Белгилүү куудул, ата жолун улаган талант ээси, айтылуу сатирик, маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков эсиңиздеби? Ал учурда кайда? Эмне менен алек, сурап көрдүк.
– Санжар ага, саламатсызбы? Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, кайда жүрөсүз? Кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Саламатчылык, жакшы жүрөм, Кудайга шүгүр. Учурда Жалал-Абад шаарында жашап жатам. Жаңылыктардан – жаңы ырларды жаздырып жатам. Тойлорго барып ырдап, куудул инилерим менен аймактарга гастролдоп чыгып келип жүрөм. Бишкекке бара элекмин көптөн бери, азыр ушул өрөөндө жүрөм, Ошко, Баткенге барам көбүнчө. Жакында эле Алайкуунун Ой-Тал, Көңдүк деген айылдарына чейин барып келдим. Аябай сонун жер экен, эли дагы ак көңүл, карапайым, таза. Мамлекет жолуна эле көңүл буруп койсо, туристтер агылып бара турган жер экен. Жакында эми Алайга, Чаткалга барабыз гастролдоп. Алдыда жеке концерт берсемби деп ойлонуп жатам, эми көрөбүз, келе берсинчи ошол убак. Ырчылыкта жаңы, эски ырларды ырдап жүрөм, жакында сөзү, обону өзүмө таандык “Тегирмен” деген жаңы ырым чыгат. Андан сырткары дагы 4-5 ыр даярдап жатам.
– Кимдер менен иштешип жатасыз?
– Ким чалса иштеше берем, азыр Ошто Талант Гуламов, Канат Мадымаев деген куудул балдар бар, ошолор менен иштешип жатам.
– Тойго көп чыгасызбы?
– Тойго чыкканыма 30 жыл болду, той менен эле жүрөм. 15-20 жыл мурун, “Бешилик” жаңы чыккан кезде тамада элем. Азыр анчалык тамада эмесмин, көбүнчө ырдайм. Негизи, сахнада элебиз. Жакында Талант Гуламов концерт берди эле, 3-4 интермедиясына катыштым. Аны менен 5-6 жерге концерт коюп бардык. Чакырган концерттерге катышып жатам. Барпы театрында ырчы кыздар, балдар концерт коюп калышат, ага чакырышат. Жакында жаңы чыгып келаткан ырчы Бекназар Камчыбеков деген иним Базар-Коргондун стадионунда концерт берди эле, ага бардым. Кыскасы, даярбыз да бардык концерт-гастролго.
– Ошондо азыр ырчысызбы же куудулсузбу?
– Мен куудулдана деле берем, ырдай деле берем. Тойлордо элди күлдүрөм, бирок көбүнчө бийлетип, ыр менен маанайын көтөрүүгө аракет кылам. А негизи эки тармак бирдей эле кетет. Киного деле тартылып коё берем. Мурун “Талак” тасмасында башкы ролду, Бек Борбиевдин “Мен сүйгөн карагат” тасмасында да ойногом. Алдыда кино тартсакпы деген да максат бар.
– Талантыңыз, өнөрүңүз менен кыргыз маданиятына канчалык салым кошо алдым деп ойлойсуз?
– Билбейм, эми аны эл билет. Ортодо чоң сахнага чыкпай, дем алыш болуп калды. Бирок чакан айыл, райондордо жүрдүм, тойлордо жүрөм, колумдан келген кызматты кылып келатам. Ооба, атамдын артынан элге таанылдым. “Манас Бердибековдун баласы Санжар Бердибеков” деп элдин оозуна аз-маз алынып калдым.
– Сахнага жаңы чыккан кезиңизде “атамдын көп аялы бар” деген тамашаны көп айтчусуз...
– Ооба, 3-4 апам бар, атам “красавчик” болгон да (күлүп).
– Сиздечи?..
– Мен эки жолу үйлөндүм, экинчи жубайым менен да ажырашып кеттим, буйрук, тагдыр ушундай экен. Азыр бойдокмун. “Бойдок болуп жүрөмүн, бойдок, бойдок” деп ырдайт окшойм эми (күлүп).
– Уулдарыңыз чоңоюп калгандыр?
– Ооба, уулдарым апаларынын колунда, 4-5 күн мурун экинчи балам каникулга менин жаныма келди. Улуу балам 24кө чыгып калды, студент. “Европага барып окуумду улантам” деп аракет кылып иштеп, апасын карап жүрөт. Экинчи балам быйыл 8-класска көчөт. Кичине балам 1-классты бүтүрдү, Бишкекте Америка мектебинде окуп жатат. Балдарым менен бат-баттан сүйлөшүп турам.
– Балдарыңызга кандай атасыз?
– Жакында бир интервьюда да айткам, жакшы ата боло албай жатам. Жакшы ата боло албай жатам дегеним – балдарымдын жанында көп боло албай жүрөм. Кандай ата экенимди балдарым билишет. Негизи аларга катуу айтпайм, колумдан келсе айткандарын аткарам. Жакшы ата болушка аракет кылып жүрөм. Балдарыма “менин жаман жактарымды албагыла, мендей болбой, чоң атаңардай болгула, жакшы окугула, жакшы жүргүлө” деп көп айтам. Балдарым жакшы, акылдуу, ыймандуу, жакшы окушат.
– Таене-таятаңыздын колунда өскөнүңүздү билебиз. Атаңызга карата көкүрөктө сагыныч, өксүк калдыбы?..
– Жок, менде өксүк деле болгон жок. Таята-таенемди ата-апа деп чоңойдум. Колунда бар адамдар эле, эч нерседен кем кылбай өстүрүштү. Ата, апанын орду толук эле болду менде. Кийин анан өз атам менен тааныштым. Мына эми, чоңойгондо билинет экен, жаш улуулаган сайын атаңды көп эстеп, “атам жанымда болсо” дейт экенсиң.
– Атаңыз сиздин элесиңизде кандай адам катары калды?
– Атам ак көңүл, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, мага да эч катуу айтпаган, акылдуу, билимдүү киши эле. Улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылчу, кандай адам келсе деле, чоочун кишиге деле абдан көңүл буруп, дайым катташып жүргөн адамындай ал-акыбалын сурашып сүйлөшөт эле. Ошонусун байкачумун. Мага да ошондой мамиле кылчу.
– Мындан 6 жыл мурун берген маегиңизде "колум менен кылганды моюнум менен тартып, абак жашоосун көрүп чыктым" деген экенсиз...
– Ооба. Өткөн күндөргө салават дейт, өткөн күндөргө кайрылгым келбейт. Ошол убакыт-саатында айткам, азыр андай нерселерден Кудай сактасын. Эми жаштык кездерде түшүнбөстүктөр болгон. Мындан ары жакшы болот.
– Убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, эмнени өзгөртөт элеңиз?
– Анча-мынча кемчиликтеримди түздөмөкмүн. Мындан аркысына түздөп кетем эми. Кемчилиги жок адам болбойт экен, акырындык менен жакшы жакка өтөбүз, өтүп келатабыз. Жаман иштериме өкүнөм.
– Кичинекей Санжар кандай бала эле?
– Шок болчумун аябай, таенемдин эрке баласы элем да. Кыздарга тийишип, чачынан тартып ыйлатып, балдар менен мушташып эле жүрчүмүн. Көпчүлүк эркек балдар ушинтип чоңоюшса керек, азыр эми 46га чыктым, токтолуп калдым (күлүп).
– 46 жылда эмнеге жетиштиңиз?
– Материалдык жактан эч нерсеге жетишпедим. Байлык-бийликке көп кызыкпадым. Аздыр-көптүр эл таанып калды, ушуга шүгүр. Ушундай даражага таене-таятамдын батасы менен, атамдын Бердибеков деген фамилиясы менен жеттим. Эл катары жашап келе жатам, жаман эмес.
– Негизи кичинеңизде ким болгуңуз келчү?
– Чынын айтайынбы, шоопур болом дечүмүн. Кесип тандоо деп мектепте дил баян жаздырганда “шоопур болом, таенем менен таятамды багам” деп жазчумун. 11-классты бүткөндө айдоочулукту үйрөнөм деп училищеге тапшырсам, ал жерде эстрадалык бөлүмчө бар экен. 3-курстагы ырчылар окууну бүтүп кетишип, алардын ордуна сынак жарыяланып, досум мени жаздырып коюптур. Ошондо Бек Борбиевдин “Азиза” деген ырын ырдап, ошончо баланын ичинен мен өтүп кеткем. Анан чыгармачылыкка кызыгуу башталды. Ошентип артист болуп кеттим.
– “Бешиликтеги” сахналаштарыңыз менен мамилеңиз кандай?
– Жакшы, сүйлөшүп турам. Өткөндө Тынар менен сүйлөшкөм. Жолугуп калсак учурашып, баары менен сый мамиледемин.
– Жакында Бишкекте Рахман Разыковду эскерүү концерти болду, сиз көрүнбөдүңүз?..
– Ошол маалда бутумду сындырып алган элем, алыс жолго чыга албагандыктан катыша албай калдым.
– Ден соолукта болуңуз!
Гулийпа Маметосмон кызы