Алисултан Супатаев, куудул: «Артка кайтпайм, «ДАКАНСА» чабышам»

Жаңы жүз. Алп куудулдардын жолун улантайын, элге күлкү тартуулайын деп сахнага чыгып, аздыр-көптүр элге таанылып калды. Сиздерге жаш куудул Алисултан Супатаевди тааныштырабыз.  

– Алисултан, алгач сизди биздин окурмандарга тааныштыра кетели.

– Мен 1994-жылы Сузак районунун Ак-Тоок айылында жарык дүйнөгө келгем. 9-класстан кийин Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумунда окугам, кесибим китепканачы. Бир кастингге катышып Борончу Кудайбергенов, Тынар Курбаналиев агайларым менен иштешип калдым. Рахман Разыков агайым тирүү кезинде “Ар бир айдын алтысы” долбооруна катышып жүрүп, кийин ага администратор болдум. Ал долбоор 2020-жылкы карантинде токтоп калган. Анан Рахман аганын көзү өтүп кетип, баары жабылып калды. Кийин Борончу агайым “Мыскыл жана тамаша” теледолбоорун жандандырып, учурда ошол долбоордо администратормун. Уюштуруучулук жөндөмүм бар, Борончу аганын концерттеринин дээрлик 80 пайызын мен уюштурам. Эки жолу куудулдар фестивалында баш байге уткам.

– Өткөн жылы жеке концертиңизди бердиңиз...

– Ооба, сахнага чыкканыма 9 жыл болуп калыптыр. Бишкекте концерт бердим, ал өзүн-өзү жапты. Анан чөнтөктө калган 300 сом менен Орусияга концерт коём деп жөнөп кеттим. Жүк ташыган баткендик жигиттин унаасына отурдум да, “акчасын Москвадан берет” дедим. Ал жакта мени тосуп ала турган деле киши жок. Жол узак, сүйлөшүп баратабыз. Бир жерге барганда “сен мага жактың, мен сенден жол кире албайм, бул чыгармачылыгыңды колдоо болсун” деп колума миң рубль карматты. Жолдо тамак алып берди. Ошентип Москвага жеттим. Барганда бир акем кыргыздардын улак тартышы болуп жаткан жерге алып барды. Мен улак тартышты да катырам. Ал жерден таанышкан бир жигит 2000 рубль соорун берди, өзүм улак чаап 2000 рубль таптым. Ошентип 5000 рублга афиша, билет жасап, концерт уюштурдум.

– Анан, ал жактан залга көрүүчү топтой алдыңызбы?

– Кызыгы, алгач Нижний-Новгород деген шаарда концерт бердим, залдын ижара акысы
110 миң рубль экен. Концертке 31 киши келди, 79 миң артка кетип турам. Карызга акча таап, ошол 31 кишиге концерт койдум. Минтип эч ким концерт койбойт да, мен койдум. Москвада да көрүүчү аз келди. Мурда агайларымды ээрчип барып концерт уюштуруп жүргөм, залга эл батпай калчу. “Ии, мени эл таанып калган турбайбы” деп ойлоптурмун да. Анан Борончу агайыма чалдым, ал “Алисултан Супатаев Москвадагы мекендештердин суроолору боюнча “Ант берем” деген концерт берет” деп жарыя кыл” деди. Ошентип концерт койдум, зал толо көрүүчү келди. Азыр ушул “суроолор боюнча” дегенге өтүп алдым (күлүп). Москвага биринчи өзүм суранып концерт койдум эле, кайра эл суранып бир айда 3 жолу концерт бердим.

– Тобокелдикке барганды жакшы көрөт окшойсуз?

– Менде коркуу сезими жок. Ээн талаада калсаң деле бир кыргыз өтөт да, орустун деле боорукери бар. Бир жолу Москвада тааныш байкемдин Матизин айдап алып түнү баратсам, жолдон чоң сумка асынган кыргыз кыз тосту. “Байке, батирден чыгарып коюшту, бара турган жерим жок” деди. Түнкү саат 4, кар жаап жатат. Анан “шаурма алып бериңизчи” дегенинен алып берип, сүрөткө түшүп жатсам эле 2 жигит келип мага бычак такап калышты. Метрого кире качтым. Ары жактан милиция кызматкерлери келип баарыбызды кармашты. Көрсө, ошол эки бала жана тиги жол тоскон кыргыз кыз Москвадагы кыргыздарды “подстава” кылып иштейт экен. Баарыбызды алып барып камап коюшту. Эртеси тергөөчү суракка алды, билишимче орусча сүйлөп жатам. “Это подстава” десем, “какая подстава?!” деп кыйкырды. Мен “сухой подстава” десем “начальник” күлүп жиберди.

– “Сухой подстава” дегениңиз эмне эле?

– Куру доомат да (күлүп). Орусча билбейм, милиция кызматкери күлгөндө эле өзүмө тартып алдым. “Я хороший парень, через недели здесь будет концерт, я организатор, я кыргызский юморист, певец” деп Ютубдан өзүмдү көрсөттүм. Тиги кыз “10 миң рубль берсең тосмо арыз жазып берем” деди. Берки балдар “бизге акча керек” дешти, башка эч нерсени түшүнбөйт экен. Акыркы адамдарды көрдүм ошондо, “конченный” деп коёт го. Жанагы “начальникке” паспортумду күрөөгө берип, андан карызга
10 миң рубль алдым. Кудай жалгап эртеси тойго буюртма түшүп,  тапкан акча менен карызымды төлөдүм. “Сахнага келгениңе өкүнбөйсүңбү?” дешет го, мен эч качан өкүнбөйм, “до конца” чабышам. Үстүмдөн үйүмдү, астымдан атымды алдырдым ушул жашымда.

– Үйүңүздү кимге, эмне болуп алдырып койдуңуз?

– Жаңы курулуп жаткан үйдөн 18200 долларга батир алгам. Атамдын жардамы менен алган Сокулукта жер үйүм бар эле, аны сатып тиги батирге төлөгөм. 2-кабаты бүткөндө компания банкрот болуп калды. Кардарлар арыз жазып, сот иштери башталды, башчысы азыр камакта жатат. Алданып калдым деп деле айтпайм, ал мени жетелеп келген жок да, өзүм бардым. Болгону алар банкротко дуушар болуп калышты. Андан кийин машинемди сатып Өзбекстанга соодага жөнөдүм. Ал жактан бир ажы киши картошкамды алып, акчамды бербей койду. Бирок соттошуп, акыры моюнуна алдырдым. Ошондой учурларда итке да сөөк карыз болуп кеттим. Карыз бергендер чалышат, Өзбекстанда мени милиция камап койгон учур да болду, көп окуялар баштан өттү, айтор.

– А тиги үйүңүз эмне болду?

– Сот иштери жүрүп жатат. Мен турдум да, “акчамды албайм, кечтим” дедим. “Неге?” деди эле, “менин жер үйүм бар болчу, аны сатып, көп кабаттуу үйгө көчөм дегем. Бар үйгө шүгүр кылбай, пейилимден таптым” десем, бир киши “мен дагы” деди. Ал хан сарайда жашачу экен, келини менен аялы келишпей, 2 батир алмакчы болгон экен. Ошентип чыгып кеттик. Мен бирөө менен соттошуп, “энеңди” деп жакалашып урушкан бала эмесмин. Кейиген жокмун, Кудай дагы берет деп ниет кылып жүрөм. 

– Жубайыңыз, балдарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз...

– 2017-жылы үйлөнгөм, Ханбийке, Ханзаада деген 2 кызыбыз бар. Келинчегим экөөбүз сүйүшүп-күйүшүп баш кошконбуз. Баары жакшы. Арманымды айтсам бирөө оңдоп бербейт, тим эле ынтымакпыз. Аялым, ата-энем, кайната-кайненем колдоп турушат. Баары керемет. Ары жагын сурабай эле коюңузчу.

– Кичинеңизде ким болом дечүсүз?

– Улакчы болом дечүмүн. Дене мүчөм стандартка жооп бербей калып артист болуп кеттим (күлүп). Азыр деле жакшы ойнойм. Көк бөрү дегенде жанымды берип коём. Эгер артист болбосом саясатка бармакмын. Аябай саясатка кызыкчумун, азыр деле кызыгам. Убакыт көрсөтөт го, азыр тазамын, бир да партияда жокмун.

– Ырдайт дагы экенсиз?

– Ооба, жакшы ырдайм. “Любой” ырчынын алдында жандуу ырдай алам. Өзүм ойногон сатиралардын баары өзүмө таандык. Бирөөдөн көчүрүп, бирөөдөн жаттабайм, бирөөнү туурабайм дагы.

– Куудул деген ким, сиздин оюңузча?

– Чындыкты бетке айткан акыйкатчы адам. Чындыкты айткан адам куудул болот, чындыкты айтсаң күлкү болот.

– Фишкаңыз?

– Фишкам – шляпам бар, ошону кийгенде көбү тааныйт. Анан “чабан бала” деп таанышат, мал жөнүндө көп сатира айтам.

 – Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

– Куудулдардын башын бириктирип, демөөрчү тапсам, “Мыскыл жана тамаша” долбоорун кайра жандандырайын деп жүрөм. Анан 10 концерт берем Бишкекке. Жылына бирден концерт. Максатым ушул. 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан