(Башы өткөн сандарда)
– Шоола, мен сени карагандан уялып жатам. Сенин жашооң мындай болбош керек эле...
Шоола колу менен Канатка “сүйлөбө” дегендей ишарат жасады да, чарчаңкы көзүн жумду. Эми чындап баары бүткөнүнө көзү жетти. Дили макул болбосо да, тагдырына баш ийиши керек. Жанат менен ажырашып, жашоосун башка бир нукка бурганы туура. Бирок кантип? Кантип ушунун баарын болбогондой, бир жаман түш көргөндөй унутуп туруп жашап кете алат?
– Жанаттын үстүнөн арыз жазыпсың...
– Арыз жазамбы же жазбаймбы, сага эмне тиешеси бар? Сенин менин жашоомдогу функцияң бүттү. Калганын биз өзүбүз чечишип алабыз,- деди Шоола ачуулуу. Канат үн катпай бир аз турду да оор үшкүрүп, палатадан сыртка чыгып кетти.
ххх
Жанаттын үстүнөн арыз жазып, аны ошондой абалда бурчка такап туруп ажырашып, Кыргызстандан чыгып кетем деп ойлогон эле. Бирок тагдыр аны кайрадан Жанатка байлаарын билген эмес. Врач кабинетине чакыртыптыр. Шоола анын маңдайында отурду.
– Сизге бир кабарым бар. Күйөөңүздүн үстүнөн арыз жазганыңызды билем. Иш сотко өтүшү да мүмкүн. Бирөөлөр мага кайрылышты...
– Эмне деп?
– Эми... Жолдошуңуз жөнөкөй бир адам эмес. Абройлуу киши. Эгерде анын аты ушундай окуядан улам интернет желесине жайылып кетсе, бүтүндөй министрликтин аты булганганы турат.
– Хм, ал адамдар “арызын кайра алсын” деп сизге кайрылышты демек...
– Ошондой десек болот.
– Ал эми албасам эмне болот экен?
– Эч нерсе деле болбойт, Жанат мырзанын иши сотко өтөт, эл бир аз уу-дуу түшөт.
– Мен эч нерседен коркпойм.
– Сизди коркута турган жана токтото турган бир нерсе бар.
Шооланын башы тегерене түштү. Акылы “баары бүттү” дегени менен, ички бир сезими бул окуя бүтпөсүн сезип турган. Анын жашоосундагы Жанат деген тилке дагы да бир топ жылдарга созуларын алтынчы туюму билдирип жаткан.
– Сиз кош бойлуусуз!
– ...
– Балага эч кандай зыян тийген эмес. Ден соолугу мыкты, жакшынакай бала төрөп алышыңыз мүмкүн. Эгер кааласаңыз...
Шоола үчүн асман менен жер чайпалып барып ордуна келгендей боло түштү. Теңселип кетти, көзүн жумуп отуруп калды. Түшүндө ыйлап жаткан бала, демек, анын баласы экен да. Жардын кырында эми жыгылайын деп турганда кимдир бирөө аны колдон тартып кеткендей жылуу сезим каптады. Ушунчалык чоң кубанычтын толкуну бүт денесин каптап бара жаткандай сезилди.
– Чын элеби?
– Чын, кааласаңыз УЗИден көрсөңүз болот.
Шоола ыйлап жатты. “Мына, баары бүттү” деген учурда кайрадан баары башталганы турат. Тагдырына таң берди. Узак убакыттан бери биринчи жолу өзүнүн бактылуу абалын сезди.
– Сен акылдуу кызсың!- деди капыстан врач сизден сенге өтүп. – Балаң атасыз өсүшүн каалабайсың. Мен Жанатты тааныйм, ал жаман адам эмес. Болгону сүйүү жетпей калган, балалыктагы жаракаты бар. Айыктырып алса болот. Сактап калыш сенин колуңда. Балаңды да, балаңдын атасын да сактап кала аласың. Эгер кааласаң...
“Эгер кааласаң...” Көп убакыт Шоола врачтын ушул сөзүн кайталап жүрдү. “Эгер кааласам, баары жакшы болот. Ошол үчүн, балким, Канат эмес, Жанат менин тагдырыма туш болгондур...”
Үмүт, коркуу, ошондой эле жан дүйнөсүндө туңгуюк күрөш бар эле.
ххх
Жанат убактылуу кармоочу жайдан чыгып, тез эле үйүнө жетти. Шоола арызын кайтарып алат деп ойлогон эмес. Өзү бул окуя эмнеден улам болуп кеткенин түшүнбөй жатты. Жуунуп, жасанып алып күзгүнүн алдында турду. Мына, кайрадан акылдуу, билимдүү, ишкер, таанымал адам Жанат Жусупович! Элдин алдында аброю бийик адам. Өзүнө-өзү ыраазы боло жылмайып койду.
Бир кучак роза гүлү менен ишенимдүү кадамдап кирип барды палатага. Шоола жалгыз болчу. Эч нерсе болбогондой жылмайып кирип келгенин көргөндө Шоола жыйрыла түштү.
– Кечир мени...
Тизесин лук эттире полго уруп Шооланын буттарын кучактай берди.
– Жанат, тур.
– Сени арызын кайра алат деп ойлогон эмесмин. Ушул жолу биротоло бүттү деп ойлогом.
Ушул учурда Канат да келип калган эле. Жанатты көргөндө эки-үч күндөн берки жыйып жүргөн ачуусу сыртка кантип чыгып кеткенин байкабай калды.
– Сен кайсы бетиң менен келдиң?!- деп Жанатты сүйрөп тургузуп, муунта кармады. Жини келгени ушунчалык эле, чындап өлтүрүп койчудай муунтуп жатты.
– Мен сага эмне дедим эле? Бир тамчы көз жашын агызбайсың дебедим беле? Баркына жете албачу болсоң, Шоолага жакындаба деп айтпадым беле?
– Канат, токто. Коё бер аны!- Шооланын чырылдаган үнү ага алыстан угулуп жаткандай болду.
– Канат, тийбе, ал менин курсактагы баламдын атасы!- деген сөзү кулагына шак дей түштү. Муунтуп жаткан колу бошой түштү. Ага-ини экөө тең Шооланы ооздору ачыла тиктеп калышты.
– Кош бойлуумун мен!
Көздөрүндө мөлтүр жаш, Канат нес абалда калды. Кучактап алып ушундай бир боздоп ыйлагысы келди Шооланы. Аны Жанаттан эч жакка кетирбей байлап кала турган нерсе курсактагы бала экенин түшүнүп турду. Аяп кетти аны. Ушул көз ирмем экөө үчүн тең өзгөчө эле. Экөө тең тагдырларына баш ийип, тээ тереңден бири-бирин аяп, экөө тең бири-биринин сезимин айдан ачык түшүнүп турушту. Канат эмне дээрин билбей палатадан чыгып кетти. Жанат болсо Шооланы кучактап калды.
– Чын элеби?
Шоола көзүн жума берди. Жанаттын кучагы ушунчалык муздак, коркунучтуу жана жагымсыз болчу. Бирок мурункудай түртүп же жулкунуп чыгып кеткен жок. Канчалык бошонгусу келсе да эрки менен эмоциясын башкарып турду. Анткени ал болочок эне болчу. Кызыгы ушунда, аялга карата “биринчиде аялбы же энеби?” деген суроо коюлганда көбүнчө анын энелиги биринчи орунга чыгат. Бул жолу Шооланыкы да ушундай болду. Энелиги үчүн өзүнө жагымсыз адамдын кучагында турду. Анткени эң биринчи миссиясы – курсактагы баланы сактоо эле. Жанат аны түшүнгөн жок.
– Кандай гана сонун жаңылык, жаным, эми баары жакшы болот. Менин сага чыпалагым да тийбейт. Болгону...
– Жанат, мен отурайынчы. Башым айланып кетти.
– Отурагой.
Шоола бардык күчүн жыйып туруп Жанаттын көзүнө тике карады. Жөн гана тиктеп турду. Бул көз карашка чыдаш мүмкүн эмес эле. Жанат тайсалдап кетти.
– Антип карабачы, жаным.
– Мен ичимдеги баланын тагдырына баш ийдим, Жанат. Кечээ сенден чындап кетейин дегем. Эми сенин жаныңда калууну чечтим. Бирок бул сенин келесоолугуңа чыдайм деген сөз эмес. Карьераң болобу, башкаң болобу, мени кызыктырбайт. Кандай кадамдарга бара ала турганымды өзүң көрдүң. Бирок мен сага да, мага да, эң башкысы, наристебизге бир мүмкүнчүлүк бергим келди.
– Шоолам менин!
– Сен оорулуусуң! Сен кандай жашоону баштан кечирдиң билбейм, эмнеден мындай болуп калганыңды да билбейм. Бирок сен чындап оорулуусуң. Менин бир талабым бар – психолог менен иштешип оңолгонго аракет кыласың. Болбосо мен сенин жаныңда кала албайм.
– Оорулуу эмесмин, ачуум чукул.
– Ачуусу чукул адам мени бул абалга алып келбейт болчу. Сен моюнуңа алышың керек. Болбосо, биздин жашообуз болбойт. Менин сага акыркы талабым ушул!
(Уландысы кийинки санда)