Саясат жана коом

Бишкекке Интерполдун кеңсеси ачылабы? 

29-майда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Интерполдун президенти Ахмед Насер аль Раиси онлайн форматта сүйлөшкөнү маалымдалды. Сүйлөшүүдө Бишкекке Борбордук Азия үчүн Интерполдун аймактык кеңсесин ачуу маселеси, ИИМ өкүлдөрүнүн аталган уюмдун штаб-квартирасында иштөө мүмкүнчүлүгү талкууланган.

– Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Интерпол бюросунун ишмердүүлүгү географиялык өнөктөштүктү кеңейтүү жана ИИМ кызматкерлеринин Интерпол эгидасы алдында эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган эл аралык долбоорлорго катышуусун активдештирүү менен белгиленүүдө. Мындан тышкары ИИМ тарабынан Интерполго мүчө өлкөлөрдөгү кесиптештер менен жумуштук мамилелерди түзүү жана бекемдөө, Интерполдун маалымат базасына интеграциялоо боюнча иштер күчөтүлдү,- деп айтылат маалыматта. 

Сүйлөшүүдө тажрыйба алмашууну күчөтүү, жарандардын коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу да сөз болгонун билдирди министрлик.

1-июндан тарта оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы чектелет

Жолдордун сапатын сактоо максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин өлкөдө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу 29-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты. Чектөөгө ылайык, абанын күндүзгт температурасы +28 градустан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүк ташыган унаалардын жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүшүнө тыюу салынат. Бул чектөө максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга тийиштүү.

Бирок бул чектөө айрым оор жүк ташуучу унааларга колдонулбайт. Мисалы, жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардам ташыган, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган, атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдө жүктөрдү ташыган, жол куруу жана оңдоого тартылган унааларга.

Министрлик чектөөнүн аткарылышы такай көзөмөлдөнүп турарын билдирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан