Белгилүү ырчы, аккордеончу, кыргыздын мыкты уулу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында дүйнө салды. “Баарына, сахналаш досторума, жоро-жолдошторума, туугандарыма ыраазычылык билдирем. Колумдан келсе, баарын бириктирип кучактап, чын жүрөгүмдөн бекем кыскым келип жатат. Жүрөгүм жетет, бирок кучагым жетпейт”. “Супер-Инфо” гезитине берген акыркы маегинде ушундай деген эле Рустам мырза. Эми ал тарых, ырчыны жакындары, санаалаштары эскеришет.
Кенже Көбөкова, кесиптеши: “Рустамдын бекемдигине баа берем”
– Рустам абдан адамгерчиликтүү, бекем жигит эле. Бизде, “Эл шайырлары” тобунда иштегенине 10 жыл болуптур. Сырдаша кетсең тереңинен төгүлүп турчу. Дегеле бир “ой, минтип калдым, тигинтип калдым, ооруп жүрөм” деп кейип-кепчип, наалыганын көргөн жокмун. Рустамдын бекемдигине баа берем, ооруп калса да оорудум деп жатып алган жок. Концерттен 2 жумадан кийин өтүп кетти. Ал концертте оорубаган кишидей жүрдү, бирок кыйналып турганын сезип турдук. Ошондо да билгизбегенге аракет кылып жатты. Биз эми “ооруп жүрөт, бир күнү сакайып кетет” деп эле жүргөнбүз да. Айыгып кетет деген үмүтүбүз бар эле. Күтүүсүздөн кетип калганы абдан өкүнүчтүү болду.
Азамат Сарыбаев, кесиптеши: “Өмүрүнүн акырына чейин ырдады”
– Рустам “Эл шайырларында” мен келгенге чейин эле иштечү. Абдан шайыр, боорукер, жигитке таандык касиеттери көп, жакшы жигит эле. Ооруганына 2 жылдан ашып калды окшойт. Боорун алмаштырганга жакшы эле аракет кылды, акча чогултту, бирок донор табылбай койду. Донор табылганда жакшы болмок. Келинчегим Бишкектеги Кан борборунда иштейт, ал “досторунан, тааныштарынан донор болом деп келишти, бирок алардын кан тобу туура келбей калды” деп калчу. Донор болгонго макул болгондордун кан тобу дал келбей калып жатты окшойт. Канча кыйналып жатса да ооруганын билгизген жок. Жумушка келбей калганында телефон чалсам “бутум эле бир аз шишип жатат, калганы баары жакшы” деди эле. Буга чейин “Кошуналар” деген концерт койгонбуз. Ошол концертке катышкан, кыйналып жатканын байкап турдук, бирок билгизген жок. 4 күн тең эле мурун кандай болсо, ошондой ырдап чыкты. Айтайын дегеним, өмүрүнүн акырына чейин сүйгөн кесиби менен алектенди.
Мирбек Иманбеков, кесиптеши: “Менден жүз эсе жакшы киши эле”
– Рускем менен таанышканыма 20 жылга жакын болуп баратат. Рускем сонун, чынында адамдык сапаты бийик, мыкты киши болчу. Мен өзүмдү жакшымын дебейм, менден он эсе, менден жүз эсе жакшы киши эле. Адамгерчиликтүү, жүрөгү таза, ар дайым шайыр жүргөн, жүргөн жеринде элдин маанайын көтөргөн, адамдын тилин таба билген, жаңы эле таанышкан адамын бир тууган кылып алчудай мүнөзү бар эле. Мен азыр Рускемдин айылында, Бакайырда турам. Жаңы эле жерге берип келдик, абдан ичим ачышып жатат. Суук кабарды укканда жүрөгүм ооруду, түнү менен уктай албай чыктым. 2 баласы бар. Балдары дагы кыргыздын мыкты жигиттери болот деген ишеничтемин.
Чыңгыз Мырзаев, алпаруучу, досу: “Ыр сүйгөн эл барында Рустам өлбөйт”
– Рустам досубуз жаш кетти, мыкты талант эле. Барган жери майрам, шар жигит болчу. Алдыга койгон максаттары көп эле, аттиң. Оору менен акырына чейин күрөшүп, жашоого үмүт кылып, “бул күндөр да өтөт, баары жакшы болот” деп болгон күчүн топтоп аракет кылды. Кырк жашында кетип калды. Балдары да таланттуу, алар да эртең эле чоңоюп атасынын жолун жолдойт, атасынын ырларын ырдайт. Экөө тең кечээ “атам сыяктуу ырчы болом, атамдын жогун билдирбейм” деп ыйлап жатышты. Тууган-туушкандарына, энесине, бир туугандарына, аяшыбызга, Рустамды жакшы көргөн бардык ага-инилерге, кыргыз элине көңүл айтам. Досумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Мыкты ырчы болчу, тарых жаратып кетти. Ырды сүйгөн эл барында Рустам өлбөйт, эми анын экинчи жашоосу башталды.
Самат Көчөрбаев, манасчы, досу: “Рустамдын үнү аккордеон үчүн жаралгандай эле”
– Тилекке каршы, маркум деп сүйлөөгө аргасызбыз. Рустам Сагыналиевди мен 1998-жылдан бери тааныйм. Таласта өткөн “Жаш таланттар” кароо-сынагында таанышкан элем. Сахнага аппак костюм-шым кийген, 8-9-класста окуган чекчейген, сулуучумак жигит чыкты. Чоң аккордеонду көтөрүп алып “Ак кептер” деген ырды ырдап баш байгени уткан. Ошондогу элеси күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бирге Бишкекке, Ысык-Көлгө, Ошко фестивалдарга барчубуз. Рустам менен чыгармачылыктын жаштык, балалык кезин чогуу өткөрдүк. Бишкекке келгенде да байланыш үзүлгөн жок, чыгармачылыкта бүгүнкү күнгө чейин жакын теңтуш, дос болуп жүрдүк. Алгач Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырды. Ошол кезде аккордеончулар арасында чоң кароо-сынакта баш байгени утту. Көптөгөн чоң-чоң маданий иш-чараларга катышты.
Рустамдын ушунчалык күчтүү, ушунчалык бекем, сабырдуу, кайраттуу экенин ушундан билдим. Ооруп калган акыркы 2 жылда “мен оорудум” деген жок. Бирок жүрөгүндө өзү үчүн эмес, ал үчүн санаа тартып жаткан энеси, балдары, үй-бүлөсү үчүн кайгырып жүрдү. Адамгерчилиги бийик, достукка бекем, кай жерде болбосун айлана-чөйрөсүн шаңга бөлөп, шайдоот, өзгөчө жигер менен жүргөн мыкты жигит эле. Аккордеон менен да, комуз менен да керемет ырдачу. Аккордеондун тембри, кайрыгы менен Рустамдын үнүнүн шайкештиги бардык аккордеон ырчыларында боло бербеген өзгөчөлүк. Рустамдын үнү аккордеон үчүн жаралгандай туюлчу. Тилекке каршы, көп чыгармалары жазылбай кетти, көп иштери аягына чыкпай калды. Анын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.
Наргиза Кыйлыбаева, жубайы: “Өмүрүнүн акырына чейин ооруганын билгизген жок”
– Рустамдын адамга жасаган мамилеси өтө башкача болчу. Апасына, туугандарына, балдарына, мага абдан аяр мамиле жасачу. Балдарына эң жакшы ата болду. Эртең менен жумушка кетип жатканда дайыма балдарын өөп, бооруна кысып кучактап анан кетчү. Жумуштан кеч келип калганда кирип эле балдарына “уктадыңарбы же ойгоосуңарбы?” деп ашыгып кирчү. Балдарын абдан жакшы көрчү, “Курсагыңар ачкан жокпу, эч ким эч нерсе деген жокпу?” деп эле сурай берчү. Эки балабызда тең атасынын үнү бар. Жумуштан эрте келип калганда “келгиле, экөөң бир-бирден ырдап койгула” деп аккордеон менен ырдашып, алар менен баарлашып, анан эс алчу. Балдарга өтө жакын эле. Кошуналарыбыздын балдары, кайнагамдын балдары да “Рустам ата, Үрүс ата” дешет. Аларга өзүнүн балдарындай мамиле жасачу. Тууганчыл эле, туугандарынан бат-бат кабар алып турчу.
Мага мээримдүүлүк, жароокерлик менен мамиле жасачу. Кээде болор-болбос нерсеге таарынып калсам, аккордеонду колуна алып куйкум тамаша сөздөрү менен жамактап ырдап кирчү. Таарынып отурган жаным бат эле жазылып, каткырып калчубуз.
Акыркы күндөрүнө чейин ооруганын сыртынан билгизген жок. Кээде өзү жалгыз отурганда байкатпай кирип калсам, кабагы бүркөө отурган болор эле, мени көрөрү менен күлүп-жайнап калчу. Акыркы 2 күндө катуу кыйналды, ошондо да кайратынан тайбай турду. Өтө чыдамкай, өтө кайраттуу жан болгон экен.
Гулийпа Маметосмон кызы