Саясий жаңылыктар

Бишкекте Кыргыз-Малайзия кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстанга 14-майда Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий иш сапары менен келди. 15-майда ал президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кыргыз-Малайзия алакасынын азыркы абалы жана келечеги талкууланганы жарыяланды. “Азыркы учурда биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтыгы баштапкы баскычта турат. Эгер күч-аракетти бириктирсек, келечекте жакшы жыйынтыктарга жетишебиз деп ишенем”,- деди Садыр Жапаров.

Жолугушуудан кийин Кыргыз президенти Малайзиянын өкмөт башчысынын сапарын тарыхый мааниге ээ деп баалады.

– Анвар Ибрагимдин сапары Кыргыз-Малайзия кызматташуусунун тарыхында жаңы барак ачылганын белгилейт. Айыл чарба, туризм, энергетика, тоо-кен, инфраструктура, маалымат технологиялары жана башкалар боюнча сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиакаттам ачуу боюнча да талкуу орун алды,- деди Жапаров.

Анвар Ибрагим Кыргызстан менен банк, билим берүү тармагында кызматташууга да кызыкдар экенин билдирди.

Чудиновду кызматка дайындаган министр эскертүү алды

Энергетика министрлигине караштуу “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына жетекчи болуп Игорь Чудинов дайындалып, 1 күн өтпөй кайра кызматтан бошотулду. Тагыраагы, Чудиновду кызматка дайындаган буйрук президент тарабынан жокко чыгарылды. Аны кызматка дайындаганы үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраевге президент Садыр Жапаров эскертүү берди, Чудиновдун аталган дирекцияга жетекчи болгонун президент билген эмес деп маалымат таратты 14-майда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов. Энергетика министринин башка буйругу менен “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына Равшанбек Касымов жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Игорь Чудинов коомчулук “бакиевчи” деп жектеген саясатчылардын бири. Ал 2007-2009-жылдары өкмөттү жетектеген. Буга чейин бир катар кылмыш иштеринде аты аталып, 2021-жылы “Кумтөр”, андан кийин Адахан Мадумаровдун иши боюнча күбө катары Башкы прокуратурада суракка алынган. Энергетика министрлиги аны кызматка дайындаган чечимин “тажрыйбалуу” деген жүйөгө байланыштырды.

Былтыр 8 судья иштен айдалган

2023-жылы өлкөдө соттордун үстүнөн 700 арыз, даттануу түшкөн. Бул тууралуу 15-майда парламент жыйынында Жогорку Соттун судьясы Кыдык Жунушпаев билдирди. Түшкөн арыздар боюнча 35 судья жоопкерчиликке тартылып, 8 судья кызматтан бошотулганы айтылды.

Жыйында “Соттордун статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору каралды. Депутат Надира Нарматова сот системи тышкы күчтөргө көз каранды болуп калды деп сындап, “ушул мыйзам кабыл алынса эле соттор адилетүү болуп, чечимдерди өз алдынча чыгарып калышат деп кепилдик бере аласызбы?” деген суроо узатты. Кыдык Жунушпаев “эгер ушул конституциялык мыйзамды кабыл алып берсеңер ар бир судьянын жоопкерчилиги күчөйт” деди. Ошондой эле соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо багытында 2023-2026-жылдарга карата атайын программа иштеп жатканын, сот системин акырындык менен тазалоо жүрүп жатканын айтты.

Депутат Нарматова адамдык фактор жокко чыгарылмайынча адилеттик орнотууга мыйзамдын күчү жетпейт дейт. “Кандай алтын мыйзам кабыл алсак да, анын аткарылышы аксайт”,- деди депутат.

Жанар Акаев окуучуларды саясий иш-чараларга тартууну сындады

Депутат Жанар Акаев парламенттин 16-майдагы жыйынында өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулуктар көп болуп, окуучуларды массалык иш-чараларга тартуу тыйылбаганын айтып чыкты. Депутат балдар зомбулукка кабылган бир нече окуяны мисал келтирип, 2 жашар баланы сабаганы үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган бир жаранды Жогорку Сот жакында үй камагына чыгарганын айтты. Ошондой эле Акаев мектеп окуучуларын “чоңдорду” тосууга тартылып жатканын сындады.

– Балдарды декорация катары колдонуп чиновниктерди тосуп алган окуялардын баарын сүрөт, видеого тартып жарыялаш керек. Буга таптакыр жол бергенге болбойт. Кышкы ызгаарда колуна гүл карматып көйнөкчөн тургузуп коюшат. Маданий, массалык иш-чараларга катышып жатып эси ооп кулаган балдар дагы бар. Бул боюнча радикалдуу кадамдарга барыш керек,- деди Жанар Акаев.

Айта кетсек, мектеп окуучуларын чиновниктерди тосуу сыяктуу массалык иш-чараларына катышуусун токтотуу боюнча буга чейин көп жолу талаптар айтылып, бирок бул көрүнүш иш жүзүндө токтой элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан