Николас Голицын орус княздарынын тукумубу?

Голливудда дагы бир жылдыз жаркырап жанып келе жатат – Николас Голицин деген. Акыркы 2-3 жылда ысымы маалымат каражаттарынан, жүзү экрандан түшпөгөн актёр тууралуу маалымат издегендер көп. Ата-теги, карьерасы, жашоосу, келбети... Айтор, Николас мырзага кызыккандарга арналды макалабыз.

Толук аты-жөнү: Николас Дмитрий Константин Голицын

Туулган жери: Улуу Британия, Лондон

Туулган жылы: 1994-жыл, 29-сентябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 183 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Менин жүрөгүмдүн бөлмөлөрү” (“Покои” – “Камеры моего сердца”), “Күлчү кыз” (“Золушка”), “Кызыл, ак жана падышалык көк”, “Кызгылт-көк жүрөктөр” (“Пурпурные сердца”), “Сен тууралуу ой” жана башка

Улуту оруспу?

Николас Голицын популярдуулукту багынткандан бери көпчүлүктү кызыктырган улуту ким деген суроо болду. Анын үстүнө толук аты-жөнү Николас Дмитрий Константин Голицын болуп жатпайбы. Орус падышалыгында чынында эле Голицындардын княздыгы болгон. Бийликке большевиктер келгенде чириген байлыкка ээ, абройлуу княздын балдарынын башына оор күн түшкөн учурда Улуу Британияга качкан дешет. Англияга турукташкан үй-бүлөнүн тукумдарынын бири ошондо Николас болуп калат.

Дагы бир маалымат бар. Николастын чоң аталары Тир фамилиясын алып жүрүп, кийин аны Голицын кылып өзгөртүп алышкан, андыктан үй-бүлөнүн орус княздыгына тиешеси жок деген. Ошентсе да ата-тегинде орустарга бир чалымы болгон үчүн орус ысымдары коюлса керек.

Үй-бүлөсү

Үй-бүлө башчысы Жеффри Александр Голицын жеке ишкер, айнек иштетүү компаниясын негиздеп, ошол жаатта иш алып барат. Жубайы Лора Папаянни америкалык грек болот. Алардын тун кызы Лекси Голицын иллюстратор, интерьер дизайнери болуп эмгектенет. Ал эми уулу Николас дүйнөгө таанымал актёр болду.

Балалыгы

Николас балалыгында активдүү, тентек болгонун эскеришет жакындары. 3-классынан баштап мектеп хоруна кабыл алынып, ырдап баштаган. Андан сырткары спортту да калтырган эмес. Атасы Николасты футбол, регби оюндарына байма-бай алып барып турчу. Андыктан чоңойгондо өзү да футбол, регби ойноп, жеңил атлетика менен машыга баштаган. Келечекте регбичи болом деген ою бар эле, бирок жаракат алып калып, бул максатын жыйыштырганга туура келген. Мектепти бүткөндөн кийин жалаң балдар окуган Далвич колледжинен билим алган. Андан кийинки багытын чыгармачылыкка буруп, актёрлук чеберчилик жаатында билим ала баштаган. 

Киного кадам

Николас алгачкы жолу экранга 2014-жылы чыккан. «Бутумдун алдындагы ыргак» аталышындагы тасмада тушооcу кесилген актёр ырчылык талантын да көрсөтүп, бир нече саундтрек аткарганга жетишкен. Актёрдун карьерасындагы “бурулуш” болгон роль 2019-жылы “Менин жүрөгүмдүн бөлмөлөрү” сериалы менен жаралды. Ушул сериал аркылуу Голливуддун жылдызына айланган. Анан башкы ролдогу актёрлордун катарына кирди, көп өтпөй секс символ аталды, азыр суроо-талапка ээ атактуулардын катарында.

Кыялындагы ролу

Голицындык кинолоруна көз жүгүртөлү. Жомоктогу Күлчү кыз тууралуу канча тасма, мультфильм тартылбасын, аны кайрадан башка актёрдук курам жана заман талабына жараша өзгөртүүлөрү менен тарткан режиссёрлор чыга берет. 2021-жылы дагы бир жолу экрандаштырылган тасмада Күлчү кыздын ролунда белгилүү ырчы Камила Кабелло болсо, анын ханзаадасын Николас аткарган. Кино сынчылардын төмөн баасына арзыганы менен, Николас кыздардын дагы бир ирет чо-оң сүйүүсүнө айланган.

“Кызыл, ак жана падышалык көк” бул тасма тууралуу сөз кылбасак болбойт. Анткени ЛГБТ темасына кайрылган режиссёрлор Голицынга гейдин образын сунушташкан, болгондо да Британия ханзаадасынын ролуна. Ханзаада АКШнын президентинин баласын сүйүп калат... 2023-жылы экрандаштырылган тасма прокатта жакшы каралган.

Ал эми быйыл май айынын башында Голицын жана актриса Энн Хэтэуэй башкы ролдогу “Сен тууралуу ой” мелодрамасы экранга чыкты. Учурда бул тасмадан үзүндүлөр социалдык тармактарда жайылып жүрөт. Кыялында дагы кандай роль аткаргысы келет? Булчуңдарын буруйта чыгарып согуша турган курч боевик тасмага тартылганды кыялданып жүрөт.

Жүрөгүнүн ээси “Blackpink’теги” Женни?

Эл көзүндө ачылып-чачылып, шайыр жүргөн актёр жеке жашоосу тууралуу сөз кылгандан качат. Ошентсе да анын австралиялык фотомодель, актриса Кортни Итон менен кыз-жигит болгону маалым. Акыркы “Сен тууралуу ой” тасмасында музыканттын ролун аткарды. Бул образды ачууда Түштүк Кореянын белгилүү “BTS” тобунун бий кыймылдарын карап чыкканын, туураганга аракет кылганын айткан. Андан сырткары “Blackpink” тобун жакшы көрөрүн, өзгөчө топтун рэпери Женнини “краш” деп эсептей турганын билдирген. Николас мырза буга чейин да өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында Женниге болгон сүйүүсүн билдиргени бар. Балким, актёр менен ырчы кыз жолугуп, таанышып калаттыр, жер тоголок эмеспи.

“Регби боюнча Жогорку Лигада ойнодум. Бирок оюндан алган жаракатым мага эмоционалдык да, физикалык жактан да оор болду. Жаракатымдын айынан регбини жек көрүп калгам. Ошондон улам көңүлүмдү спорттон алыстатып,
музыкага, театрга бурдум”.

“Менин музыкага болгон сүйүүм “Queen” тобунан башталган. Фредди Меркьюринин сахнада өзүн алып жүрүүсүн, ар бир кыймылын, мимикасын көрүп алып өзүмдү эйфория абалында сезгем. Ошондо чыныгы артист ушундай болуш керек экен деген ой жаралган”.

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан