(Башы өткөн сандарда)
Такси шаардын көчөлөрүндөгү тыгындарды аралап отуруп Алтынайды айтылган дарекке алып барды. Алтынай түшүп эле үйдү таң кала тиктеди. Ушундай хан сарай ижарага ошончолук арзан берилеби, кызык деп мурда байланышкан номурга телефон чалды эле, өчүк болуп чыкты. Үйдүн коңгуроосун басты, жооп жок. Дагы кайталап эки жолу басканда ары жактан ачуулуу аялдын үнү чыкты.
– Ким бул? Коңгуроону кайра-кайра эле баса бересиңби? Ким керек сага?
– Эже, мен батир боюнча келгем. Жарым акчасын которбодум беле?
– Эмне болгон батир? Биз эч кандай батир-сатир ижарага бербейбиз. Адашып келип алдың окшойт. Бул биз өзүбүз жашаган үй,- деген аял кайра ичкери кирип кетти. Адашып келип алдымбы деп интернетте көрсөтүлгөн даректи дагы бир ирет карайын деди эле, жарнаманы таба албай калды. Кыязы, өчүрүп салышкан окшойт. Акча которулган номурду терди, ал дагы өчүк экен. Алтынай эмне кыларын билбей дал болуп туруп калды. Бир туруп өзүнүн ишенчээктигине жини келсе, бир туруп акчасын үнөмдөйүн деп жатканда шылуундарга жем болгонуна жини келип жатты.
– Эже, кийинки буюртмага барышым керек. Кайра-кайра чалып жатышат, жүктөрүңүздү түшүрүп каласызбы?- деп таксист басып келди. Алтынайдын ызалуу абалын көрүп таксист чочугандай үн катты?
– Эже, баары жакшыбы?
– Батир ижарага алмак элем, ушул даректи берген. Эми байланышкан телефон да, мен акча которгон номур да өчүк болуп жатат. Бул болсо бирөөнүн жашаган үйү экен. Эч кандай батир жок дейт,- Алтынай жиндене үн катты.
– Эже, сиз алданып калган окшойсуз. Интернеттеги батирлерди биринчи көзүңүз менен көрүп, анан акча которбосоңуз, азыр шылуундар көп да,- деди жигит.
– Шашылыш карап жаттым эле да, баасы да ыңгайлуу болгонунан акча которо койбодум беле. Эми жүгүмдү бул жерге түшүрүп калып кайда барам?
– Эже, анда мен буюртмадан баш тартайын. Сизди балаңыз менен көчөгө кантип таштап кетем? Бирге сиз жайгашканга батир издей коёлу.
– Рахмат, сага. Акчам дагы аз эле. Эми жер үйлөрдөн издейт окшойм.
– Апа, биз кафеге барабызбы? Тамак жейм,- Алан эркелей үн катты. Ал апасынын үй издеп жүргөнүн кайдан түшүнсүн.
– Тынч отуруп турсаң кафеге барып тамак жейбиз, балам,- деп баласын тынчтандырып, кайрадан батир берчүлөргө телефон чала баштады. Таксист жигит дагы интернеттен батир издей баштады.
– Эже, бизге жакыныраак бул жерде барак тамдарда бир батир бар экен, жүрүңүз көрүп эле келели,- деди жигит.
– Макул, сени да ишиңден калтырдым. Жигиттин кичи пейилдигине Алтынай ичинен абдан ыраазы болуп турду. Ал ортодо апасы телефон чала баштады. Карады да, телефонун үнсүз режимге коюп койду.
Көрсөтүлгөн дарекке барышты. Алтынай үйдү бир сыйра көрдү да, калууну туура көрдү. Такси менен батир карап дагы кайда барат элем деп ойлонду. Мындай үйдө, мындай шартта жашоо жакпаса да, айласы жок ушул үйдү тандоого мажбур эле.
Жигит Алтынайдын жүгүн арыдан бери бөлмөгө киргизип берди.
– Чоң рахмат сага,- деп Алтынай жигитке 1000 сом сунду.
– Жок, эже, бул акчага балаңызга шоколад алып берип коюңуз.
– Ошондой болчу беле? Алыңыз, ансыз да канча буюртмадан калтырдым.
– 1000 сом тагдыр чеччү беле, эже? Менден сизге жардам болсун, жөн эле коюңуз. Жигит шарт бурулуп сыртты көздөй басты.
– Рахмат сага,- деди Алтынай башка эмне дээрин билбей. Баарына нааразы болуп кейип турса дагы, ушул жигиттин кылган жакшылыгы бүтүндөй жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулап турду. Ушунун деми менен үйдү арыдан бери тазалап, 2 төшөк, бир чемодан кийимин бир бурчка жайгаштырды.
Бул Алтынай үчүн жашоонун жаңы үлгүсү. Ал бала кезинен тартып мындай начар шартта жашап көргөн эмес. Үйдө азык-түлүк жок болгондуктан бир жерге барып Аландын курсагын тойгузуп келмей болду. Караңгы көчөдө эне-бала карайлап бара жатты.
– Апа, биз кайда келдик? Атама барбайт белек? Же атам келеби бул жакка?- деген Аландын үстөккө-босток берилген суроолорунун курчоосунда ойлуу бара жатты Алтынай.
– Апа, апа дейм, атам келбейби эмне? Атам келсе ойносом жакшы болмок,- деди бул сөздү айткандан тажабаган бала.
– Болдучу, Алан. Атаң ишинен бошогондо экөөң ойнойсуң, барабыз деди.
– Ураа!
Алан кудуңдап кубанып калды.
xxx
Дасторконго отурган кезде Алтынай менен Аландын жоктугун байкады.
– Алан менен Алтынай кайда?- деди Садык аялын карап.
– Жок, кетип калышыптыр.
– Эмне, кайда кетет? Же тиги шумпай күйөөсү кайра алып кеттиби?
– Билбейм, телефон чалсам албай жатат,- деди эч нерсе билбеген немедей.
– Кызык го, бу катын. Чалбайсыңбы Дайырга. Тоок кепесинен чыгып кеткендей эле беймаралсың го.
– Дайырга чал, кудагыйга чал. Дайынын бил да. Алтынай менен Аландын жок экенин уккан атасынын тынчы кетти. Аялынын айтканына ишенбей үйдөгү бардык бөлмөнү өзү карап чыкты.
– Дайырдын телефону дагы өчүк экен. Чогуу бир жакка эс алганы кетишкен окшойт да. Кызың чоң киши болуп калганына канча болду. Кайда барат, эмне кылат өзү билет да. 15 жаштагы немедей эле ары баспа, бери бас, үйдө отур дей берет белек. Дайыр менен эле кетти го. Алан дагы атама баралычы деп жүрбөдү беле.
– Сен деги эч нерсе деген жоксуңбу? Аны-муну айтып кызымдын көңүлүн оорутуп коймоюң бар эле...- аялын шектүү карады Садык.
– Койчу, ай. Бир нерсе болсо эле мен күнөөлүү болуп чыга келем. Кыз эмне сага эле керек бекен?- бурк этип койду. Жолдошуна билгизбегени менен, ичинен тынчы кетип жатты. Алтынайга үстөккө-босток телефон чалат, СМС жазат. Апасына таарынган Алтынайдын көк беттиги кармап такыр жооп бербей койду. Сарсанаа болгон эне түнү менен көз ирмеген жок. “Кайдагы Аскатты айта салдым эле” деп өкүнүп жатты...
xxx
Шамэл бөлмөгө тартылган сүрөттөрдү кылдаттык менен боёп жаткан. Бийигирээк жерине бою жетпей колун созуп баратканда шаты тайып кетип, Шамэл күп этип кулап түштү. Бөлмөдө өзү эле болгондуктан бир топко жатып калды. Ар бир класстын ичин карап жүргөн күзөтчү оңдоп-түзөө болуп жаткан бөлмөгө баш багып калды. Көмкөрөсүнөн шатыга басылып жаткан Шамэлди көрүп чочуп кетти. Жетип барып шатыны ала салды. Жансыздай сезилди. Жүрөгү оозуна кептелди. Класс жетекчиге жана Шамэлдин телефонун чөнтөгүнөн алып чыгып Алтынбек байке дегенге чалып, Шамэлдин абалын айтты. Тээ четки айыл болгондуктан мындайда “Тез жардам” чакыруу деле пайдасыз. Алтынбек унаасын короодон чыгарып, шашыла коңшу айылга жөнөдү...
(Уландысы кийинки санда)