Белгилүү ырчы Курал Чокоев учурда кызыгуу арттырып жаткан “Жамийла” мюзиклинде Даниярдын образын аткарып жаткан чагы. Маектешүүгө барсак аталган мюзиклге даярдык көрүп жатыптыр. “Мен абдан бактылуумун, анткени эки кесибимди бир сахнада айкалыштырып жатам, мюзиклде роль аткаруу мен үчүн чоң тажрыйба. Ал эми концерттерибиз аншлаг менен өтүп жатат”,- дейт Курал мырза.
– Саламатсызбы, Курал мырза? Сизди ырчы катары да, актёр катары да сахнадан көрүп жатабыз. Айтсаңыз, “Жамийла” мюзиклинде башкы роль сизге кандай шартта сунушталды?
– Куш келипсиздер. Өзүңүздөр көрүп жаткандай, азыр даярдык учуру, кечинде “Жамийла” мюзикли коюлат. Кечээ күнкү концерт аншлаг менен өттү. Мюзиклден кийин кетпей 15 мүнөт элдин кол чаап турушу бардык актёрлорго дем-күч, энергия берип, бардык чарчаган, кыйналган учуруң унутулуп, жасаган эмгегиңе ыраазы болуп калат экенсиң. Мен былтыр күзүндө Улуттук филармонияга солист катары жумушка киргем. Келгенден 3 айдан кийин эле “Жамийла” мюзикли коюлат деп калышты. Ырдатып көрүп Даниярдын образына мени жактырышты. Билесиздер, кесибим актёр, 5 жыл Искусство университетинде актёрдук чеберчилик боюнча окугам. Кийин улуттук консерваторияда 6 жыл сырттан окуп музыкалык билим алдым. Мына, ушул нерсе да тандоо учурунда роль ойноду окшойт. Анткени мюзиклде ырдоо менен кошо актёрдук чеберчилигиң да каралат. Мен азыр абдан бактылуу болуп турам, анткени эки кесибимди бир жерде айкалыштырып жатам.
– Чыгармачылыгыңызда жакшы өзгөрүүлөр болуп жатыптыр. Буга чейин башка тармакта иштегенге да аракет кылып көрдүңүз окшойт?
– Ооба, бирок Улуттук филармонияга солист болуп келгенден тарта чыгармачылыгымда прогресс, процесстер жүрө баштады. Азыр эл мюзиклде аткарган Даниярдын сүйүү ырларын суранып жатышат. Буга чейин көп эле тармакта иш баштаганга аракет кылып көргөм. Медициналык борбор ачкандан тарта кийим сатканга чейин. Бирок ал жак жемишин бергиче эле чыдабай, ырдайм деп концерттерге, тойлорго кетип калып жетиштүү көңүл бура албай калдым окшойт. Ысык-Көлдө 2 жылдай пансионат иштетип көрдүм. Бизнести эптесе болот, бирок баары бир чыгармачылык жүрөккө жакын. Алаксыбай бир тарапты эле жөндүү алып кетейин деп чечтим. Жумушуңду сүйүп жасап, ошол ишиң акча алып келсе – мына ошол ырахат. Миллиондоп акча таап деле көөдөнүң бош бойдон калса, бактылуу болбойт экенсиң.
– Жандуу үн менен ырдай аласыз, “фонограмманын жоюлганын колдойм” дегениңиз да ошондон болуш керек. Эгер жандуу үндө ырдоо боюнча баттл өтсө кыргыз эстрадасынан кимди чакырмаксыз?
– Баттл деген нерсени жаман көрөм өзү. Бирөө менен жарышып “мен кыйын ырдайм” деген нерсе менде тээ сахнага жаңы чыккан кезде бар болчу. Сынактардан башым чыкпай эле жүрчүмүн. Андан бери канча убакыт өттү, тажрыйба топтодум, акыл-эс кирди, азыр мен бирөөгө эмес, өзүмө-өзүм кыйындыгымды далилдей турган убактамын. Мурун “мен кыйынмын, мен жакшы ырдайм” деп бирөөгө эрегишсем эле утулуп кала берчүмүн. Жөнөкөйлүк улуу нерсе экен. Сынактардан көп жолу 1-орунду, Гран-прилерди алып жүргөм. Байкасам, көп учурда сынакка катышкан катышуучуларды жакшы талдаганды билчү экенмин. Анткени баарынын кантип, кандай темада ырдаганын талдап отурчумун да. Сынакта муңдуу ырлар көп ырдалса, мен дароо шаңдуу ырдап, сахнадан тизелей калып, айтор, калыстардын көзүнө илингенге аракет кылчумун. Жеңиштеримдин көбү талдоо жүргүзгөндү билгеним үчүн келген десем болот. Мен достук баттлга чыгышым мүмкүн, каалаган жанрда, каалаган тилде ырдаша алам, “любою” келе берсин.
– Дарегиңизге мактоолор менен катар сын-пикирлер да көп жазылат, кайсынысына бат реакция кыласыз?
– Бул эми жакшылык менен жамандык чогуу жүргөндөй эле нерсе. Азыр мен позитивге көп басым жасайм. Мурун жаман комментарийлерге тез реакция кылчумун. Галустян айткандай, баарына эле жага бербейсиң да, баарынын эле табити жакшы эмес (күлүп). Бирок жаман комментарийлер жазылбаса баракчаңдын активи өспөйт. Бул деген хейтерлериң болмоюнча популярдуулугуң өспөйт деген сөз. Андыктан эки тарап тең аман болсун.
– Кепти үй-бүлө темасына бурсак. Кызыңыз менен тарткан видеороликтериңиз соцтармакта көп көрүү топтоп жатат, ал да таланттуу окшойт?
– Ооба, улуу кызым 4 жашта, ырдайт, бийлейт, мени текшерет “каякта жүрдүң, эмне кылдың?” деп. Жумушта жүрсөм видеобайланыш аркылуу чалып, “кайсы жерде, ким менен отурасың, көрсөтчү” деп “разведка” кылып коёт. Дуэт ырдаган кыздардан кызганат, айтор, мени зериктирбейт. Өткөндө апасы менен мюзикл көргөнү келип “атам бул актрисанын күйөөсүбү? Жетелеп кетти го...” деп түшүнгөндөй апасынан улам сурап, мени карап отуруптур. Кичүү кызыма 1 жаш 3 ай болду, ал да менин клиптеримди көрсө кечке тиктеп отура берет. Экөө тең чыгармачылыкка шыктуу. Ал эми улуу баламды бир аз дисциплинага көнсүн деп аскерге жөнөттүм. Балам 20га чыкты, келечекте учкуч болгусу келет. Буюрса, күзүндө аскерден келсе иштейби же окуйбу кеңешебиз. Аскерден келсе менин жанымда эле болот го деп жатам.
– Кызым кызганат деп калдыңыз, жубайыңызчы?
– Жубайым ажыдаар да (күлүп). Жубайым чыгармачылыгымды түшүнөт, колдойт дегеним менен кызганыч, албетте, болуп турат. Мен деле айтып жатам “сахнадан ушинтип сүйүш керек, жашоодо сени эле сүйөм” деп. Кээде чарт-чурт болуп турат, электр зымдары күйүп келе жатканда изолента менен байлап турам.
КЫСКА-НУСКА
– Хейтерлерге фейк аккаунт менен жооп жазасызбы?
– Жок, кээде гана. Келинчегим менен урушуп кетсем, жиним келип турганда жазып жиберишим мүмкүн.
– Жубайыңызды алдайсызбы?
– Кичине алдап коюшум мүмкүн.
– Эң кымбат костюмуңуз канча сом турат?
– “Көк бөрү” деген ырымдын клиби үчүн костюмду 1000 долларга тиктиргем.
– Жубайыңыздын телефонунун сыр сөзүн билесизби?
– Билем. Ал да меникин билет.
– Сахнада ырдап жатып ырыңыздын сөзүн унутуп койгон учур болгонбу?
– Болгон. “Ой, сөзүн унутуп койдум, кана силер ырдап койгулачы” деп микрофонду элге сунуп абалдан чыгып кетем.
– Тойлорго буюртма азайдыбы же көбөйдүбү?
– Азайды, анткени мен “ставка” коюп койдум. Мурун берген акчасына эле ырдап коё берчүмүн.
– Үйдө акчаны ким кармайт?
– Үйдө акча тура элек. Бирок көбүнчө өзүм кармайм. Жубайыма берсем бат эле иштетип салат (күлүп).
– Ашканада кандайсыз?
– Келинчегим тамак жасаттырбайт, кафеден тамактанам.
– Кой союп, жиликтегенди билесизби?
– Жок, шыйрагын гана кармап бере алам.
– Эл билбеген өнөрүңүз барбы?
– Устачылыкка шыгым бар.
Лунара Бекиева