Кой
(21.03–20.04)
Мурда чечилбей калган көйгөйлөр жана аткарылбаган милдеттенмелер сизден тез арада чечүүнү талап кылат. Кесиптештериңизден же досторуңуздан жардам сураңыз, жардам беришет. Күмөн ойлор менен баштаган ишкерлигиңиз да жакшы кирешелерди алып келет. Дем алыш күндөрү жагымдуу таанышуу орун алмакчы. Олуттуу келишимдерге кол коюуну жана ири суммада буюм сатып алууну бир аз коё туруңуз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Сиздин кесипкөйлүгүңүз жана жеке сапаттарыңыз бааланат. Жеке мамилелерди өнүктүрүү үчүн жакшы мезгил. Жаңы таанышуулар болушу мүмкүн. Букачар мырзалардын ачыктыгына, толкуп-ташкан энергиясына көбү тартылат, бирок абайлашы керек, алардын боорукердигин жеке кызыкчылыгына колдонуп кеткен адамдар болот. Айымдар талдоо жүргүзүүнү адат кылып алганы жакшы, кандай сыноо келбесин талдоо жүргүзө билсеңиз, көйгөйлөрүңүз оңой чечилет.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз, кеңеш сураган адамдардын каалоосун четке какпаңыз. Кыска убакыттын ичинде каржылык көз карандысыздыкка жетесиз. Кесиптик мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтүүгө жана жаңы тажрыйба топтоого сонун мүмкүнчүлүк болот. Пландаган нерселердин баары оюңуздагыдай ишке ашат. Бул аптаны изденүү, билим алууга жумшасаңыз акыбети кайтат. Ийгиликтин баары талыкпаган эмгектин артынан келерин унутпаңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жашоодон чындап эмнени каалаарыңызды түшүнүп, өз пайдаңызга иштегенге аракет кылышыңыз керек. Таасирдүү адамдардан жардам суроодон тартынбаңыз. Алар сиздин кыялыңызды тезирээк ишке ашырууга жардам беришет. Үй-бүлөлүү жубайлар өз ара мамилелеринин үстүнөн иштешкени туура, бардык кризистик кырдаалды сабырдуулук менен жеңүү жакшы. Коомдук жайларда капчыгыңызга, кымбат баалуу буюмдарыңызга этият болуңуз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Тобокелчиликке барууга ыңгайлуу апта, эң кооптуу бизнес баштасаңыз да жакшы натыйжа берет. Каржылык абалыңызды чыңдоого же келечектеги профессионалдык ийгилигиңизге жол ача турган жаңы таанышуулар болушу мүмкүн. Шектүү сунуштардан сак болуңуз, анткени баары эле өзүңүздөй бирөөгө жакшылык каалай бербейт. Чөйрөңүздү жакшы адамдар менен курчаңыз, алар сиздин эмоционалдык жыргалчылыгыңызга оң таасирин тийгизишет.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Шашылыш аракеттерди кылуу сизге ийгилик алып келбейт. Ар бир кадамыңызды жакшылап ойлонуңуз, шашмалыкка салып чоң чырга аралашып, эки оттун ортосунда калышыңыз мүмкүн. Мырзалар башкалардын пикиринен көз каранды болушат. Кайсы бир адам жөнүндө болжолдуу жыйынтык чыгарбаңыз. Ийгилик жаратууда башкалардын тажрыйбасын үлгү кылбаңыз. Ийгилик – бул индивидуалдуу нерсе, ар бир адамга ар башка жол менен келет, бирөөнү туурайм деп ката кетирип аласыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Көпчүлүк менен тил табышуу, дипломатиялык талантыңызды туура нукта иштетсеңиз, чоң ишти ийгиликтүү баштайсыз. Өз милдеттериңизди такыр унутуп, куру сөз менен көп убакыт өткөрөсүз. Сүйүүдө тандоо жасоого мажбур болосуз, сүйүү же үй-бүлө деген тандоо турса, алтынчы туюмуңуз менен кеңешиңиз, ал сизди алдабайт. Мырзалар кыска мөөнөттүү сүйүү романдарын токтотушканы жакшы, болбосо андай мамиле чоң көйгөйлөрдү алып келет.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Эгер түгөйүңүз менен таарынышып жүрсөңүз, алаканы жөнгө салууга ыңгайлуу мезгил. Мындан ары өткөндү айтып эске сала бербей, унутуп, келечек менен гана жашаңыз. Жылдыздар кандайдыр бир шектүү иштерге катышууга кеңеш беришпейт, каржылык жоготууга учурайсыз. Жумушуңуздагы позицияңыз, командаңыз жана жетекчилик менен болгон мамилеңиз сизди анча канааттандырбайт. Бирок эмоцияга алдырбай жан дүйнөңүздү тынчтандырсаңыз эле калганы өз калыбына келет.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Сиз үчүн абдан гармониялуу, тынч мезгил башталды. Чоң пландарды түзүүнүн кереги жок, өзүңүзгө эс алууга уруксат бериңиз. Мисалы, өзүңүздү тарбиялаңыз, жүрөккө жаккан жумушту жасап, жакын адамдарыңыздын курчоосунда болуңуз. Чакан үй-бүлөлүк майрам сизге эмоционалдык тынчтык тартуулайт. Жаачы мырзалар жоопкерчилигинин жана бизнеске жасаган креативдүү мамилесинин аркасында жамаатта гана эмес, жетекчилердин арасында да беделин жогорулатышат.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жеке жашооңузга байланыштуу маселелерди созбой эртерээк чечип алыңыз, кийин оңдоого мүмкүн болбой калат. Сиздеги терс эмоцияларды ойготкон кабар угасыз, эгер конфликт жаралса, аны тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылышыңыз керек. Каржылык маселелерде кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Кошумча киреше булактарын издөөгө убакыт жетти. Эң негизгиси карызга акча албаш керек, болбосо карызды ээсине кайтаруу бир топ кыйын болот.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Ар кандай каржылык инвестициялар ийгиликтүү болот. Туюу сезимиңизге ишениңиз, натыйжалуу келишимдерди түзүүдө, чоң ийгиликтерди жаратууда сизге жардамга келет. Айымдар жагымдуулугун пайдаланып, керектүү байланыштарды түзө алышат. Бойдоктор сүйүктүүсүн алыстан издебегени жакшы, аз күн ичинде түгөйүңүздү өз чөйрөңүздөн табасыз. Ишеним арткан адамдарга гана сырыңызды айтыңыз, бейтааныш адамга жан дүйнөңүздү ачуу өзүңүз үчүн кооптуу.
Балык
(20.02–20.03)
Билимин тереңдетип, жаңы кесипке ээ болгусу келген балыктар үчүн жакшы мезгил. Бул учурда чет өлкөдө окуу тилегиңизди да ишке ашырсаңыз болот. Мырзалар жакынкы арада сизден максималдуу энергияны жана тең салмактуулукту талап кылган жаңы бизнеске киришесиз. Натыйжасы сиз ойлогондон да жакшы болот. Балык айымдар өзүнө кам көрүүгө каражат аябаганы жакшы, өзүңүздү сүйсөңүз ишиңиз жүрүшүп баштайт. Көргөн түштөрүңүзгө маани бериңиз, аян келиши ыктымал.