“Күйөөм каза болгондон бери кайын журтум үйдөн кууп жатат". 28 жаштагы келин акыйкаттык издейт 

“Жолдошум сулк жатыптыр, денеси купкуу экен”

– Аты-жөнүм Салима Хасанова, 28 жаштамын. Бишкектин тургунумун, учурда убактылуу иштебейм. Мындан бир нече жыл мурун Улан Бачеринов аттуу адамга турмушка чыгып, экөөбүз Аламүдүн районуна караштуу Биримдик-Кут конушунда жашап калдык. Баш кошо электе Улан үй куруп жаткан, бирок бүтө элек болчу. Экөөлөп бүтүрдүк. Балалуу-чакалуу болуп, ал жеке фирмалардын биринде иштесе, мен жеке медициналык борбордо администратор болуп иштеп жүрдүм. Бири-бирибизди түшүнүшүп, сыйлашып, такыр урушчу эмеспиз. Кайын журтум менен сый мамиледе элем.

2023-жылдын 26-декабры – биз үчүн каргашалуу күн. Кош бойлуу элем, түштө кичине баламды уктатайын деп диванда жатсам Улан да келип жаныбызга жата кетти. Көзүм илинип кетиптир, бир кезде ойгонсом жаныбызда Улан жок. Залга барып жатып алыптыр. Жанына барсам сулк жатат, денеси купкуу болуп кетиптир. Коркконумдан калчылдап, нес абалда кыйкырып ыйлай баштадым. Анан өзүмө келе түшүп “Тез жардамды”, Уландын туугандарын чакырдым. “Тез жардам” 2 сааттан кийин келип, “эч нерсе кыла албайбыз” дешти. Анан милиция кызматкерлери келишип, сөөктү өлүк сактоочу жайга алып кетишти.  

Ал жактан медэксперттер "острая сердечная недостаточность" деген диагноз чыгарышыптыр. Мурун Уландын жүрөк оорусу жок болчу. 

“Уланды сен өлтүрдүң, курсактагы баланы алдыр дешти”

– Кайын журтум эртеси жолдошумдун сөөгүн алып, Уландын кичи мекени Түп районунун Түп айылына жөнөдүк. Жаназа окулуп жатканда молдо “маркумдун карызы барбы? Болсо ким төлөйт?” дегенде, кайнатам “карызы бар, мен төлөйм” деп элдин көзүнчө моюнуна алды. Маркумду жайына коюп келгенден кийин эле кайын журтум “Уланды сен өлтүрдүң. Эми жыргап жат өлтүрүп коюп” деп күнөөлөп, мени кагып-силкип башташты. Кайненем “ичиңдеги баланы алдырып сал, 3 баланы кантип бакмак элең” деп катуу айтты. Аны башкалары коштоду. Жолдошумдан ажырап стресске батып, аргамды таппай турганымда мени “сен өлтүрдүң” деп күнөөлөшкөнү, “аборт жасат” дешкени өлгөндүн үстүнө көмгөн болду. Ошондо ичим катуу түйүлүп, ооруй баштады...

“Короодогу унаабызды өздөрү билип сатып жиберишти”

– Түптө 2 күн туруп, үчүнчү күнү Биримдик-Куттагы үйүбүзгө кайтып келдик. Келсек, короодо турган BMW унаабыз жок. Көрсө, аны кайнатам күйөө баласына дайындап, үйүнө алдыртыптыр. Ал унааны сатып аларда жолдошум экөөбүздүн акчабыз жетпей, туугандардын биринен 170 миң сом, экинчисинен 130 миң сом карыз алган элек. Унаа бузук болчу, оңдотууга мен банктан 75 миң сом насыя да алгам. Унаанын ичинде баасы 40 миң сомду түзгөн ачкычтар топтому, Уландын кийимдери, кайырмактары бар эле. Унаага кошо баарын алып кетиптир. Ошентип унааны өздөрүнө каттатып, анан сатып жиберишти. Биздин карыздарыбызды жабышпады. Же унаадан жок, же акчадан жок, карыздар мойнума илинген бойдон калып кеттим. Карыз бергендер акчаны эми менден доолап жатышат. Бул эле эмес, кайын журтум Уландын иштеген жерине барып айлыгын – 154 миң сом алып кетишиптир. 

