуңузга киргиси келген адамдардан өзүңүздү оолак кармаңыз. Кубанычыңызды да, кайгыңызды да ичке катканды үйрөнүңүз, бул жашоодо бир эле адамга таяна аласыз ал – өзүңүз. Спирт ичимдиктерин ичпей эле койгонуңуз туура. Үй-бүлөлүк мамиледе көйгөйлөр жаралат, үй-бүлөңүзгө жарака кетире турган ашыкча мамилелерди убагында үзгөнүңүз өзүңүзгө жакшы. Кийин бул чоң чырга айланып кетет.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Саякат учурунда таанышкан адамдарыңыз кийин жакын доско же сүйүктүүңүзгө айланат. Келечекте түптөлчү мамилелердин башталышы дал ушул аптада орун алышы күтүлөт. Кайсы бир адам боюнча чечим чыгарууда шашылыш кадам жасабаңыз, ал адам сиз ойлогондон мыкты болуп калышы толук мүмкүн. Энергияңызды туура жакка сарптап, туура бөлүштүрсөңүз, ийгиликтер көпкө күттүрбөйт. Үйүңүзгө каржылык туруктуулук алып келе турган иш баштайсыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Суу куярлар бизнеске, кыймылсыз мүлккө, кеңсесин оңдоп-түзөөгө акча салса оюндагыдай жыйынтыкка жетет. Ишти баштагандан кийин тайманбаңыз, күмөн ойлорду угуп артка кылчайсаңыз эле жеңилип каласыз. Достор менен уруш-талаш, түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Өзүңүз биринчи кечирим суроого шашпаңыз. Сүйүүдө эрктүүлүк талап кылынат, эгер сүйбөсөңүз жөн эле пайдалануу үчүн жаныңызда кармабаңыз, бирөөнүн сезимдери менен ойногон жаман нерсе.

Балык
(20.02–20.03)

Үйлөнүп, баш кошкон түгөйлөрдүн никеси узакка созулат, андыктан түгөйлөр үйлөнүү тоюнун датасын ушул күндөргө белгилешкени жакшы. Айымдар өзүн өстүрүүгө көбүрөөк убакыт сарпташат, өнөр үйрөнүү, тил ийримдерине, машыгуу залына баруу, сулуулук боюнча процедуралардан өтүү сыяктуу иштер менен алек болушат. Үй-бүлөлүүлөр бири-бирине көбүрөөк эркиндик беришкени туура, баскан-турганын чектеп, шекший берүү алдыда чоң уруш-талашка алып келиши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан