Түштүк Кореянын хит дорамаларды чыгарган tvN каналы жакында эле рекордун жаңылады. 2019-жылы чыккан “Сүйүүнүн авариялык конуусу” сериалы 4 жыл катары менен эң жогорку рейтингдеги долбоор катары биринчиликти бербей келген. Быйыл “Ый ханышасы” дорамасы чыгып, 4 жылдык чемпионду тагынан алып түштү да, tvN’дин жаңы рекордчусу аталды. Бирок сөз бул дорамалар тууралуу эмес. Канал көрөрмандарга дагы бир кызыктуу сериал тартуулады, “Сон Жени ал да, чурка” деген. Бир карасаң жөнөкөй, ошол эле учурда көпчүлүктүн кызыгуусуна, колдоосуна арзыган дорама да рейтинг жагынан лидерлерден калышпай келе жатат. Жаңы чемпионду ашып түшөбү, же бир аз артта калабы? Айтор, жакшы деген чыгармалардын катарынан орун алган сериал тууралуу кызыктарга көз жүгүртөлү.
Тарткан өлкө: Түштүк Корея
Чыккан жылы: 2024-жыл, 8-апрель
Жанры: мелодрама, комедия, фэнтези
Режиссёру: Ким Тэ Ёп, Юн Жон Хо
Канча серия: 16
Башкы ролдордо: Пён У Сок, Ким Хе Юн
Учур чак, өткөн чак, келер чак...
Им Соль жол кырсыгынан кийин ойгонуп, буту баспай калганын, кийинки жашоосу майыптар арабасында өтөрүн укканда жашоо маанисин жоготот. Күйүтүн башкара албай өз өмүрүнө кол салайын деп жаткан кызга жаңыдан гана белгилүү болуп келе жаткан музыкалык топтун ырчысы Рю Сон Жэ радиодон түз байланышка чыгат. Ырчы жигит Им Солго керектүү сөздөрдү айтып, көңүлүн жубатуунун айласын табат. Ошондон кийин Им Соль Рю Сон Жэнин чыныгы күйөрманына айланат. Анан да ырчы экөө бир мектепте окуганын билет, бирок убагында ага көңүл бөлбөгөн экен. Бир күнү Им Соль кумир туткан ырчысы көп убакыттан бери депрессияда жүрүп, аны менен күрөшө албай калып өз жанына кол салганын, доктурлар анын өмүрүн сактай албай калганы тууралуу жаман кабар угат. Им Солдо ырчы жигиттин кайсы бир учурда колдонгон сааты бар эле, ошол саат сыйкырдуу жол менен кызды мектепте окуп жүргөн учурга – өткөн чакка алып барып коёт. Эми колго тийген мүмкүнчүлүктү чыгарбай, Им Соль Рю Сон Жэнин өмүрүн сактап калганга, келечекти өзгөртүүгө болгон аракетин жумшашы керек...
“Эртең жакшыраак”
Дал ушундай аталыштагы, тагыраагы, “Эртең жакшыраак” аттуу вебтундун негизинде тартылган дорама. Жаратуучулар сериалдын чыгышына 3 жыл керектелди дешет. Тартуу иштери, даярдыктар эмнеге мынча узарган?
Чү дегенде эле башкы каарман Рю Сон Жэнин ролуна чакырылган бир нече актёр баш тарткан. Тартуучу топ кайсы актёрлор баш тартканын ачыктабаганы менен, көрөрмандар ким баш тартса да туура кылыптыр деген пикирде. Анткени дорамадагы Рю Сон Жэнин ролу актёр Пён У Сокту күткөндөй, анын тагдырына жазылгандай роль болду дегендер көп. Пён У Соктун каарманы ырчы болгондуктан ал дорамада төрт саундтрек аткарган. Дал ошол 4 чыгарманын бири – «Sudden Shower» аталыштагы ыр Melon музыкалык платформасындагы ТОП-100дүккө кирген. Бул тизмеге профессионал ырчылар киргенге зар болуп жүргөндө, актёрдун аткаруусундагы чыгарманын жайылышы чоң жетишкендик деп эсептелинет.
Бир карасаң дораманын сюжети кайталанма же жөнөкөй сезилиши мүмкүн. Айдолго ашык болгон күйөрман кыз жөнүндө деп. Мындай жөнөкөй сценарийдеги дорама эч качан ийгиликке жетпейт деп ойлогондор, албетте, тартылуудан баш тартышкан. Бул боюнча сериалдын режиссёру: “Баш тарткан актёрлор сценарийди аягына чейин окушкан эмес болуш керек. Бир караганда кайталанма сюжет көрүнгөнү менен, тереңдей келгенде чиеленген окуялар, юмор, романтика, мурда экрандан көрбөгөн учурларды кошконбуз. Эмгегибизди көрөрман баалап отурат. Актёр Пён У Сокко ыраазычылык билдиребиз. Ал тартыла баштагандан кийин дорамадагы баш каармандын ордуна башка актёрду элестетүү мүмкүн эмес болуп калды”,- дейт.
Жаратуучулар
Дораманын сценарийин өтүмдүү кылган адистин аты Ли Сын И. Сценаристтин буга чейин белгилүү болгон эмгеги катары “Нукура сулуулук” (“Истинная красота”) дорамасын айтсак болот. Режиссёр Ким Тэ Ёптун колунан “Биздин жашоодогу эң бактылуу учур” чыккан. Ал эми экинчи режиссёр Юн Жон Хо популярдуу “Жамандыктын гүлү” сериалын тарткан.
Рейтинг
Эл аралык Rakuten Viki интернет-платформасынын изилдөөсүнө ылайык, акыркы 6 аптадан бери “Сон Жени ал да, чурка” дорамасы Түштүк Кореядан сырткары АКШ, Канада, Улуу Британия, Франция, Бразилия, Мексика жана башка 109 мамлекетте көрүүлөр боюнча 1-орундагы лидерликте турат. Интернет-платформанын өкүлү аталган дорама апта сайын өзүнүн рекордун өзү жаңылап, улам жогору көрсөткүчтү багынтып жатканын айтат. Бул апта сериалдын акыркы сериялары экранга чыгат. Эгер көрө элек болсоңуз, көрүүнү сунуштайбыз.
Баш каармандар
Рю Сон Жэнин ролундагы актёр Пён У Сок октябрь айында 33 жашка чыгат. Байкаганыңыздай, жакшы ырдайт, учурда талкууда же болбосо эл оозунан түшпөй турган атактуулардын тизмесинде. Ал эми Рю Сон Жэге ашык болгон күйөрман кыз Им Солдун ролун актриса Ким Хе Юн аткарды. Ким Хе Юн Түштүк Кореяда талкууда турган атактуулардын тизмесинде Пён У Соктон кийинки тепкичте, экинчи орунда. Татынакай актриса быйыл 28 жашка чыгат, актрисалыктан сырткары моделдик кесипти да аркалайт. Буга чейин аны “Нукура сулуулук”, “Шопинг падышасы Луи”, “Падышалык көмүскөдөгү инспектор жана Чо И”, “Подснежник” жана башка дорамалардан көргөнбүз.
Асыл Орозбекова