Бул инсан тууралуу көп сөз айтуунун деле зарылдыгы жок. Мыкты талант, анан таланттуумун деп керсейбеген жөнөкөй адам. Жөн гана “дагы бир кызыктуу маекке көз жүгүртүңүз” дегим келет, окурман.
– Саламатсызбы, Майрамбек ага? Маекти президенттин катышуусунда өткөн “Мурас” турниринен баштасак?
– Саламатсыңарбы? Биринчиден, көңүл сыртында калтырбай чакырып, көңүл бурганыңарга рахмат. Бул турнир тууралуу айтсам, президентибиз Садыр Жапаров “Мурас” аталышындагы футбол турнирин мындан 2 жыл мурун баштаган. Адегенде көп командаларда даярдык жок болчу, төмөн эле. Бүгүнкү күндө гүлү ачылып, кайра төгүлүп, мөмө берген дарактай өөрчүп, жыйынтыгын берип жаткан мезгил десем болот. Бул оюнга 2-3 ай бою катуу даярданып келген командалар болуп жатат. Кубаныч, мактануу менен айта алам, биринчи Кубок башталганда “Өнөр” командасы – чыгармачыл жамаат биринчи орунду ээлегенбиз. Президенттик администрация менен ойноп, 9-секундда мен биринчи голду киргизгем. Экинчи жылы турнирдин жарымына чейин ойноп бардык. Быйыл үчүнчү жылы тайпадан чыкпай калдык. Жалпы 16 команда бар.
– Президент менен чогуу футбол ойногон кандай экен?
– Буга чейин мындай саамалык болгон эмес. Президенттер чоң-чоң иш-чараларга гана барып, калган иштерди көмүскө, тигини-муну жумшап жасап, өзү көп аралашпайт эле. Азыркы бийликтин өзгөчөлүгү ушул – эл арасында көйгөй боло калса, маселени дароо чечип, жакшы жактарын көрсөтүп жатышат. Адам илим-билимдүү болсо жан дүйнө карыбайт. Спортто болсо дене тарбияланат. Адамда кыймыл болуп, кан айланып турбаса, барган сайын денеси катып, каны коюуланып, керек болсо, жашоого да көңүлү чаппай калат. Кыймылдап, адамдан тер чыгып турушу керек.
– Сиз канча жылдан бери футбол ойнойсуз?
– Менин футбол ойногонума 10 жыл болду. Башында бокско барчумун, Бообек Казакбаевич деген машыктыруучубуз бар эле, ал киши бизди кичинекей качмай топ ойногон топ менен ошол кичинекей залда футбол ойнотуп койчу. Көрсө, “разминка” кылдырчу экен. Кийин анан аянтчаларга чыга баштадык. Азыр “Бир топ” деген командам бар, 25 бала мүчө. Аптасына бир жолу таң атпай саат 6да оюн башталат. Баары ынтымактуу, жөн эле топ кубалап кетип калбай, жан дүйнөнү байыта турган нерселерди да жасайбыз. Мисалы, балдар 8 саптан бата жаттап келишет, футболдон кийин барып чай ичебиз, туулган күндөрдө калпак-чапан, бала-чакасына торт беребиз. Ынтымакта ден соолукту чыңдап жүрөбүз.
– Футболдогу позицияңыз кандай?
– Негизи чабуулчумун. Балдар “дарбазанын жанында батириңиз бар, бери жакка келбейсиз” деп тамашалап калышат. Азыр бери чуркап ойноп калдым.
– Чарчап, чуркай албай калган учурлар болобу?
– Жок, мен ойной берем, чарчабайм. Улам тер чыккан сайын, кан жүгүргөн сайын кызып ойной беребиз. Балдар аз келип калганда кээде 2-3 саат ойноп, ошондо бир аз чарчап калабыз. Карачы, бир кичинекей тоголок нерсе эле канча кишини артынан чуркатып жатат азыр. Ушул топтун аркасынан чуркагандай ата-энебизге чуркап барып кабар алсак, бир туугандарыбыздан кабар алсак, топтун аркасынан чуркагандай илим-билимге чуркасак кандай сонун болмок?..
– Жашооңуз кызыктуубу?
– Менин жашоомбу? Жашоом кызыктуу. Мен өзү куудулданып көп сүйлөйм да. Адамды күлдүрө турган сөздөр оюма бат-бат келет, тез ой жүгүртөм. Менин аялымдыкы бир кылка жашоо болушу мүмкүн. Ал “сеники эле жыргал, аябай бактылуусуң, өзүңдүн жаныңды ушундай карайсың” дей берет. Ушул футболчулардын аялдарына “силер деле ынтымактуу болуп жок дегенде волейбол ойноп, тердеп, бизчилеп каткырып күлүп эмоцияңарды чыгарып жыргабайсыңарбы” десем, эки-үчөө эле чогулуптур. Аялдар “биз үйдө иш кылып жатабыз, эртеден-кечке кыймылдабыз” дей беришет. Бирок адамдын денесинен чөлпүлдөп тер чыкканга жетпейт. Көпчүлүк аялдар акырындан нык болуп семирип кетишкени ошондон улам.
Анан менде иш көп да, студиям бар, көргөнсүң. Видео тартам, монтаждайм, дрон учурам, аккордеон үйрөтөм, обон чыгарам, аранжировка кылам, ырдайм, футбол ойнойм, тамада болом, футболго анча-мынча жаңы келгендерди тарбиялап, нукка салып, жүргөн жеримде дайыма позитив, барган жеримде күлкү, менин жашоом кызыктуу аябай. Жанагы “жашоом жаман супсак болуп кетти, жашагым келбей жатат” дегендер – булар аракет кылбай жатышат. Анча-мынча чет өлкөлөргө чыкканды да адат кылып жатам. Бирок кандай болсо деле баары бир Кыргызстан жакшы, Кыргызстан сонун! Башка элдерде көпчүлүк адамдарды мыйзам капаска салып койгондой, бизчилеп боорун тырмап, тизесин чапкылап, оозунан наны чачырап кетип, мурдунан суу куюлуп кеткиче күлгөн эл жок экен, бардыгы эле калың күлкү, калп күлкү.
– Кайсы өлкөлөргө барып келдиңиз?
– Европага барып келдим, балам Польшада окуйт. Баламдын жаткан жерин, эмне ичип-жеп жатат, чөйрөсү кандай, кандай басып-турат экен деп 4 күн жүрдүм борбор шаары Варшавада. Швейцарияны, Чехияны, Австриянын борбор шаары Венаны, Берлин, Мюнхен шаарларын, Страсбург деген Франциянын Европарламент жайгашкан шаарын көрдүм, Анталия, Стамбулга бардым. Европанын он чакты шаарын кыдырдым.
– Чыгармачылыкта мурунку маектешкенибизден бери эмне жаңылыктар болду?
– 2-3 чыгарма жараттым, ошолорду жаздырышым керек. Мен жакшы сөз таап, аккордеон кармасам эле обон чыга берет. Азыр менде ошондой учур, обончунун да обон чыга берген бир доору болот окшойт. Ал доор да бүтөт деп жатышпайбы, бир күнү изденсең да чыкпай калат деп. Азыр чыгып жатат. Улам чыккан обонду нотага түшүрүп, сактап коюп жатам. Кийин шашпай бирден шөкөттөп, сулуулап чыгара беребиз.
– Кыргыз шоу-бизнес, маданиятынын азыркы абалын кандай баалайсыз?
– Мен ушуну кечээ эле бир жерде айтып жаткам. Элди бийлетебиз деп эле жанагы “Жанзе, жанзе”, “Жок, жок, кереги жок” деген майда чыгармалар басып кетти, билбейм каяктан келди.
– Ошолор хит болуп жатат го бирок...
– Эми хит боло берет, бирок хит болону менен эртең аны ит деле ырдабайт. Ушундай ырлар көп жаңырса эле эл хит деп ойлоп жатат да. Азыр илгерки “Сагынуу”, “Ак булуттар”, “Жамгыр төктү” жок, кечээги эле Элмирбектин “Булбулумдары” жок. Тилекке каршы, аябай майдаланып паска түшүп кеттик. Ал ырлардын келечеги жок. Андай жеңил-желпи ырлардын канчасы жок болду. Эми бул ырларды ырдагандар мага капа болушпасын, алар жөн гана замандын талабына ылайык ырдап коюшкандыр, бирок уюткулуу элдин табитин бузбаш керек.
– Жаштардын табити деп ошондой ырлар жаралып жатыптыр дейли. Ал эми жаш муундун табитин кантип өзгөртсө болот?
– Илгери балдар үчүн “ак гүлдөр, көк гүлдөр, асырап көркүн көр, карачы татына, кааласаң үзүп көр” деген ырлар бар эле. Карабайсыңбы, сонун чыгарма. Ушул сыяктуу балдарга арналган ырлар азайды. Мисалы, Шайлообек Дүйшеевдин “Куш болбос өз тууруна талпынбаган, Кыз болбос өз уясын калтырбаган” деп кызын узатканда жазган ыры бар. Анан өзүнчө үй-бүлө болуп, бала-чакалуу болгондон кийинки саптары бар:
“Аттиң ай, бере албадым, жардамымды,
Азайттым мурдагыдан барганымды.
Азыр мен бассам-турсам тилеп жүрөм,
Аман-соо болсо экен деп балдарымды, – дейт. “Ата-энени унуттум, азыр мен өзүмдүн балдарымдын өмүрүн тилеп жатам” деген сөз да. Карачы, эмне деген саптар?!
– Кыз жөнүндө сонун ыр окудуңуз. Уул-кыздарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз...
– Балдар, кыздарыма жакшы, камкор атамын деп эсептейм өзүмдү. Мисалы, балдарым, кыздарым деп 10 жылдан бери машинемди да алмаштырбай жүрөм. Эми окууларын ийгиликтүү аякташса, анан жаңыланууга өтөбүз. Ушул жерден окурмандар “эмне дейт болду экен?” деп жооп издеп калышы мүмкүн. Адамдардын азыр эмнени күтүп жатканын билем. Мунун жообу сааты чыкканда угулат, билинет.
Гулийпа Маметосмон кызы