Жоголгон жылдар... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айзаданын мынча убакыттан бери үйүнө кайтпаганы Аманы абдан таң калтырды. Издейин дейт, кайдан издерин билбейт. Милицияга кабар берсемби деп ойлонот, кайра өз артынан коркот. Кечээ эле араң кутулуп чыктым го, дагы бир нерсеге илешип алып отурбайын. Келсе келип калар, келбесе да көрөрмүн деп оюн жыйынтыктап Айзаданын үйүндө жашоосун улантып жатты. Адам оңойго бат көнөт эмеспи, Аман башка иш жасабай эле, баягы сайттан канча акча түшсө ошону эле карап отуруп калды. Мурдагыдай тытынып такси кылмай, жагдайы келсе курулуш иштерин жасамай деген нерселердин баары калды. Үстүндө белен үй, баары жакшы. Бир гана аны түпөйүл кылган, ойлондурган нерсе үй-жайын таштап, кат-кабарсыз Айзаданын жоголгону...

xxx

Шамэл коңшу айылдагы бир иши бүткөнчө эле дагы бир ишке буюртма түштү. Эми эле ишин жыйыштырып кетүүгө камынып жатканда мектептин короосунун ичине бир машина келип токтоду. Шамэл ага көп деле көңүл бурган жок. Велосипедине кол баштыгын илип өз иши менен алек. Чачын төбөгө түйгөн, костюм-юбканы кийген, тыпырайган орто жашап калган аял аны утурлай келе жатты. Башын көтөрүп эки курдай карап койду Шамэл. Акыры өзүнө келе жатканын аңдаганда кийимин силкине түзөлүп туруп калды. Ага келген айым ошол айылдагы бала бакчанын директору болуп чыкты. Аял өзүн тааныштырган соң бакчанын бир бөлмөсүнүн дубалына сүрөт тарттыралы деген ою бар экенин айтты. Шамэл иштен баш тарткысы келген жок, аялдын сунушун кабыл алып, өзү айткан суммасына көнүп тартып бермей болду.

Аял коштошуп, Шамэлдин телефон номерин жазып алып келген унаасына отуруп жөнөп кетти. Шамэл аны узата карап турду да, велосипедин жетелеп көчөнү көздөй жөнөп кетти. Бул жолдо аны күткөн бир карыя бар. Жумуштан кетип бара жатканында дайыма жол боюнда аны тосуп алат. Ал карыяны деле мурда-кийин көргөн эмес. Болгону ак сакал кишиге учурашып коёюн деп амандашып өтчү. Шамэлдин бул кадамын жактырып, ыраазы болгон карыя аны өзү  кепке тартты. Чоо-жайын сурады. Ошентип экөө күнүгө бир маал баарлаша турган болушкан. Шамэл азыр дал ошол карыя отурган жол жээктей жайгашкан сөрүнүн жанына келип токтоду. Карыя аны күткөндөй шашыла басып аны утурлай келе жатты.

– Ой, Шамике, сени келер маал болуп калды, чай койдуруп коёюн деп киргем.

– Ассалом алейкум, аба? Чайды жөн эле койбопсуз да.

– Алейкум салам. Жөн койчу беле, чай үстүндө кобурашып отурганыбыз жакшы эмеспи. Ишиң жакшыбы?

– Жакшы, аба. Бүгүн дагы бир ишке буюртма алдым.

– Биздин айылдан элеби?

– Ооба, экөөбүз дагы көпкө кобурашабыз, аба.

– Жакшы болгон турбайбы. Өнөрлүү өлбөйт деген ушул, балам, Кудай сага сүрөт тарта турган шыкты берген турбайбы. Ушул өнөрүңдү аздектей бер, балам,- Карыя гөлөчүн чечип сөрүгө чыгып ордуна отурду.

–Шамике, бул жакка өт,- деп оң тарабына кол жаңсады. Алар жайгашып болгон соң келини нан-чайын көтөрүп келип коюп берди.

– Кудай тилегиңди берсин, балам, биз өзүбүз куюп иче беребиз, барагой,- деп келинин алкап коё берди карыя. Шамэл чайнекти өзүн көздөй тартты да, карыяга чай куюп сунду.

Эртеден кечке зериккен абышка ар нерсени сурап, андан мындан кеп баштап отуруп Шамэлдин абакка эмне болуп түшкөнүн да сурап жетишти. Шамэл кыскача, үстүртөн окуянын чоо-жайын айтып берди.

– Алда, балам ай, көрбөгөнүң калган эмес турбайбы. Жаштыгыңдын баарын абакта өткөргөн турбайсыңбы. Балдар, силер, ата-эненин айтканын уксаңар кана? Менин ыраматылык уулум дагы тил укпай жүрүп өлүм таппадыбы. Тиги келиним мени таштаган жок. Неберелеримден айрыбай ушул жерде жашап келе жатат. Турмуш кур десем болбойт. Ага турмуш кур деп жатканым менен, анын кетип калышынан корком, ушул жерде ушул жашымда кантип как баш болуп жалгыз калам. Бул чөйрө деген адамдын тагдырын, бүтүндөй турмушун жасап коё турган нерсе экен. Дос-таанышты иргеп күтпөсөң кесепетин көрөт экенсиң. Илгери акылмандардын бири айткан экен. Жаратканга тобо, ыйман келтиргенден кийин эле максатың бул жакшы, чынчыл дос күтүү болсун дептир. Чынчыл, жакшы дос бул мөмөлүү дарак сыяктуу да, түбүнө отурсаң көлөкөлөйсүң, жамгырдан далдаланасың, мөмөсүн жесең курсагың тоёт. Эгер эле таптакыр пайдасы тийбей жатса андан зыян көрбөйсүң. Өзү бир адамдын башкага пайдасы тийбесе дагы, зыянын тийгизбегени бул эң зор нерсе болот. Ошон үчүн эми жакшы адам бол, зыяның эч кимге тийбесин. Кудай сага жакшы жарды кезиктирип, ошону менен очор-бачар болуп үй-жай, мал-жан күтүп жакшы жаша,- деп карыя сөз аягы көктү карап бата кылып койду. Шамэл абышка менен жылуу коштошуп, өз айылын көздөй жөнөп кетти.

 

xxx

Алтынай эс алуудан кайтканы катуу өзгөрдү. Дайыр мурдакыдай ээн-эркин Алтынайдын ата-энесинин үйүнө кире албай калды. Телефон чалуусун мурдакыдай албайт. Керели-кечке чалат Дайыр.

– Эмне мынча чаласың? Эмне керек сага?- деп салкын гана жооп берет Алтынай. Баары Дайыр күткөндөн тескери болуп чыкты. Эшиктин алдына келгенде мурда киргизип койгон Алтынай азыр “тынчыбызды алып жатат деп милиция чакырам, ушундайыңда кетип кал” деп кыйкырат. Дайыр Алтынайдан мындай мамилени күткөн эмес, ушунча жылдан бери анын мындай ачуулуу мүнөзүнө кабылган эмес. Алтынай көп ойлонуп ушул кадамга барган эле. “Дайырдын оңолуп кетерин күтүп жүрө берет белем, ушунчасында мамилени таптакыр үзөйүн” деп чечим кабыл алган. Азыр да өзү менен өзү күрөшүп Дайырга атайын жаман мамиле жасап жатат. Бул Алтынайдын табияты эмес, бирок өзүн мажбурлоо менен ишке ашырып жаткан кези.

Алтынай экөөнүн мындай абалы Дайырды ого бетер ойго салды. Күн-түн ойлонгону ушул. Аланды дагы сагынып кетти. Эс алуудан каткандан бери өзүн көрмөк тургай, үнүн дагы уга элек. Дайыр бирок бул жолу жинин ичимдиктен да, баңгиликтен дагы чыгарбай турган болду. Ал көп ойлонду, бирөө менен кеңешкиси келет, ичиндегисин чыгарып сырдашкысы келет, бирок оюна ылайыктуу эч ким келбейт. "Ата-энемди ансыз да канча кыйнадым, эми маселемди өзүм эле чечейин" деп аларга жан дүйнөсүндөгү кыйынчылыкты бөлүшкүсү келбейт. Алар сураса жакшы баары деп гана жооп берип койгонго өткөн Дайыр. Көп ойлонуп, караштырып жатып, Дайыр психологго бармай болду.  Эркек адисти тандасамбы же аял адисти тандасамбы деп жатып, акыры аял психологду тандады. Ал адистин дарегине жазылгандардын баарын окуп караштырып жатып, жакшы адисти тапты. Кабыл алуу акчасын алдын ала төлөп жазылып койгон, бүгүн анын иш жерине алгачкы ирет келди. 

– Учурашып, Дайырга кофе алдырткан соң психолог айым ишине өттү.

– Алгач эле мен сизден бул жерге эмнеге кедиңиз деген суроо бергим келип турат.

– Жашоомдо көп эле жагдайлар болду. Досторум көп, бирок сырдашарга ылайык көрбөйм. Ичимди төгүлүп эч кимге айтып бере албайм. Ата-энеме деле...

– Түшүнүктүү,- калемин алып кагаз бетине бир нерсени жазгандай болду. Ошентип отуруп билинбей Дайыр бир топ суроого жооп берип койду. 

– Дайыр, сенин катачылыгыңды кабыл алганың бул сенин эрдигиң. Бардык эле адамдар кемчилигин кабыл ала беришпейт. Адам кайсы абалда болбосун оңолот. Ал үчүн күчтүү эрк жана аракет керек. Биздин колго кандай гана акыбалдагы адамдар келбейт,- деди адис... 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан