(Башы өткөн сандарда)
Жанатка баары суктанышчу. Билимдүү, илимдүү, келечекте дагы далай ашууларды аша турган инсандардын бири деп билишчү. Аккуудай сүзүлгөн, көргөндүн көзүн сүйүндүргөн жары бар, жакында наристелүү да болушат. Кыскасы, сырттан караган адамга андан бактылуу адам жоктой эле. Бирок реалдуулукта андан бактысыз адам жок болчу. Наристелүү болорун билгенден кийин Шоола кадимкидей өзгөрдү. Чындап Жанат менен жашап кеткенге аракет кылып жатканы билинчү. Бирок бул нерсе Жанатты бактылуу кыла албады. Анткени ал жүрөктөн сүйүлбөй эле, акылы, эрки менен өзүн баш ийдирип жатканын сезип турчу. Мейли, жылдар өтсүн, мейли, айлар өтсүн, ал нерсе эч өзгөрбөй турганын сезчү. Азыр психологдун кеңсесине кирип маңдайында отурганда да өзүн ушунчалык бактысыз адам катары сезди. "Эмнеге келдим мен?" деп кыжалат боло берди. Бирок сыртынан эч билдирбей жылмайып отурду. Психолог тажрыйбалуу, күчтүү адистердин бири эле. Жылмаюунун аркасында адам ченей алгыс, толуп-ташып турган кайгы турганын сезди.
– Телефон чалып, жаздырган аял киши эле. Менимче, сиздин жубайыңыз?..
– Ооба, жубайым жиберди. Сизди сүйүп калган экен, барбасаң болбойт, ажырашам деди. Аргасыз макул болдум.
– Мени эмес, менин кылган ишимди десеңиз туура болот...
Психолог аны баштан-аяк карап турду. Келинчегин жиндидей кызганган адамдар ушундай болот. Кызгануу менен эле чектелбей, кол көтөрөрүн да сезип калды. Нарцисс адам экени билинип турат.
– Сиздики сонун кызмат экен, кечке бири-бирин тиктешип отурган үчүн ушунча акча алсаңыз,- деди какшыктаган Жанат. Тиги жылмайып гана күлүп койду.
– Сизди эмне өзгөчө тынчсыздандырат?
– Учурдабы?
– Ооба.
– Уулум Айдар, айлар бою көрө элекмин.
– Апасы каршыбы?
– Жок, апасы каршы эмес. Менин ага барганга убактым жок. Кийинки учурда чечилбеген маселелер көбөйдү. Кызматта, үйдө. Чарчап жүрөм.
– Чарчап жүргөнүңүздү бирөөгө айтасызбы?
– Жок, кимге айтмак элем.
– Жакын эч кимиңиз жокпу?
Жанат ойлонуп калды. Чындап кимге айтат дартын? Адам аттуу менен чындап өзү тууралуу маектешип көрбөгөн экен ушуга чейин. Сезимдери, эмне каалап, эмне каалабай турганын бир да адам менен маектешип көрбөптүр. Кызыктай сезилди.
– Жакындарым бар, бирок эмнегедир бөлүшө албайм.
– Апаңызга дагыбы?
– Эң биринчи апам менен бөлүшө албайм,- деди Жанат.
– Апабыз төрөлгөндөн баштап эң жакын адам эмеспи баарыбызга? Сиз эмнеге айта албайсыз?
– Менин апам башка апалардай эмес. Узак, салкын, кайдыгер... Балким, азыр аны дагы жылдар өзгөрткөндүр, бирок менин балалыгымда ушундай эле. Жүрөгүнө бир кесим музду киргизип алгандай, муз аны тоңдуруп салгандай болчу. Тоңдурганы ушунчалык – атам аны жанын кыйнап, эзип, таанылгыс кылып сабап жатканда да бир кыңк этип үн чыгарып койчу эмес.
– Бир туугандарыңыздын баарына эле ушундай мамиле кылчубу? Же сизге элеби?
Жанат башын чайкады. Канаттын жадыраган жүзү көз алдына тартылды. Үйдө жалгыз гана жарык чачкан ошол адамдай сезилчү. Апасы да аны караган учурда муздак жүзүнөн бактылуулуктун жышааны билинчү. Жалгыз гана Канатты ал ушундай сүйүп карай алчу. Апасынын Канатты карагандай көз карашын эч унутпайт. Анткени жашоосундагы кызганычтын үрөнүн сепкен ошол көз караш эле. Психолог суроосун кайра кайталады.
– Жок, мени гана жакшы көргөн жок апам. Агамды жанындай жакшы көрчү.
– Эмнеге деп ойлойсуз?
Жанаттын чекеси тырыша түштү. Унуттум деп ойлочу. Бирок унута албаган экен балалыктагы жалгыздыгын. Муунуп бараткандай болду. Галстугун чечти да, өзүн араң токтотту.
– Мен эч кимдин көзүнө көрүнбөгөн бала элем. Эч ким барк албаган, эч ким ойлобогон кичине Жанат... Кээде күнү кечке жоголуп кетсем да апамдын үнү мени жоктоп чакырчу эмес. Апам мени эч сүйбөдү. Атам андан бетер сүйбөдү. Анткени мен алар үчүн экинчи сорт элем. Оорукчан, илбийген, эч кимдин ишенимин актабаган, жалтак, өксүк бала болчумун. Оор балалыгым болду. Атам апамды уруп моокуму канбай калганда, сөзсүз түрдө мени таап, калган өчүн менден алчу. Милиционер болуп иштейт эле атам. Канды, өлүмдү көп көрүп калган адам болгондуктанбы, мыкаачылык менен сабачу. Жок, андан да мени кыйноодон ал кызыктай ырахат алар эле.
Жанат толуп-ташып калган сыяктуу өзүн токтото албай, балалыгы тууралуу айтып жатты. Ар бир окуяны деталдуу түрдө айтып жатты. “Апасынын көйнөгүнүн түсүнөн баштап, атасынын үзүлгөн топчусуна чейин эсинде калганын кара. Кызык, дагы канча ата-эне баласынын келечегин минтип талкалап жатты экен”,- деп ойлоп жатты психолог.
ххх
Ажар уулу Айдар менен макулдаша албай убара. Кийинки убактарда Канат агасы да келбей калгандыктан, атасын көрбөй бала куса болду. Чоңдордун маселеси менен иши канча? Наристелер өздөрүнө сүйүү талап кылышат эмеспи.
– Кел эми, тамагыңды ич.
– Ичпейм, Канат байкем келем деген. Ал келгенде чогуу ичем.
– Канат байкең азыр башка шаарда жүрөт да, уулум, ал бүгүн келе албайт.
– Келет, мага убада берген. Ал эч качан убадасын аткарбай койбойт. Ал атама окшош эмес!
Айдар тамакты түртүп салды. Канат башка шаарда шакирттеринин мелдеши үчүн кеткен эле. Келбейт деп ойлогон. Бирок түн бир оокумда эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Айдар секирип турду.
– Мына, Канат байкем келет деп айтпадым беле.
– Коё тур, уулум, балким, ал эмес.
Канат экен, колунда белек-бечкеги менен кирип келди. Айдар чуркап моюнуна асылып калды. Чыдабай ыйлап жиберди.
– Ой, Айдарбай, сага эмне болду?
– Сени апам келбейт, башка шаарда деди. А мен сени күттүм. Келериңди билгем. Сен мени аябай жакшы көрөсүң. Алдабайсың.
– Азаматым десе, мен сага келем деп убада бергеним үчүн аэропорттон түшөрүм менен сага келбедимби. Карачы, кандай нерселерди алып келдим.
– Мага оюнчуктардын кереги жок, сен келдиң, жетет мага ошо. Мен кичине эмесмин,- деди Айдар.
– Дал сендей чоң жигиттерге керек нерселерди алып келдим. Мына карасаң...
Айдар агасы алып келген белектерди караганга өз бөлмөсүнө жөнөдү. Канат Ажарды карап калды.
– Келиңиз, аке.Тамак ичиңиз...
Колун жууп, тамакка отурган Канат акырын үн катты.
– Атасы келе элекпи?
– Жок, эки айдай болду. Келе элек, телефон да чала элек. Ошого жинденип жүрөт.
– Жумуштарынан колу бошобой жатса керек. Билесиң го, акыркы окуялар карьерасына аябай эле таасир тийгизиши мүмкүн эле. Дагы жакшы, элге жайылып кетпей бас-бас болуп калды.
– Ооба, мен дагы ошону ойлонуп жатам.
– Ажар, Жанат эмнеге мындай адам болуп калды? Мурун жакшы күйөө, камкор ата эле.
Ажар ийинин куушурду.
– Менимче, мен ал үчүн ыңгайлуу адам болдум. Балким, мени менен деле сөз табыша албай, чыр салмактыр. Ал каалагандан башкача болгондо колу тиймек болушу керек. А мен андай эмес элем. Ар дайым бир кадам артта болдум. Эмне каалаганын көзүнөн билип турчумун. Мен анын акылына, өжөрлүгүнө суктанчумун. Ага фанат элем. Менимче, анын ичинде жырткыч дайыма бар болчу. Болгону аны ойгото турган абал же адам боло элек эле. Мен ошол жырткычты алдаганды билдим...
(Уландысы кийинки санда)