Ырчы, блогер Аида Багышбекова жакында “Ханбийке” деген тасмага тартылып, өзүн актриса катары да сынап көрдү. “Блогерликтен көбүрөөк акча табам, бирок жан дүйнөмө ырчылык жана актрисалык жакын” дейт каарманым. Тасмадагы образы, ырчылыгы, сүйүүсү тууралуу баарлаштык.
– Куш келипсиз, Аида, өзүңүздү актрисалыкта сынап жаткан экенсиз?..
– Куш келдик. Ооба, өзүмдү сынап көрөйүн деп жакында “Ханбийке” деген тасмага тартылдым. Абдан жакты. Негизи блогерликтен көбүрөөк акча тапканым менен, жан дүйнөмө ырчылык жана актрисалык жакын. Аталган тасмага мени фильмдин продюсери Асхат Субанбеков чакырды. Алгач экинчи ролдогу каармандын ролуна чакырышкан, барып Ханбийкенин да, экинчи образдагы каармандын да ролун аткарып бердим. Тартуучу топ дароо эле “болду, башкы ролго сени алдык, башка актриса издебейбиз” деди. Сценарийди окуганда эле мага образым аябай жакты. Образга кирүүдө кыйынчылык болгон жок, бирок ысык-суукта иштеп ооруп калган күндөрүм болду. 2 күн уктабай иштеген учурларыбыз болду, айтор, кино тартуу аябай түйшүктүү иш экен.
– Сизди Казакстандын “Косылайык” долбоорунан улам көпчүлүк жакшы таанып калды. Аталган долбоорго чын эле түгөй табуу максатында барган белеңиз же элге таанылайын деппи?
– Чынында, “Косылайыкка” мени өзүмдү таппай жүргөн маалда чакырып калышкан. Студент кезимде теледе алпаруучу болуп иштеп баштагам, аны менен катар анча-мынча тойлорго барып ырдачумун. Же жарк деп чыгып кете албай, же каржылык туруктуулук жок, айтор, кандай кылам, эмне кылам деп башым катып жүргөн учур болчу. Максатым – эгер көңүлүмө жаккан жигит болсо сүйлөшөм, бирок жигиттин санын көбөйтпөйм дегем. Чыгармачылыкты да кошо алып кетем деп ойлогом. Бирок Кудай бирөөсүн буюруп, бирөөсүн алып койду, баары оюңдагыдай боло бербейт экен да.
– “Алып койду” дегенге кененирек токтолсоңуз. Долбоордон тапкан түгөйүңүз Нурдаулет менен көп эле жолу урушуп-талаштыңар окшойт, балким, бул жолкусу деле катардагы таарынычтыр?
– Себептерине кенен токтолгум келбей жатат. “Мени тигинтти, минтти, ошол үчүн кол үзүштүк” дегенден алысмын. Ал өтө жакшы адам, бул менин тандоом, ага бакыт гана тилейм. Бир жыл мамиле куруп, экөөбүз көп жолу урушуп, кайра жараштык. Бул жолу биротоло чекит коюп, чын жүрөгүмдөн коё бердим. Мен абдан эмоционалдуу адаммын, кайгырганымды, сүйүнгөнүмдү жашыра албайм. Урушуп кетсек ыйлап, өзүм чалып, Алматыга чейин барып жүрчүмүн. Азыр “Косылайыктагы” ыйлаган видеолорумду көрсөм уялам, кээ бир видеолорумду кайталап көрө албайм. Нурдаулет биринчи жигитим, биринчи сүйүүм болгонго мамиле курууда тажрыйбасыздык кылдым окшойт. Тагдырыма өкүнбөйм, мага чоң турмуштук сабак болду. Бирок таарынычты жеңе алган жокмун, таарынычтын үстүнө таарыныч кошула берип, акыры экөөбүз бири-бирибизди коё берели деген чечимге келдик.
– Сүйүктүүңүздөн кол үзүү абдан оор тийиптир. Нурдаулеттин эмнесине арбалдыңыз, байландыңыз?
– Мен “Косылайык” долбоорунда 2,5 ай жүрдүм. Катышуучу кыздардын басымы, андан кийин интернеттеги жазган хейтерлердин басымынан улам сынып калайын деп араң эле жүрдүм да. Бөтөн эл, бөтөн жерде жалгыз жүргөндө Нурдаулет гана мени коргоп, камкордук кылып жанымда болду. Көбүрөөк ошол камкордугуна арбалдым го дейм. Мен Нурдаулетке жасагандай мамилени бир да мырзага жасаган эмесмин. Кыргызстанда жүргөндө “мен сүйдүрүшүм гана керек, мени баалашы кажет, мен эркелеп гана жүрүшүм керек” дечүмүн. Кудай айландырып келип туруп “мына, эми сен сүйүп көрчү” деди окшойт.
– Бул мамиледен сабак алдым дедиңиз. Кандай сабак алып чыктыңыз?
– Кыз канчалык сүйүп, өрттөнүп баратса да эч качан сүйгөнүн билдирбеши керек экен. Ар бир кыз өзүн бааласын, биринчи орунга койсун. Канчалык сүйүп, “мен сен үчүн баарын кылам, бардык нерсеге чогуу жетебиз, үй, унаа алабыз” деп турсаң дагы кээ бир мырзалар аныңды баалабайт тура. “Мени сүйөт да, кайда кетмек эле?” деп ойлошот. Эгер жигитиң сени таарынтып, баалабай жатабы, аны менен чырдашпа, урушпа, эч нерсе түшүндүрбө, артыңды карабай кет дейт элем. Ошондо гана баалуу болосуң.
– Сиздин табитиңиздеги жигиттин портрети кандай?
– Менде азыр табит деген жок (күлүп). Катуу көңүл калгандыктанбы, эч бир жигитке көңүл тартпай турат. Жаңы мамилеге даяр эмесмин, жүрөгүмдү кулпулап койдум. 2024-жылы бир гана чыгармачылык менен алектенем. Энергия, күчүмдүн баарын чыгармачылыкка сарптагым келип турат.
– Ийгиликтин туу чокусу сиз үчүн эмне?
– Ийгиликтин туу чокусу мен үчүн бактылуу, бекем үй-бүлөнүн курулушу. Кудай баарыбызды жуп кылып жаратат эмеспи, мени да сүйө турган, баалай алган адам эл арасында жүргөндүр. Аялдык, энелик бакытты сезсем, ошол менин эң чоң жетишкендигим болот.
– Балалыгыңыз тууралуу сурагым келип турат?
– 3 бир тууганбыз, 2 агам бар. Мен 1 айлык болгондо эле апам жумушка чыгып кетиптир. Мени эки агам карап чоңойтушкан. Мектеп курагында мүнөзүм аябай оор болду, кыздар менен тил табыша алчу эмесмин. Биз, кыздар ажылдап, тилибиз ачуу болот эмеспи. Бирөө тилдеп жатса күлүп карап тура берет элем, эгер сабырым түгөнсө, чаап же муштап жиберет болчумун. 2 жолу милицияга түшүп, атам алып чыккан. Мырзалар арасында досторум көп болчу. Атамдын кызымын, аны менен көп сырдашам. Чынында, Нурдаулет менен курган 1 жылдык мамилемде ата-энемди аябай кыйнап койдум. Ооруп, шыпты тиктеп гана жатып калганда атам менен апам жанымда болду. “Косылайыкта” жүргөндө айтылган ар кандай сөздөр ата-энеме оор тийип жатты (ыйлап). Мен азыр Нурдаулет менен ажырашканыма эмес, ата-энемди көп кыйнап койгонумду эстеп ыйлагым келе берет. Мындан ары алардын мага болгон ишенимин актап, кубандырып, сүйүндүргүм гана келет.
– Ырчылыкты эрте баштаган экенсиз, бирок хит ырлар жаралбады...
– Ооба. Музыкалык билимим бар, бирок азыр өзүмдү ырчымын деп айткандан уялам, себеби хит ырым жок да. Учурда изденүүдөмүн, ырчылыкта өзүмдү таба элекмин. Бирок хит ыр жаралмайынча ырдаганды токтотпой иштей берем.
Лунара Бекиева