Талак, ажырашуунун оңой жолубу?

Статистикалык маалыматка таянсак, өлкөдө жаңы курулган ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашууга дуушар болот. Бул ачуу чындык, коомду ойлондура турган көрүнүш. Бул жолу мусулманчылыкта аял-күйөөнү заматта чоочун адамдарга айланта турган талак темасына токтолобуз. Талак - жоопкерчиликсиз күйөө үчүн аялдан кутулуунун оңой жолубу? Күйөөлөр аны керт башынын кызыкчылыгы үчүн туура эмес багытта пайдаланып жатышабы? Талак кандай учурда берилет, кайсы учурда өтөт же өтпөйт? Ушул сыяктуу суроолорго адистерден жооп алдык. 

Мээрим Кудайберди кызы: “Вотсаптан талак берип эле башкага үйлөнүп алды”

– Жолдошум 5 жылдан бери Орусияда миграцияда жүрөт. Мен 3 балам менен жаңы конуштардын биринде батирде турам. Акыркы күндөрү күйөөм экөөбүз жетишпестиктин айынан көп урушуп калганбыз, батир акыбыз 7000 сом, ошол акчаны бөлүп-жарып берди, үй кожойкебиз да жүдөп кетти окшойт бизден, “кийинки айда бөлүп-жарбай толук бергиле, болбосо батирди бошотуп койгула” дегенинен күйөөмө айтсам “мен иш жок жатам, бизде азыр текшерүүлөр катуу болуп жатат, ошол салган акчага ыраазы бол” деди. “Анда келе бериңиз да, бул жактан деле иш табылат эле курулуштан” десем келгиси жок. Айтор, бизди тыңгылыктуу бакпайт, же жаныбызда жүрүп балдарына аталык мээрим бербейт. Экөөбүз катуу урушуп кеттик. Ошондо Вотсаптан “талак, талак, талак, мен сени менен ажырашам” деп жазып жибериптир. Ачуу үстүндө айтып алды го деп бир жумадай чалбай жүрдүм. Бир жумадан кийин балдарым чалса, “мен башка аялга үйлөндүм” деп айтыптыр. Өзүм батирде 3 балам менен жашайм, иштебейм, күйөөмдүн салган акчасына жашайт элек. Эми эмне кыларымды билбей башым катууда. Бир айдан бери акча салбайт, телефон чалсак жооп бербейт. Талак айтып эле башкага үйлөнө берсе болобу?

Иманбек Азизилла уулу, дин таануучу: “Талак берүү – Кудай эң жаман көргөн адал иш”

– Сөздүктө талак сөзү “бошотуу”, “ажырашуу” дегенди түшүндүрөт. Ал исламдын алгачкы жылдарынан бери эле бар. Куранда талак Кудай эң жаман көргөн адал иш деп айтылат. Талак кантип туура айтылат? “Сага талак бердим” деп, же ушуга маанилеш ачык сөздөрдү 3 жолу айтуу менен талак түшүп калат. Эгерде маани ачык болбой калса, анда ниетке каралат. Жубайлардын жашап кетиши же жашоого мүмкүн болбой калган жагынан талак – рожий жана баин деп экиге бөлүнөт. Рожий талак катталса, жубайлар кайрадан жашай алышат. Эгерде баин талак болуп, 1 же 2 талак берилсе, нике жаңыртуу шарты менен кайрадан жашап кетүүгө мүмкүн. Эгерде 3 талак анык түшкөн болсо, анда жашоого мүмкүн эмес.

 Талак кандай учурда өтпөйт?

– Адам ичинен талак берсемби жокпу деп күмөнсүрөсө. Сууга же абага “талак” деп жазса да түшпөйт. Негизи эле талак менен ойноо туура эмес. Кээде тамашалап же мас абалында “талак бердим” десе түшүп кала бериши мүмкүн. Муну чоң аалымдар менен кеңешиш керек. “Ооздун жели менен эле ажыраша берсе, үй-бүлөнү бузуу жеңил болуп калбайбы” деп жатасыз. Чынында, динде сөзгө абдан маани берилет. Бул кыргыздын нарк-насилинде деле бар. Сөз адамга гана ыроолонгон жакшылык, мисалы, жан-жаныбарлар сүйлөбөйт. Жан бүткөндүн ичинен адам гана сүйлөп жаткан болсо, анда ооздон чыккан ар бир сөзгө маани берүү керек. Аны жөн гана ооздун жели катары көрүү – жаңылыштык. Талак маселесин кароодо жогорку диний билими барлар да тайсалдайт. Анткени Кудайдын алдында жоопкерчилик өтө чоң. Анан эле диний билими жок интернет колдонуучулары шуулдап эле фатва берип жатканын көрүп зээниң кейийт. Шариятты мынчалык жеңил карабаш керек. Жарандар медиасабаттуу, диний сабаттуу болушу зарыл, эгер талак боюнча талаштуу маселеси болсо интернеттен же “таксыр түсүндөгү” адамдардан эмес, атайын фатва боюнча адистешкен адамдардан сурашы керек. Казыяттарга, эгер алар чече албаса муфтиятка кайрылганы дурус.

Элмурат Кочкор уулу, теолог: “Талакты укуктук ченемдер менен бекитүү зарыл”

– Никелешүү, талак деген исламдагы нормаларды замандын өтүшү менен биз негизги философиясы өзгөрбөй тургандай, бирок дагы да эффективдүү, функционалдуу кылышыбыз керек. Анткени 10 кылым мурункудай,  пайгамбар учурундагыдай үйлөнөм, ажырашам деген нерсе бүгүнкү күндүн мүмкүнчүлүктөрү, укуктук ченемдери менен жаңылыштык болуп калат. Пайгамбар учурунда азыркыдай мамлекеттик структура, ЗАГСты каттоо деген нерсе болгон эмес да, айла жок күбөлөрдүн катышуусу менен чечишкен маселени. Бүгүнкү замандын өнүккөн технологиясы, укуктук нормалары менен үй-бүлөнү жокко чыгаруу рычагын эркектин оозуна байлап коюу, “талак” деген сөзү менен аялынын тагдырын чечип коюу, эркектин эле эгосуна, тандоосуна коюп коюу туура эмес болуп калат. Талакты укуктук ченемдер менен бекитүү анын негизги философиясына каршы келбейт деп ойлойм. Антпесе эркек каалаганда талак берип, каалабаса бербей, балдарына алимент төлөбөй жоопкерчиликтен качып жүргөнгө шарт түзүлөт. Исламдагы бул принцип адамдардын жаман кызыкчылыктарына иштеп калат. Мен адамдардын динге карата ой жүгүртүү форматын өзгөрткүм келет, бул боюнча атайын онлайн курс да ачкам. Себеби бүгүнкү күндүн шарты менен биз 10 кылым мурдагыдай аң-сезимде болуп жатабыз. Биз ал принциптердин негизин алып, азыркы заманга айкалыштырып колдонушубуз керек, мен азыр ушул ойду популяризациялоо аракетиндемин.


Жоробай Шергазиев, диний ишмер:“Талак берүү эркекке гана буюрган нерсе”

– Ислам шариятында талак маселеси жубайлар ортосунда чогуу жашоого эч мүмкүнчүлүк болбой калганда гана айтыла турган сөз. Мүмкүнчүлүк болсо аны өтө ачууң келип турганда да, башка учурда да айтпаганга аракет кылыш керек. Эркектин талак бергени, анын үй-бүлөсү алдындагы жоопкерчиликтен кутултпайт. Талак берип ажырашканда деле үй-бүлөсүн толук кандуу камсыздаганга милдеттүү. Болгону азыркылардын жоопкерчилиги жок болууда. Ачууң келгенде талак берип, кайра ачууң тараганда аялың менен жашай бергидей талак оюнчук эмес. Бизге бул маселе боюнча көп үй-бүлөлөр кайрылышат, талак боюнча Куранда бүтүндөй бир бөлүм жазылган. Ошол жакта бардык эреже, жоболору бар. Мисалы, талак кандай формада айтылды, кандай шартта, андан кийин адамдын ниетин сурайбыз, ал ошол сөздү айтып жатканда чындап эле ажырашууну ниет кылганбы же акыл-эсин ачуусу жаап койгондо айттыбы. Бул абдан кылдат анан назик маселе, талашып-тартышып келген үй-бүлөлөрдү көбүнчө сактап калганга аракет кылабыз. Аял эч качан талак бербейт, аял сурайт, эркек берет. Талак берилгенден кийин аял 3 ай күйөөгө чыкпай турушу керек. 3 жолу айызы келгенден кийин башы бош деп эсептелинет. Ал эми эркек күтпөйт. Эгер аял биринчи ажырашкысы келсе муфтияттын фатва чыгарчу бөлүмүнө же дасыккан диний адистерге кайрылышы керек. СМС, Вотсап менен берилген жазуу түрүндөгү талактар өтө бербейт, биз жазылган ар бир сөздү, ал жазуунун артындагы адамдын ниетин талдайбыз. Бул жерде эң биринчи адам жоопкерчиликтүү болушу кажет, динине, үй-бүлөсүнө жана башкасына. Ошондо талак маселесине жеңил-желпи карабай калат. Эркектин үй-бүлөсүн карабай, жоопкерчиликтен качып, талаага таштап койгону – бул эң чоң күнөөлөрдүн бири.

Насиба Эшмурадова, юридика илимдеринин кандидаты: “Көчмөн кыргыздар аксакакалдар менен кеңешип ажырашкан”

– Ажырашуу көрүнүшүн тереңирээк түшүнүү үчүн тарыхка сүңгүп көрсөк болот. Көчмөн кыргыздардын курган никеси иш жүзүндө бузулбас, урабас, бекем болгон. Анткени ал учурда ажырашуу үчүн жубайлар олуттуу себептерди далил келтириш керек эле. Мисалы, балалуу болбой жатканы, ишеним кеткени, көпкө бири-биринен бөлөк жашаганы, күйөөсүнүн системдүү ур-токмогу сыяктуу себептер далил келтирилген. Аялы идеалдуу болсо да эркек ажырашууну талап кыла алган, бирок мындай өтө сейрек кездешкен. Көчмөн кыргыздардын аял-күйөөсүнүн туугандары бири-бири менен тыгыз байланышта болушкан, көбү ажырашуу алардын мамилесине терс таасирин тийгизет деп чочулашкан. Болбой бараткан учурда да жубайлар дароо ажыраша алган эмес, аксакалдар кеңешип, сүйлөшүшкөн, жубайларга ойлонууга убакыт берилген. Аял киши да жөн эле ажырашууну күйөөсүнөн талап кыла алган, бирок бул учурда балдарды алууга укугу жок калган. Ал эми эркек ажырашкысы келсе аялына аябай көп калың төлөөгө милдеттүү болгон жана балдар аялы менен калган. Исламдагы талак принциби бизге Кокон хандыгынын таасири астында жүргөндө жайыла баштаган. Эркек 3 жолу талак айтып ажыраша алган, бирок балдарды каржылык жактан камсыздоого толук милдеттүү болгон. Шарият бул аялдардын жана балдардын укуктарын коргогон дыкат систем. Болгону аны адамдар туура пайдаланып, жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек.

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан