(Башы өткөн сандарда)
Канат түн бир оокумда ойгонуп кетип, телефонун караса Жанат чалган экен. “Эмне болду экен?” деп чалса тиги жооп берген жок. “Жөн чалбайт эле” деп тынчсызданып жатты. Уйкусу качып, ордунан турду да, кийинип алып машинесин айдап Жанаттын үйүнө жөнөдү. Эшигин каккылады, эч ким ачкан жок, бир топко каккылап туруп эми кетейин дегенде коңшусу чыкты.
– Эй, бир тынчтык бересиңерби, ыя? Эми эле уктадык. Кайра келип эшикти тарсылдатасыңар да. Кандай немесиңер, ыя? Көчүп келгенден бери силердин айыңардан тынчтык жок,- деп сүйлөнө баштады.
– Саламатсызбы?- деди Канат токтоо.
– Салам айтып коёт дагы, жанагы Жанат деген немеге аябай окшош экенсиң, иниң болобу же агаңбы?
– Иним.
– Такыр уяты жок адам экен. Ата-энеңер кантип тарбиялаган силерди билбейм.
– Эмне болуп кетти?
– Ай, көчүп келгенден бери эле аялын ура берип кууратты. Тим эле ак көйнөк менен укмуш кылып алып келбеди беле. Бир ай өтпөй башташты концертти. Күндө жаңжал, тынчтык жок. Бүгүн көчөдө келинчегин өлөрчө сабап салып, аны көргөндөр “Тез жардам” чакырып, тигини милицияга салып беришти. Эми тынчыса кайра сен келип тынчыбызды алып жатасың.
Канаттын жүрөгү шуу дей түштү. Шооланын кансырап жерде жатканы көз алдына тартылды. Чуркап чыгып Шооланы алып кеткен ооруканага жөнөдү. Таң агарып бара жаткан, операцияга киргизишкен экен. Аны укканда дубалды бир уруп алды. “Мен билгем, бул акмак кызганычтан жинди болуп кала турганын билгем. Шоолага кол көтөрбөсө керек деп ойлогом. Жанат, сен муну да кылдыңбы?” Ызасы алкымын бууп, көздөрүнө жаш толуп бара жатты. “Кантип, кантип ага кол көтөргөнгө колу барды?” деп жатты кайра-кайра. Адамда кээде ушундай бир чарасыз абал болот. Миң кыйын болсоң да эч нерсени өзгөртө албай калган учурда каласың. Канаттын башына ушул учур түштү. Шооланын өмүрү кылдын учунда турганын билгенден тартып чарасыз абалда калды. Ошол учурда жакын жердеги мечиттен азандын үнү угулду. Жоготкон жогун тапчудай мечит жакка чуркап жөнөдү. Ибадатын кылып Шооланын өмүрүн сурап жатты. “Жаратканым, сенден кудуреттүү эч ким жок. Сен Шооланын өмүрүн сактап кал. Мен сенден суранам” деген сыяктуу мааниде жалынып-жалбара берди. Көзүнөн жаш куюлуп жатты. Калтыраган колдору менен көз жашын аарчып алып, кайра жалына берди. Бир сааттай убакыт өтүп кетиптир. Өзүнө келип, жүзү-башын жууп, кайра ооруканага барды.
– Сиз сурап жаттыңыз беле, Шоола деген келиндин абалын?- деди алдынан чыккан врач.
– Ооба, мен.
– Шүгүр, операция ийгиликтүү болду. Коркунуч жок. Оорулуунун абалы стабилдүү. Бир аздан кийин палатага которобуз.
– Рахмат, чоң рахмат сизге...
– Эч нерсе эмес. Жакындарынан сиз элесиз го, ээ?
– Апасы бар.
– Кабар берип коюңуз, кабатыр болбосун.
– Мен көрсөм болобу?
– Жок, азырынча уруксат бере албайбыз. Өзүнө келгенде карап, байкап анан палатага которгондо көрсөңүз болот.
Канат шалдырап отуруп калды. Бир аздан кийин эсин жыйып Шооланын апасына телефон чалып, болгон окуяны айтты. Андан кийин өз ата-энесине кабар берди.
ххх
Шоола наркоздон ойгоно албай жатты. Бир наристенин үнү угулгансыйт. Деги эле өмүрүндө балага аралашканы эсинде жок. Ким бул? Бирок ыйлаган үн катуулап өзүнө чакыргансып жатты. Эмнегедир сезимине бул ыйлап жаткан бала өзүнүкүндөй сезилди. Кандайча бул? Анын баласы жок эле го. Көзүн акырын ача берди. Апасы анын колдорун кармап турган экен.
– Апа?
– Кызым!
– Мага эмне болду?
– Акырын, катуу кыймылдаба, азыр врачтарды чакырайын. Сага андан кийин баарын түшүндүрүп берем.
Врачтар кирип баары жайында экенин айтышты. Ошондо гана Шоола Жанат анын өмүрүнө кол салганын билди.
– Эмнеге эч нерсе айткан жок элең, кызым?- деди апасы ыйлап.
– Айтканда эмне? Сен эле кыйналмаксың. Өзүмө кошуп сени капа кылгым келген жок.
– Мен Жанат деген акмакты өз колум менен өлтүрөм. Көз мончоктой аздектеп, өмүрү колум тийбеген кызымды ушундай абалга жеткирген акмакты, мен түрмөнүн түбүндө чиритем.
– Апа, эмне кыласыз. Сот аркылуу ажырашабыз. Ошону менен бүтөт баары. Сиз аны жайына коюңуз,- деди Шоола акырын гана.
– Сен өлүп калсаң эмне болмок?- деди апасы ыйлап.
– Сиз кайдан уктуңуз.
– Канат телефон чалды.
– Ал кайда азыр?
– Сыртта турат.
– Мага чакырып коёсузбу?
– Эмне кыласың кызым, ага-ини экөөнү тең жашооңдон жогот.
Шооланын көз карашын кыя албай апасы ордунан турду. Бир аздан кийин Канат палатага кирди. Купкуу болуп жаткан Шооланы көрүп көзүн ала качты.
– Көзүңдү ала качпа! Мунун баарына Жанат эмес, сен күнөөлүүсүң.
– Кечир, мен анын мынчалыкка барарын билген эмесмин.
– Жанатпы? Жанат көп болсо мени уруп залал келтирди. А сен мага өмүр бою урбай, жаман сөз айтпай туруп зыян берип келе жатасың. Сени жашоомдон жолуктурган күндөн бери азабым болдуң. Демек, экөөң тең күнөөлүүсүң. Мен сен деп жашап келдим. Атүгүл турмушка да сен үчүн чыктым.
– Суранам, Шоола антип айтпа.
– Сен коркоктук кылдың. Көп жылдар мурун, сен менден Жанат үчүн баш тартып кеткениңди билсем, балким, баары башкача болмок. Ошондо эле айтышың керек эле. Менин үмүтүмдү түбүнөн кесишиң керек болчу. 10 жылдан кийин келгенимде билдим. Жанат үчүн мени курмандыкка чалганыңды. Отко ыргытып жибергениңди. От болуп жатканымды көрүп туруп эч нерсе кылбаганыңды. Ыза болдум. Сени жазалагым келди. Ар күнү мени иниң менен көрүп сени мендей азап чексин дедим. Андай болгон жок. Кайра эле мен тузакка түштүм. А сен өз жашооң менен жакшынакай жашап жатасың. Эч нерсе болбогон, тагдыры талкаланбагандай башка бир адам менен кол кармашып турганыңда мен сени жек көрдүм. Ооба, сен ал кыз менен бактылуу болосуң. Балдарыңар да көп болот, атактуу спортчуларды экөөлөп тарбиялап элиңерге кызмат кыласыңар. А менчи?
– Шоола, сен ойлогондой эмес баары. Мен да тагдырдын бир курмандыгымын. Ушундай болсун деп ойлоду дейсиңби? Мени бактылуу дейсиңби? Жок! Бирок жолду улантыш керек. Жалгыз болобу, башка бирөө менен болобу жолду улантыш керек.
– А менчи?- деди Шоола тике карап. – А мен ушинтип кала беремби? Сени жек көрүп жаткан учурда да сүйүп жаткан мен мындан ары кантип жашайм?
– Антип айтпа, суранам,- деди эки бетин алаканы менен баскан Канат.
– Корк! Дайымкыдай коркоксуң. Сезимдериңден коркуп жатасың. Мага кенедей да бооруң ачыган жок. Болгону өзүңдүн абийириңди ойлоп жатасың. Элдин баары сени эч кимден коркпойт деп ойлошот. Эгерде билишсе...
– Сага деген сезимдеримди сен Жанат менен никеге турган күнү муунтуп, коколоп, жүрөгүмдөн түп тамыр менен жулуп эч ким көргүс жерге ыргыткам. Ишен, мага. Ошол күндөн баштап сен мага инимдин аялысың. Андан башка эч нерсе жок, болбойт дагы... Эч нерсе калтырган жоксуң карманганга.
Шоола көзүн жумду. Ооба, муну Канат айтпаса да эбак билиши керек эле. Акыркы кармана турган нерсеси калбаган экен бул жашоодо. Эми жашап эмне?..
(Уландысы кийинки санда)