ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-июндан 9-июнга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Өз принциптериңизди коргоп, активдүү күрөшүүнүн мезгили. Тобокелчиликке барбай туруңуз, кооптуу жагдайлар пайда болушу мүмкүн. Сизди түшүнүүгө, ал гана эмес жардам берүүгө ашыккан адам жашооңузда пайда болот. Сүйүү мамилесинде кызганычка орун бербеңиз, эгер орунсуз кызганып жатканыңызды сезсеңиз өзүңүзгө болгон баанын үстүндө иштешиңиз керек болот. Өзүңүздү ичтен жей берген адатыңызды таштаңыз, бул нерсе айыккыс дартка алып келиши ыктымал.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптада маанайыңыз нөлдө болот. Мындан  улам, талаш-тартыштарга аралашып, компетенттүү эмес маселелерге да өз алдынча кийлигишип баштайсыз. Сизге жылдыздардан кеңеш: мүмкүн болушунча унчукпаганга аракет кылыңыз. Бул сиздин аброюңузду сактап, кыйынчылыктан куткарат. Сүйүү, романтикалык мамилеге байланышкан бардык маселелерде сизди ийгилик күтөт. Кесиптештер арасында чыгармачылык дареметиңизди көрсөтүүгө мыкты шарт түзүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Кыраакылыгыңыз жана боорукердигиңиздин көп адамдарга пайдасы тиет. Мурда тил табыша албай жүргөн адамдар менен оңой тил табышып, жарашууга барасыз. Мырзалар кесиптик чөйрөдө кыска тыныгуу алса болот. Кызматтан көтөрүлүүгө умтулууну жашоо образыңызга айландырып албаңыз, бул нерсе өзүмчүлдүккө түртөт. Мурунку бардык жетишкендиктериңизди жокко чыгара турган, олуттуу ката кетирип алышыңыз мүмкүн.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Сүйүү, романтикалык жолугушуулардан ырахат алуу үчүн сонун убакыт. Бул сизге унутулгус ирмемдерди, сезимдерди тартуулайт. Жумушта да баары жакшы болот. Сиздин көрсөткөн натыйжаларыңыз туура бааланат. Кошумча каржылык кирешелерге ээ болосуз. Үй-бүлөңүз менен болгон байланышты  чыңдоо үчүн сиз жөн гана чын жүрөктөн баарлашып, же эс алууга чогуу барыңыз. Бойдоктордун онлайн таанышуулары ийгиликтүү аяктайт.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Түштөрүңүзгө маани бериңиз, аян түш көрөсүз. Жеке мамиледе туруктуулукту сактайм десеңиз, түгөйүңүздүн анча-мынча кемчиликтерине көз жумушуңуз керек болот. Аптада орун алган таарынычтар көпкө созулушу мүмкүн, андыктан эч кимге таарынып, кек сактабаганга аракет кылыңыз. Карызды карыз менен жабуу жолу менен чечпеңиз, бул нерсе сизге убактылуу гана канааттануу алып келбесе, кийинки карыздарыңыз жүрөктү өйкөй берет.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Маанилүү иштерди аткаруу, документтерге кол коюу иштерин кийинки аптага жылдырганыңыз оң. Көңүл бурбай же башаламандыктан олуттуу ката кетирип алышыңыз мүмкүн.Үй-бүлөдөгү маселелер, милдеттер азыр сиз үчүн башкы көйгөй болушу кажет. Эгер үй-бүлөңүздө гармониялуу абал орун алса, ишиңиз да ойдогудай жүрүшөт. Жакындарыңызды эчкимге жамандабаңыз, ашыкча сөздөр өзүңүзгө гана зыян алып келет.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Мурда чечилбей калган көйгөйлөр, аткарылбаган милдеттенмелерди аптада токтоосуз чечүүгө аргасыз болосуз. Жардам берем дегендер болсо баш тартпаңыз, анткени өзүңүз жетишпейсиз. Жумушта жана бизнесте максималдуу пайдага жетиш үчүн жамаат ичинде башкы оюнчу болушуңуз кажет. Ал үчүн кесиптештердин колдоосуна жетишиңиз. Бийиктикке жетүүңүзгө үй-бүлөңүздүн колдоосу чоң күч берет, андыктан үй-бүлө мүчөлөрүнүн ынтымагын бекемдегенге аракет кылыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жоопкерчиликтүүлүгүңүздүн артынан көп иштерди жасайсыз. Жакында эмгегиңиз туура бааланып, жетекчилигиңиз  сизге жаңы кызмат же бонус менен ыраазычылык билдирет. Жеке мамиледе укмуштуу романтикалык окуялар болушу мүмкүн. Кайсы бир олуттуу чечимди кабыл алуу алдында турсаңыз, алтынчы туюмуңузду угуңуз. Бойдоктор тандоо алдында турса шашпаганы туура, бүгүн сиз туура деп эсептеген нерсе эртең андай болбой калышы толук мүмкүн.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Маанайыңыз мүнөт сайын өзгөрүп турат. Бул мезгилде жаңы таанышуулар, жолугушулар сүйлөшүүлөр керектүү жыйынтык алып келбейт, өзүңүз менен өзүңүз калып жалгыздыктын ырахатын сезиңиз. Мырзалар кумарлуу азгырыктарга туруштук бериши керек, сыноодон өтсөңүз жеңиш сиздики болот. Өтпөй калып жеңил ойлуулукка жол берсеңиз көйгөйлөр жаралат. Ишкердик мамилелер оңой эле достук мамилеге айланып кетүү ыктымалдыгы жогору.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Үйүңүздү жакшыртууга багытталган идеяларыңыз эң жагымдуу жол менен ишке ашат. Билимге акча салуудан коркпоңуз, ар кандай долбоорлор ийгилик жана пайда алып келет. Маанилүү маселелерди чечүүгө, ири сатып алууларды жасоого жана келишимдерди түзүүгө ылайыктуу. Убакытты рационалдуу пландаштыруу, энергияңызды туура бөлүштүрүү жөндөмүңүз кыйынчылыктардан жана майда чыр-чатактардан алыс болууга жардам берет.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Жумушка көңүлүңүз чаппай турса, демек, сизде энергияны туура бөлүштүрүү жөндөмү жок, туура тамактанып, жетиштүү уктаңыз. Мырзалар чуулгандуу окуяларга аралашып калуусу мүмкүн, андыктан эмоцияңызды тизгиндеп, ачууга алдырбаңыз. Бейтааныш адамдарга ишеним артууда этият болуңуз, алдамчылардын тузагына түшүп каласыз. Айымдар жашооңуздагы керексиз нерселерден арылууга убакыт келди. Үйүңүздү гана эмес, акылыңыздагы ойлорду да тазалашыңыз керек.

Балык
(20.02–20.03)

Кайсы бир  күткөн маселе сиздин пайдаңызга чечилбей калса ачууланбаңыз. Аракет кыла бериңиз, бир күнү сөзсүз ийгиликке жетесиз. Үй-бүлөлүк көйгөйлөр, үй түйшүктөрү сиздин убактыңызды гана эмес, кошумча каржылык чыгымдарды да талап кылат. Күтүүнүн, сагынычтын азабын тартып жүргөн балыктар сезимдерин бир нукка салганды үйрөнүшү кажет. Эки айрым жолго түшкөн адамыңызды сагынуунун канчалык мааниси бар, талдап көрүңүз.

 

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан