Каарманым – жарандык активист Эртай Искаков. Элдин калың катмарына таандык көйгөйлөрдү жарыялап, аны чечүү жолдорун издеп, айтор, коомдук-саясий абалга кайдыгер эмес. Мисалы, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды мурдагыдай эле шартта киргизүү керек деген демилгенин активдүү жактоочусу.
– Эртай мырза, сот иштериңиз бир топко созулду окшойт...
– Сот ишибиз 9 ай дегенде бүттү. 67 күн абакта отурсам, калган убакта үй камагында болдум. 9 ай колго кишен салгандай абалда жүрдүк. Акыры мыйзам чегинде акталып, сот мени күнөөсү жок деп тапты.
– Сизге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын айтып өтсөңүз?
– Өзүңүздөр билгендей, коомдук иштерде активдүүмүн. Көйгөй жаралса жарандык активист катары мени көптөр чакырышат, “үнүбүздү жогору жакка жеткирип бер” деп. Былтыр 14-июль күнү жарандар чалып, “Селекцияда суу маселеси боюнча жыйын болуп, эл чогулуп жатат. Келип видеого тартып, чагылдырып бербейсиңби” деп калышты. Барсам 50дөй милиция кызматкери, 100 чакты жаран бар экен. Элдин көйгөйүн видеого тартып, жергиликтүү бийлик башчыларына байланыштым. Ал ортодо райондун акими келип, чогулган эл ал киши менен талашып-тартышты. Жетекчилер ошол күнү Селекция районунун жашоочуларына таза суу бермей болушкан. Ошентип тарап кеттик. Түндө тургундардын бири менен байланышсам суу берилиптир чын эле. Эртеси мага Сокулук райондук милициясынан чалып, күбө катары сурак берүүгө чакырышты. “Ысык-Көлгө бараткам, келгенде барайын” дегем. Болбой эле эки унаада келишип мени жолдон кармап кетишти. Күбө катары сураласың дешкен, кийин шектүү катары катташты. Айтор, элдин көйгөйүн чагылдырам, коомчулукка жеткирем деп ушул ишке илинип калдым. 13-июль күнү Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер катары документимди тапшырган элем, 15-июлда кармап кетишти. Бирок абакта отурганыма карабай шайлоого онлайн катыштым, эч кандай үгүт иштерин жүргүзбөй 25 талапкердин арасынан 5-орунду алдым. Учурдан пайдаланып шайлоочуларыма ыраазычылык билдирем. Ар бир эркектин башынан мындай татаал учурлар өтөт, абак бирөөгө жаза, экинчисине тарбия, үчүнчүсүнө сыноо катары келет экен. Мага тарбия катары келген го деп койдум.
– Оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүнү жактагандардын сап башындасыз. Маселе оң жагына чечилчүдөйбү?
– Туура, оң рулдуу унаалар боюнча 1,5 жыл иш алып бардык, атайын коомдук бирикме түздүк. Бул маселени бир нече депутат парламенттен да көтөрүштү. Тилекке каршы, демилгебиз бүгүнкү күнгө чейин ишке аша элек. Биз 3 талап койгонбуз. Биринчиси – оң рулдуу унааларды киргизүүгө чектелүү убакыт берүү. Экинчиси – Кыргызстанга кирип калган 100 миңден ашуун чет мамлекеттик унааларга мамлекеттик номерлерди берүү. Үчүнчүсү – жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик деңгээлде системдүү иш жүргүзүү. Биринчи талабыбыз токтоп турат. Автоамнистия боюнча мыйзам долбоору даярдалган, учурда экинчи окуудан өттү. Балбак авам (ред.: Түлөбаев) айткандай, “толтура акча биздин көчөлөрдө жүрөт”, ошолорду мамлекет алып иштетсин да. Эртеби-кечпи бул демилге колдоо табат деп ишенем. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы оң рулдуу унааларга каршы чыгып жүргөн, жол кырсыктарынын 60 пайызы оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатат деген маалымат таратышкан. Ал жетекчи жумушунан кетти, азыркылар тескерисинче “жол кырсыктарынын 92 пайызына айдоочулар күнөөлүү” деген статистиканы айтып жатышпайбы. Мына ушул туура, унаа бул аспап сыяктуу да, кандай башкарсаң ошондой жүрөт. Руль оң жагындабы, сол жагындабы, айырмасы жок, унаанын дөңгөлөгүнөн же үлгүсүнөн улам кырсык болбойт да. Оң рулдуу унааларды алып киргенде, айдатпастан дароо рулун оңдон солго котортуп, анан колдонууга беришибиз керек деп эсептейм.
– Коомдук коопсуздук, зордук-зомбулук боюнча да дайыма пикир билдирип келесиз...
– Сузакта 3 миңдей окуучуну тоого "Манас" айттырганы алып барышып, алардын коопсуздугун 2 гана милиция кызматкери караптыр. Бул – шалаакылык да. Бизде коомдук коопсуздукту мамлекеттик жыйындар, концерт болгондо эле карашат, калган учурда эл чогулган жерлерди көзөмөлдөө деген нерсе жок. Чет өлкөлөрдө коомдук коопсуздукту караган атайын бөлүм иштейт. 9-май күнү Чолпон-Атада да ушундай резонанстуу окуя болмок экен, Кудай сактаптыр. Ушундай күтүүсүз окуялардын алдын алчу чараларды көрүп турушубуз керек, бул кандайдыр бир белги, балким. Ал эми зордук-зомбулук боюнча, бизде мыйзам иштебегендиктен көп жарандар “боло берет” деген аң-сезим менен жашашат.
Кечээ Ош шаарында түн жарымда аял кишини бир эркек сабап жатканы тартылган видео тарады. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип чара көрүшкөн эмес. Эртеси видео интернетке тараганда гана сабаган эркекти таап, бейбаштык беренеси менен 3 айга камакка алышты. Ал эми сабалган жаран анын аялы экен, ал тескерисинче, күйөөсүн эмес, ошол видеону интернетке тараткандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн арыз жазыптыр. Жакында эле 3 жашар кызды өгөй атасы сабап, иттин уясында жаанда, таң аткыча жаткан экен. Кыздын 11 кабыргасы сыныптыр, денесинде көк ала тактар бар. Ушуга карабай кыздын апасы “тосмо арыз жазып берет элем?” деп жактоочу издеп жүрөт. Балыкчыда окуучуну унаасы менен сүзүп качып кеткен жетекчилик кызматтагы милиция өкүлүнө жабырлануучунун атасы тосмо арыз жазып берип коюптур. Карасаңыздар эми, ушул кантип болсун, коомду тарбиялашыбыз керек. Мыйзамды иштетүү зарыл. Коомчулукка чыккан бардык резонанстуу окуялар боюнча тосмо арызына карабай кылмыш ишин козгош керек. Болбосо акчасы барлар чыгып кетет, тоок уурдагандар камалат.
– Жеке кызыгууларыңыз тууралуу сурагым келип турат, буга чейин эмне иштер менен алек болгонсуз?
– 6 жыл архитекторлукка окугам. 1-классымдан эле ишкерлик кылып, маркаларды сатып баштагам. Лыжамды ижарага берчүмүн. 4-классымда Каракол базарында араба түртүп иштедим, бир мүшөк унду базар сыртына 5 сомго жеткирип берет элем. Пенопласттан коробка жасап, балмуздак да саттым. Атам сүрөтчү. Ал кезде шаарда баннер деген түшүнүк жок болчу, кездемеге боёктор менен жазып сүрөт тартып, кафе-ресторандардын жарнамасын тартып берет элек. Чек арада Казакстанга өтөбүз деп турган апалардын, эжелердин сумкаларын ташып өткөрүп акыбызды алчубуз. Айтор, жаштайымдан эмгек кылып өстүм. Азыркы аракеттерим бир аз масштабдуураак, эл үчүн кылсам, иштесем, элдин керегине жарасам деген ниетим бар. Ал эми ичиңдеги ойлорду ишке ашырып, элдин көйгөйүн чечиш үчүн сөзсүз жогору жакка барышың керек экен.
– Үй-бүлөңүздү качан түптөгөнсүз?
– 26 жашымда үйлөнгөм. Негизи эркек кишинин эрте эле үйлөнгөнү туура экен, балдары өзү менен кошо чоңоюп калат. Учурда 2 кызым бар. Буга чейин жүзүмдү элге көрсөтпөй эле блогерлик кылчумун. 2021-жылдан кийин жүзүмдү ачык көрсөтүп чыга баштадым, анткени жасаган, кылган иштериң ишенимдүүрөөк болот экен.
Лунара Бекиева