Роза Жекшенова, жабырлануучу: “Жаркылдаган кызым мыкаачы абьюзердин курмандыгы болду”

Үстүбүздөгү жылдын 23-февралында 39 жаштагы Айжан Алымкулова аттуу жарандын сөөгү өзү жашаган батирден табылган. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн маркумдун апасы Роза Жекшенова “кызым бийчи, белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган, 5 тилде эркин сүйлөгөн, чет өлкөдөн иштеп келген илимдүү-билимдүү жан эле. Бир алдамчы, аферист, абьюзерге алданып, анын колунан каза тапты” дейт көзүнө жаш ала. Окуянын чоо-жайын кененирээк макаладан окуңуз.

“Чет өлкөдө иштеп, 15 өлкөнү кыдырды”

– Аты-жөнүм Роза Жекшенова. Мен да силердей журналистмин, кезинде көптөгөн гезиттерде башкы редактор болуп иштегем. Азыркы учурда пенсиядамын. Каза болгон кызым Айжан “өз алдынча иштеңиз” деп жеке бала бакча ачып берген эле, акыркы жылдары ошол бала бакчаны иштетип жүргөм. Жакында башыбызга кырсык келип, азыр сот иштери менен жүргөн учурум. Менин 3 кызым бар, Айжаным улуусу болчу. Турмушка чыгып, ажырашып кеткен, 13 жашар баласы бар. Кызым кичинесинен барчылыкты да, жокчулукту да көрүп чоңойду. Эмгекке эрте бышты, мектеп курагында эле кайсы жерде “шабашка” болсо иштейм деп кете берчү. Бир жолу алма, алмурут терип тапкан акчасына балдар үйүнө бир куту йогурт алып барып бериптир. Кийин деле көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап жүрдү. Кызымды баары ак сөөк дешчү, анткени өзүн ак сөөктөрдөй таза, тыкан алып жүрчү. Бир эле адистен тырмак жасатчу, көп жыл бою бир эле тиш дарыгерине кайрылып жүрдү. Өзүн караган, спорт залга барган, илимдүү-билимдүү кызым бар эле. Чет тилдерин үйрөнүүгө аябай кызыкчу, университетте 3-курска барганда Германияга тажрыйба топтоого кетип, ошол жакта иштеп калып калган. Англис, немис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөчү. Башка тилдерди да өздөштүрүп жаткан. 15 өлкөнү кыдырып келди. “Кызым, жашың өтүп баратат, күйөөгө тийбейсиңби?” десем, үй алайын, бутка турайын деп койчу. 2 жыл мурун батир сатып алды, автоунаа алды, эми аялдык бакытка ээ болом деп жүргөндө каяктагы бир канкор, абьюзер бирөөнүн туткунуна түшүп, көз жумуп кете берди.

“Жигити үстүнө кирип жашап жүргөн”

– Жигити менен кантип, каяктан табышканын билбейм. Бирок ушул жигитти үйүнө киргизип, чогуу жашап алгандан кийин бизден алыстап кетти. Кызым чет өлкөгө чыккан сайын ар бир өлкөдөн зер буюмдарын ала келчү, менде 50 даана алтын сөйкө, билерик, тагынчактары бар болчу. Жигити менен чогуу жашай баштаганда ошол буюмдарын менден алып кетти. “Үстүңө кирип жашап алган эркектен эмнени үмүт этип жатасың, балам, ойлонуп көрчү” деп таарынсам, “мен 40ка чыгып калдым апа, менин да жеке турмушум болуш керек да” деп койду эле. Банк эсебинде 10 миң доллардай акчасы бар болчу, аны да алып кетти. Ал жигит мурун үйлөнүп, ал никесинен 2 кызы бар экен. Кызым көптөн бери балалуу боло албай жүргөн, жигиттин апасы виртуалдык байланышка чыгып “Казакстанга барып ЭКО жасатып берем, үйлөнүү тоюңарды Балиден өткөрөбүз” деп айтыптыр. Апасы “Билимкана” жеке мектебинде директор болуп иштеген Лариса Дамирова деген айым. Ошол айым турмушуна кийлигишип фантастикаларды айтса, байкуш кызым анын баңги, аракеч баласына ишенген окшойт. Жигити кызыма баасы 20 миң долларлык бир унаанын сүрөтүн жөнөтүп “ушул 23-февралга жакшы белек болмок” деп жазган экен. Айжандын Ысык-Көлдө жер тилкеси бар эле, аны жигити өзүнүн атынан сатыкка коюп, сатып жибергенге жан талашыптыр. Айтор, бул канкор кызымдын бардар турмушуна, байлыгына кызыгып өлтүрүп койду.

“Кабыргалары сынып, көз айнеги бетине кирип кеткен”

– Бул аракеч, өмүр бою иштебей, энесинин акчасына жашаган неме кантип кызымдын башын айландырып алганын түшүнбөй калдым. 23-февралда, кызымды өлтүргөн күнү соо болгон эмес. Экспертизадан баңгизат колдонгону, арак ичкени далилденди. Аябай мыкаачылык менен өлтүргөн, кызымдын соо жери калган эмес. Сөөгүн өзүм жуудум, бир тарабындагы кабыргалары толугу менен сынган, кызым көзүнө линза кийип жүрчү, кечинде линзасын чечип көз айнек тагынат эле. Аябай катуу урган окшойт, көз айнегинин темири бетине кирип кетиптир. Ар жерде жулунган чачтары жатат, чачтары баштын териси менен кошо жулунуп кеткен. Бети башы, бутунун тырмактарына чейин соо жери жок. Бул акмак 23ү күнү өлтүрүп уктап калган. Эртеси соолукканда өлүп калганын көрөт. Өлүктү ваннага сүйрөп барып оозуна арак куйган. Ваннадан тайгаланып жыгылып каза болду деп ойлосун дегенби, билбейм. Экспертизадан кызымдын каны таза чыкты, бирок милиция кызматкерлери оозунан арактын жыты чыгып жаткан дешти. Адам өлгөндөн кийин оозуна арак куйса ал канга сиңбейт экен. Үйүндөгү алтын буюмдары жок, 1 миллион сомдук алтындары бар эле, эсебиндеги 10 миң доллардай акчасы жок, баарына ушул акмакка бир нерселерди алып берди да.

“Жарым-жартылай гана моюнума алам дегенде чалкамдан кеттим”

– Мен эмнеге бул окуяны коомчулукка чыгарууга мажбур болуп жатам? Шектүү башында кызымды мыкаачылык менен өлтүргөнүн толугу менен моюнуна алган. Мейли, кызым жок, кайтып келбейт баары бир, мыйзам чегинде жазасын алсын дегем. Эми сотто кенебей отуруп “кылмышты жарым-жартылай гана моюнума алам” дейт. Апасы 1 эмес, 2 жактоочу жалдап берди. Менин кызым өлүп муздак жерде жатыш керек, мунун баласы чардап эркиндикте жүргөнү адилеттикпи? Мен “Билимкана” мектебин негиздеген адамдарга чейин барып окуянын чоо-жайын түшүндүргөм, бирок апасы дагы деле иштеп жүрөт. Баласынын кылмышын жашырган адамдын билим берүү тармагында иштегенге акысы барбы? Себеби – баласы кызымды өлтүргөндөн кийин энесине барган, энеси шаар четиндеги дачасынын ачкычын берип, таксиге отургузуп жөнөткөн. Милиция аны ошол дачадан кармап келип жатышат. Бул жигит кызымдын байлыгына көзү каткан неме, криптовалютага да азгырып акча салдырып жүргөнүн эми угуп жатам. Ушул менен таанышкан 2 айда эле кызымдын башынан эмнелер өтпөдү, кантип манипуляция кылып билимдүү, окуган-чокуган кыздын ишенимине ээ болуп алды, таң калам. Эркек болсо халат, тапичкелерин өзү алмак. Түгөнүп бүткөн альфонс экенин кызым билген жок да. Менин талап кылганым бир эле нерсе – адилеттүүлүк.

Лариса Дамирова, шектүүнүн апасы: “Баламды өзүм милицияга кармап бергем”

– Уулум 3,5-4 айдан бери Айжан менен жашап жүргөн. Тааныштырбайсыңбы десем “апа, азырынча эрте” деп койчу. Мен Айжан менен тааныш эмес элем, бирок уулум экөө чогуу жашап жаткандыктан азык-түлүк жеткирип берип турчумун. Батирине кирген эмесмин, сырттан эле кетчүмүн. 24-февраль күнү уулум мага чалып “түндө Айжан экөөбүз спирт ичимдигин ичип отурганбыз. Урушуп жатканыбызды билем, анан эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым” деди. Дароо эле “Тез жардам” чакыр дедим. Телефону талкаланып иштебей калыптыр. 20 мүнөттөн кийин мага келди, унаама отурду “мен сени милицияга кармап берем, “Тез жардам” чакыр азыр” дедим. Менин көзүмчө 2-3 жолу чалды, чындап эле телефону иштебей калган экен. Ал учурда мен дагы, уулум дагы Айжандын өлүп калганын билген эмеспиз. Балам шашылып эле унаамдан түшүп кетти, чоң энесинен шаар четиндеги дачабыздын ачкычын алып кетиптир. Уулум кеткенден 5 мүнөттөн кийин мен милицияга чалып, дачанын дарегин айттым. Анткени ал “өзүмө кол салам” деп жаткан. Түшүнүп жатасыңарбы, эч ким баламдын кылмышын жашырган жок, мен аны өз колум менен милицияга кармап бердим. Айжандын көз жумганына мен да кейип турам. Балам мыйзам чегинде жазасын алышын каалайм, баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз. Жашырбайм, баламдын ичимдикке жакындык боюнча көйгөйү бар. Айжан экөө реабилитациялык борборлордун биринен таанышыптыр. Айжан 23-февраль түнү каза болсо, 2 күн бою милиция анын туугандарын таба алган эмес. Мен Айжандын апасы менен кошо ыйладым, экөөбүз шаардагы күрөөканаларды кыдырып, анын алтын буюмдарын күрөөдөн чыгарып бердим, маркумду акыркы сапарга узатуу каадасына акча бердим.

Лунара Бекиева 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан