Кой
(21.03–20.04)
Апта тынч жана бир нукта өтөт. Кырдаалды өзүңүз от алдырмайынча кандайдыр бир чагымчыл аракеттер күтүлбөйт. Жакындарыңыз менен чырдашууга барбаганыңыз туура, болбосо кийин жарашуу кыйын болот. Каржылык тобокелчиликтерге барбай туруңуз, анткени жакында сизге аябай акча керек болот. Активдүү болуп жоопкерчилик алуудан коркпоңуз, кетенчиктей берсеңиз ишиңиз алдыга жылбайт. Тез аранын ичинде чечим кабыл алууга мажбур болосуз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жамааттык иш-чараларды уюштуруу үчүн жагымдуу мезгил. Пикникке чыгуулар, үй-бүлөлүк чогулуштар, биргелешкен сапарлар эсте каларлык өтөт. Көптөн бери чечилбей келе жаткан үй-бүлөлүк көйгөйдү чече аласыз. Жеке жашооңузда романтика көп болот, ал эми жумушта, тескерисинче, аз нерсеге ыраазы болушуңуз керек. Максатка жетүүнү кичинекей кадамдардан баштаңыз. Ушул аптада салынган инвестициялар сизге кийин күтүүсүз пайда алып келет, андыктан чамдаңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Сизди мистикалык апта күтөт, көргөн түштөрүңүз чын чыгып, туура талдасаңыз тагдырыңызда бурулуш жасоочу белгилерди тапсаңыз болот. Сизге жаңы таанышуулар, жаңы байланыштар, баарлашуу, пикир алмашуу ченемсиз энергия тартуулайт. Айымдардын туруксуз график менен күндөп-түндөп иштеши эмоционалдык жарылууга алып келиши мүмкүн. Сүйүү мамилесинде кызганычка орун бербеңиз, күмөн ойлор бул сиздин ичтеги коркунучуңуздун чагылышы.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Үй-бүлө мүчөлөрү бири-биринин жаңы тараптарын ачып, тереңден билүүгө жакшы шарт түзүлөт. Жумушта өнөктөшүңүз менен талаштуу маселелерди азыртан чечип алганга аракет кылыңыз, чогуу кеңешкенде бир чечимге келесиз. Жетекчилигиңиз көптөн бери уруксат бербей жүргөн долбоорго макулдугун берет. Кандай иш баштабаңыз ийгилик сиз тарапта болот. Эсептешип жумушуңузга, жашоо шартыңызга, ээлеген кызматыңызга карап мамиле кургусу келген адамдар чыгат.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бардык идеяларды топтоп жакшы жыйынтык чыгарсаңыз болот. Бирок бардык сунушталган нерсени аткарууга макул боло бербеңиз. Достордун, тааныштардын кеңешине таянбай, өзүңүз алтынчы туюмуңузга ишенип иш кылсаңыз алда канча жакшы натыйжага жетесиз. Ири сатып алууларды жасоо, кыймылсыз мүлктү менчиктештирүү сыяктуу иштериңиз оңой бүтөт. Айымдар келбетине кам көрүүсү зарыл, аптада жасалган косметикалык процедуралар капчыгыңызды жукартышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Чыгармачылык чымындарыңызды ойготуу үчүн жакшы мезгил. Адабият, живопись, бий, музыка, архитектура, театр, айтор, бардык тармакта алектенип шыгыңызды ойготуп көрүңүз. Эл алдында жүргөн бийкечтерди ийгилик коштойт, лекция, семинар, окутууларыңыз коомчулуктун жактыруусуна ээ болот. Айымдар бирөөнүн талаш-тартыш, чыр-чатактарына аралашпоого аракет кылышы керек, болбосо аягында арачалаган өзүңүз күнөөлүү болуп калышыңыз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Спорт менен машыгууга жана ар кандай физикалык көнүгүү, кыймылдар үчүн жакшы мезгил. Жашооңуздагы өзгөрүүлөрдү кризис катары карабаңыз, тагдырга ишениңиз, балким, анын артында жакшы нерсе күтүп турат. Жакындарыңыз менен компромисске жетүүгө мүмкүн болбойт, ортодо түшүнбөстүк жаралып чыр чыгышы мүмкүн. Бул көйгөйлөрдү узак убакытка топтой берүүдөн улам чыкты деп жорусаңыз болот. Бойдок бийкечтер нике шакегин тагынууга даярдана бергени жакшы.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Ден соолугуңузга кам көрүүгө убакыт келди. Алгач организмиңизди тазалоочу диетадан баштаңыз. Ар кандай өзүмчүл, туура эмес аракеттериңиз кайра өзүңүзгө кайтып келбесин десеңиз, башкалар тууралуу позитивдүү ойдо болуңуз. Сылыктык, жумшактык сизге өзгөчө керек, жакындар менен баарлашууда көңүлүн оорутпай, жарасын тырмабай сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Эски таанышыңыз менен жолугушуу сизге жагымдуу сезимдерди алып келиши мүмкүн.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Эмоционалдык активдүүлүгүңүз жогорулайт, оор басырыктуу жаачылар да эмоциясын башкара албай көйгөй жаратып алышы мүмкүн. Андыктан канча бир убакытка көпчүлүктөн өзүңүздү оолак кармаганыңыз жакшы. Бул нерсе сизди керексиз чыр-чатактан коргойт. Документ иштерине байланыштуу маселелериңизди эртерээк чечпесеңиз кийин жалгыз бүтүрүү колуңуздан келбей калат. Айымдар кооптуу нерселерди өз билемдикке салып жасабаганы туура.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Карыздарыңыз кайтарылып, өзүңүз да каржылык эркиндикке жетишесиз. Бизнеске салган акчаңыз эки эсе өзүн актайт. Мырзалар интеллектуалдык жана физикалык күчтүн өсүүсүн сезе алышат. Туюу сезимиңиз мыкты иштеп, алдамчыларды көз ирметпей аныктаганга жетишесиз. Сүйүктүүңүз менен болгон мамилеңиз жаңы этапка өтөт. Текечер айымдарга психикалык жана эмоционалдык тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн табият коюнунда эс алуу жакшы жардам берет.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Текебердигиңиз чөйрөңүздөгүлөр менен тил табышууда жолтоо болот, андыктан мүнөзүңүздүн, жүрүм-турумуңуздун үстүнөн иштегениңиз туура. Айымдар өзүнө жаккан ишти жасаса энергия булагы толот, мисалы, музыканын коштоосунда үй жыйнаңыз, сайма сайып же бөлмөнү кооздоңуз. Жаңы таанышуулар күтүүсүз материалдык киреше алып келет. Жеке мамиледе талапчыл болбоңуз, бул сапатыңыздын үстүнөн иштебесеңиз сүйүктүүңүздөн кол жууйсуз.
Балык
(20.02–20.03)
Мурунку көйгөйлөрдү эстеп маанайыңызды түшүрбөңүз. Сиз ал учурда болгон аракетиңизди жасагансыз, кейиген менен эч нерсе өзгөртө албайсыз. Аптада тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алганга шашпаңыз. Жети өлчөп бир кесүү үчүн өзүңүзгө убакыт бериңиз. Техника менен этият болуңуз, жаракат алып калуу коркунучу бар. Кимдир-бирөөгө ишенбесеңиз дароо “жок” деп айтыңыз, сиздин сылыктыкты адамдар өз пайдасына колдонуп кетиши мүмкүн.