Роза гүлүн кандай адам жактырат? Гүлдөргө жараша адамдарга мүнөздөмө

Сиз кайсы гүлдү жактырасыз: роза, жоогазын, лилия, балким, пион... Сулуулугу, жыпар жыты менен өзүнө тартып, көңүл көтөргөн гүлдөргө жараша адамдардын мүнөзүн чечмелесе болот дешет психологдор. Адистер чечмелесин, а биз кызыгып окуп коёлу.

Роза

Дүйнө жүзүндө канча гүл болбосун, биринчиликти роза эч кимге бербесе керек. Гүлдөрдүн ханышасын жактырган адамдар жашоодо активдүү болушат. Өзүнүн күчүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө ишенет, башкалардын да ишенүүсүн талап кылат. Куру кыялдарга алданбайт, жетеленбейт, өз күчүнө таянганга аракет кылат. Амбициясы жогору, алдына так максат коюп, ага жеткенге бүт күч-аракетин жумшайт. Айрым учурда агрессивдүү сапаты ойгонот. Мамиледе кумарлуу адамдар. Энергияга бай, жакындарына сүйүү, камкордук бере алат. Мындай адамдардын айланасында ич күйдү, көрө албастык кылган адамдар көп кездешет.

Пион

Пион дагы өзгөчө, адамдардын жогорку суроо-талабына ээ гүлдөрдүн бири. “Пиончулар” же болбосо пион гүлүн жактыргандар карама-каршы мүнөзгө ээ адам катары сүрөттөлөт. Бир тарабы текеберчилик, экинчи тарабы уялчаак мүнөзгө ээ адамдар. Алар башкалардын артында же ортодо жүрүүнү каалашпайт. Дайыма алдыда, биринчиликте болуп, мактоо сөздөрдү укканды баалашат. Өздөрүн башкалардан жогору койгондуктан текеберчилик мүнөз келип чыгат. Ошол эле учурда жаза басып кемчилик кетирип албайын, элдин шылдыңына калбайын деген коркунуч болот. Тартипке бекем келишет, жашоосун, кыймыл-аракетинин баарын тартипте кармашат. Андыктан мындай адамдардын үйү дайыма жыйналуу, байпагына чейин үтүктөлүү болсо таң калбаш керек. Айрымдары карама-каршы мүнөзү менен күрөшүп туруктуулукту сактаганга аракет кылышат, андыктан сырттан караган адамга түнт мүнөздүүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок билген адамга ачык, шайыр адамдар.

Сирень

Жаз мезгили келген сайын айымдарда мырзалардан “сирень күтүү” сезону башталат. Мен да сурап коёюнчу, быйыл сирень алдыңызбы? Эми сиренди башка гүлдөрдөн бөлүп сүйгөн адамдардын мүнөзүнө токтололу. Көпчүлүгү токтоолугу менен башкалардан айырмаланат. Сыртынан текебер, жанына баарын жолото берчү адамдай көрүнбөйт. Бирок жакындан тааныша келсең, жумшак, эмоционалдуу жана мыкты маектеш, кеңешчи болуп чыга келишет. Эмоционалдык жактан оор учурда өзүнө бекинип, башкаларга ачылгысы келбей калат. Бир көңүлү калган нерсеге кайрылып карабайт, барбайт, жөн гана жашоосунан чийип салат. Жакын адамдарына жан дили менен жардам кылып, өзүнүн кызыкчылыктарынан жогору койгонго даяр. Өзүнө келгенде анчалык энергия бөлбөйт, белгисиздиктен чочулап турат. Ички туюму күчтүү иштейт, андыктан айланасына ишенимдүү адамдар топтолот. Сирень сүйгөн адамдын колун кармаган адам өкүнбөйт.

Жоогазын

Жоогазынчыларды мүнөзү жеңил адамдар дешет. Жашоонун сыноосуна, ыңгайына жараша өзгөрүп, ийилчээк боло алышат. Ошол эле учурда мүнөзүндө салмактуулук бар, андыктан жоогазын сүйгөн адамдан мыкты дос, кесиптеш же болбосо сүйүктүү жар чыгат. Кыйын учурда паникага алдырбай, “муздак акыл-эс” менен маселеден чыгуу жолдорун издей билишет. Ачык, ким болбосун бат тил табышкан, жөнөкөй адамдар. Жокко өкүнбөй, барга шүгүрчүлүк кылганды билишет, анан да мүмкүнчүлүк болгондо колдон чыгарбаш керек деген принципти карманышат. Шайыр, жөнөкөй мүнөздүн артында назиктик, таарынчаактык сапаттар да сакталуу, андыктан жоогазынчылар менен мамиле түзгөндө аярлаш керек.

Ромашка

Ромашка, ландыш сыяктуу талаа гүлдөрүн жактыргандар кандай адамдар? Мындай гүлдөрдү жактыргандар табиятка жакын, назик деген ойлор бар. Чынында, талаа гүлдөрүн жактыргандар оор мүнөзгө ээ. Көпчүлүгү экстраверттер болот, алардын ачыктыгы назиктигин эмес, күчтүүлүгүн түшүндүрөт. Жашоодо өз ордун тапкан, эч кимден көз карандысыз, күчтүү адамдар ромашканы сүйүшөт. Жаман менен жакшыны, ак менен караны так ажырата билишет, кээде максатына жетиш үчүн башкаларды манипуляция кылганга да күчү жетет. Адамдардын психикасын жакшы түшүнгөндүктөн сүйүктүү адамын тандоого көп убакыт керектелет, бирок бир тандаса аягына чейин ишенимдүү өнөктөш, дос, өмүрлүк жар болушат. Эмоциясын көп чыгарбаганы менен, бир топ эле эмоционалдуу адамдар. Бир нерсе ойдогудай болбой калса ичинен кайгырып, ичинен өзүн жеп, башкалардын кийлигишкенин жактырбай калышы мүмкүн. Андай учурда ага убакыт бериш керек, ой таразасына салып жатып бир чечимге келет.

Хризантема

Хризантеманы жактыргандарды – искусствонун адамдары десе жарашат. Бардык нерседен сулуулукту, кандайдыр бир катылган маани-маңызды издешет, изилдешет. Көпчүлүккө муздак, кол жеткис, катаал адамдай сезилишет. Бирок андай эмес. Мындай адамдар өзү менен гармонияны эрте табышат. Жашоодон эмне каалап жатканын билишет, башкалардын ою менен эсептешүүнү ойлонушпайт, өзү, өзүнүн ыңгайы үчүн жашаганды билишет. Дайыма өзүнө кам көрүп, тыкан, татына, сымбаттуу жүрүшөт. Бир нерсе анын максатына тоскоол болсо, аттап өтүп кеткенге даяр, жакын адамы болобу же башкабы, маанилүү эмес. “Жашоомдо жок, демек, меники эмес” деген принципти кармангандар. Мындай мүнөздөгү адамдарды түшүнүү оор, бирок үйрөнө турган жактары да көп.

Лилия

Кызынын ысымын ушул гүлдөй көркөм, сулуу болсун деп Лилия койгондор да бар. Бул назик гүлдү жактыргандар өзүн жогору баалаган адамдардын катарына кирет дешет психологдор. Текеберчилик мүнөзгө ээ, мунун баары мен-мен дегенден улам келип чыгат. Эл көзүндө жүргөнгө ылайыктуу кесиптер туура келет. Анткени коомчулуктун көзүнө коркпой, уялбай чыга алышат. Бул мүнөз бардык эле адамдарда кезиге бербейт эмеспи. Адамдар менен жакшы тил табышат, сүйлөө жагынан алдына киши салдырбаганга аракет кылат. Бирок өзүнүкүн туура деп эсептегендиктен, башкалардын ою менен эсептешпей таарынтып алышы ыктымал. Сүйүү жаатында жолдуу болушат, нечен деген жүрөктөр лилиячылардын сүйүү тузагына илиниши мүмкүн. Бирок чыныгы өнөктөш табыш үчүн ашып-ташкан энергияны ооздуктап, “мен” деген категорияны арткы планга жылдырып, башкалардын оюн, принциптерин кабыл алганга, түшүнгөнгө аракет кылышы зарыл.

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан