Окуу мезгили аяктап, мектептерде бүтүрүү кечелери, классташтардын 10, 20, 30 жылдык жолугушуу кечелери уюштурула баштаган мезгил. Бул күндөрү классташтар жолугуп, бала кездеги кызыктуу окуяларын, күндөрүн эске салышат эмеспи. Белгилүү инсандардан дал ушул кечелерге байланыштуу кызыктуу окуяларын сурап көрдүк.
Кенже Дүйшеева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «30 жылдыкта кээ бир классташтарымды тааныбай калыптырмын»
– 11-классты жакшы бүтүргөнбүз, мыкты, күчтүү класс элек. Абдан активдүү, жакшы кыздар-балдар бүттүк. Арабызда ашыкча шок балдар да бар эле, албетте. Кийин 30 жылдык жолугушуу кечесине бардым. 30 жылдыкта баарыбыз бир топ токтолуп, мурункуга караганда көбүрөөк бири-бирибизге сый артып калган учур болот экен. 30 жылдыкта көпчүлүгүн сыртынан тааныбай калыптырмын. Жашоо шарт ар кимди ар кандай кылып өзгөртөт экен да. Баягы бала кездеги аябай тентек балдардын кээ бири азыр деле ошол боюнча калыптыр. Бир классташым мектептеги кезде баары менен урушуп, аябай тентек бала болчу. Азыр деле ошол бойдон экен. Аны көрүп “ий, сен 30 жыл болсо деле тентек, дагы эле шок боюнча калыптырсың да” десем, “секин, акырын сүйлө, аялыма айтпа, аялым кетип калбасын, бул аялымды “сиз, сиз деп зорго жашап жатам” деп тамашалап жатпайбы (күлүп). Көпчүлүгү токтолуп, бири-биринин кадырын билип, чоң киши болуп калышыптыр. Неберелүү болуп калгандар, келин алгандар бар экен. Аларды көрүп аябай сыймыктандым, кубандым. 40 жылдыкта мындан да бири-бирине кадыры артып калат болуш керек.
Кубан Алимов, куудул: «20 жылдыкта токойдо кой кубалаганбыз»
– Мен 10 жылдык жолугушуу кечесине барган эмесмин, 20 жылдык жолугушууга бардым. Биздин класста көп улуттар бар эле, көп классташтарым бар. Баарыбыз чогулуп, мектептеги иш-чарадан кийин Кочкордогу токойго эс алганы кеттик. Бир койду союп, бир койду тирүүлөй алып алганбыз. Ошол күнү аба ырайы да суук болуп, шамал болуп, жамгыр жаап жаткан. Анан эле бир маалда экинчи союшубузду соёлу десек, коюбуз жок, бошонуп кетиптир. Токойдон издеп таап, кубалап жүрүп араң кармаганбыз. 20 жылдык ошонусу менен эсте калыптыр. Жолугушуу аябай жакшы өткөн. Анын арасында башка айылдагы башка 20 жылдык жолугушууга барып тамада болуп, концерт коюп келгем. Андан келсем, классташтарым бүт баарын даярдап коюшуптур.
Эмил Балтагулов, ырчы: «11-класста Жерге бекиткен катыбызды 20 жылдан кийин таап окудук»
– Мен мектепти Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчасынан бүткөм, ал убакта шаарча болчу. Азыр эми айыл деп айтылып калды. Биз кыргыз класста окуйт элек, бирок параллель орус класстар менен ынтымактуу элек, дайыма чогуу концерт койчубуз. Мектептен сырткары Маданият үйүнө билет сатып, элге чоң концерт берчүбүз. 7-класска чейин Сумсар орто мектебинде окугам.
10 жылдык жолугушууга Терек-Сайга бардым. 20 жылдыкта эки айылга тең бардым, Сумсарга да, Терек-Сайга дагы. Ак-Таш деген бийик аскалуу зоонун түбүндө Кайыңды деген жайлоо бар, 20 жылдыкта ошол жайлоодо болдук. Классташтарыбыз 11-классты бүтүрүп жатканда ушул жакка жаратылыш коюнуна эс алууга чыкканбыз. Ал жактан ар ким өзүнүн тилектерин айтып, бири-бирибиз менен коштошуп, анан кагаз беттерине ойлорубузду, каалоо-тилектерибиз жаздык. Аны болсо бир бөтөлкөгө салдык да, бир дарактын түбүнө казып бекиткенбиз. 20 жылдыкка барганда ошол бөтөлкөнү издедик. Болжогон жерибизден бир аз адашып калган экенбиз, улам бир дарактын түбүн казабыз, жок. Ошентип издеп отуруп баягы жазган кагаздарыбызды таптык. Бул биз үчүн өзгөчө окуя болду, бала күндөгү окуяларыбызды эстеп күлүп, жыргап алдык. Ырдадык, оюндардын түрлөрүн, аркан тартыш, таяк тартышмай сыяктуу оюндарды, топ ойнодук. Ошентип аябай көңүлдүү, сонун өткөрүп келгенбиз.
Самара Сабирова, ырчы: «Өзүмдөн 4-5 жаш улуу кишини укам деп...»
– Мен мектепте 11-классты бүтүрбөй калдым, 9-класстан кийин Ош шаардык Ниязалы Борошев атындагы музыкалык училищеге тапшырып кеткем. Ошого классташтарым менен көп катташпай калдым. Бирок анда-санда катташып турабыз, бизде 10 жылдык уюштурулбай калды. 20 жылдыкта жолугушуу кечеси уюштурулду. Айылда болгон, мен ал убакта тойлорго, кечелерге буюртмаларым көп болуп калып, күндүзү мектептеги иш-чарага катышып, мугалимдеримди куттуктап кеткенмин. 10, 20 жылдык десең эсиме келип жатат. Жумушума байланыштуу башкалардын 10, 20 жылдык кечелерине чакырып калган учур болуп калат. Бир жолу ырчы Гүлжанат Момбекова эжекебиз 20 жылдыгына чакырып калды. Барып, эженин атынан ырдап жүргөм. Бир балага “эй, укам” деп сүйлөп жаткам. Ал да "эжеке" деп жаткан. Бир маалда Гүлжанат эже “ээй, ал менин классташым, укам деп алыпсың го” деп жатпайбы. Көрсө, 1978-жылкы кишини эле “ука” дей бериптирмин (күлүп). Жаш көрүнөт экен.
Гулийпа Маметосмон кызы