“Балам өлүү төрөлдү”

- 15-январь күнү үйгө кайын сиңдим, анын күйөөсү, кайним үчөө келишти. Кетерде кайын сиңдим “үйдү 2-3 күндө бошотуп кой” деди. Эртеси кайненем, кайнатам “үйдү бошот” деп тынбай телефон чала башташты. Кыштын чилдеси эле. “Кой, чиедей 2 баласы бар. Кош бойлуу дагы” деп аяшкан жок. Үйдөн чыгып кетишимди талап кыла беришти, неберелеринен үй талашышты. Бирок мен да укугумду талашып чыкпадым.  Маркум жолдошумдун кыркылыгына барганда  кайнатам  атама “кызың үйдү бошотсун” дептир. Сөздөн сөз чыгып, кайнатам атама “өлтүртөм, жок кылам” деп коркутуптур. Бул да мага катуу тийди. Ошентип депрессияга түшүп, ичимдин түйүлүп оорутканы улам күчөп жатты. Башым да ооруп, уйкусуздук басып, тамак иче албай калдым. Бул арада врачтарга барып текшерилип турдум, алар “азырынча бала жакшы эле” деп жатышты.

23-апрелде толгоо башталды, курсактагы балага 37 апта болгон эле. Төрөт үйүндө врачтар УЗИге тартышып, “баланын жүрөгү токтоп калган” дешти. Врачтар аракет кылып жатып төрөттө менин өмүрүмдү сактап калышты, бала өлүү төрөлдү... Эгер кайын журтумдун кысымы болбосо балам аман-эсен төрөлөт беле дейм.

Төрөт үйүнө кайним жеңеси экөө келип “бала эмнеге өлүп калыптыр? Эмне кылдың эле?” деп анын өлүмүн да менден көрүштү. Ага чейин “үйдү бошот” деп кысымга алышып, ал-жайыбызды сурап да коюшкан эмес. Алар кеткенден кийин абалым начарлады. Төрөттүн азабынан, баламды жоготуудагы кайгыдан кийин палатага батпай кеттим. Врачтар абалымды түшүнүп, психиатр чакыртышты. Психиатр “тяжёлый депрессивный эпизод”, “тяжёлое тревожно-депрессивное расстройство”, ”головная боль” деген диагноздорду коюп, дарыларды жазып берди. Төрөт үйүндөгү врачтар мага “курч кармаган эндометрит”, “түйүлдүктүн ичтен өлүп калышы” деген диагноздор жазылган кагазды карматышты. Ошондой эле Стамбул протоколун толтурушту, бул боюнча милицияга кабарлашты. Төрөт үйүнөн чыккандан тартып жогоруда аталган диагноздор боюнча дарылана баштадым. 

“Тийиштүү органдардан укугумду коргоп берүүнү суранам”

– 2024-жылдын 23-майында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын токтому менен медициналык текшерилүүдөн өттүм. Укумду коргоо, мага тиешелүү мүлктөрдү (анын ичинде автоунааны) кайтарып алуу, үйдүн бизге тиешелүү бөлүгүн бөлдүртүп алууну, мага келтирилген моралдык зыян (кысымга алуу, коркутуу-үркүтүү, карызга батыруу) боюнча тиешелүү тарапты жоопкерчиликке тартууну өтүнүп Аламүдүн РИИБине 5 жолу арыз жаздым.

Алгачкы арызды 13-февралда жазгам, бирок кылмыш иши козголгон жок. Тергөөчү “унааңарды алдыртып берем” деп убада кылган, бирок ишти 3 жолу кыскартып салды. Ушуга байланыштуу Аламүдүн райондук прокуратурасына март айында 6 жолу кайрылдым, бирок жыйынтык чыккан жок. Май айында президентке, башкы прокурорго, акыйкатчыга, УКМК төрагасына мени жеке кабыл алууларын өтүнүп кат жазгам. Бүгүнкү күнгө чейин эч ким кабыл алган жок. Акыры 20-майда Аламүдүн РИИБи кылмыш ишин козгоду. 23-майда тергөөчү мени “жабырланууучу” деп токтом чыгарып берди (автоунаа боюнча гана). Ал эми моралдык зыян боюнча кылмыш иши козголгон жок, соттук-психиатрдык экспертизанын жыйынтыгын күтүү керек дешти.

Адвокат аркылуу Чүй облустук прокуратурасына кайрылдык, Чүй ОИИБинин жетекчилерине жолуктук, алардан бул ишти өз көзөмөлдөрүнө алууну сурандык. Тиешелүү органдардан менин укугумду коргоп беришин суранам.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан