Кыргызстан мындан 5 жыл мурун кабыл алынган мыйзамды – уран казууга салынган тыюуну жокко чыгарганы турат. Тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеште каралып, 1-окуудан ашыкча талкуусуз өттү. Буга чейин өлкө жетекчилиги “уран казып казынаны кампайтсак болот” деп ишарат кылып жүргөндүктөн, коомчулук уран казуунун зыянынан чочулап турган учур. Уран байлыгы жаткан Кызыл-Омпол кенин иштетүү демилгеси 2019-жылы да көтөрүлүп, эл нааразы болуп чыккандан кийин токтотулган эле. Уран казуудан казына толобу же, айрымдар айтып жаткандай, экология ууланып, элдин ден соолугуна коркунуч жаралабы? Адистер эмне дешет?
“Элге иш, бюджетке киреше”
Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын жана Кочкор районунун жашоочулары менен жолугушууда Кызыл-Омпол уран кенин Кыргызстан өзү иштеткени жатканын билдирген. Аталган кенди иштетүүнүн коопсуздугун изилдей турган комиссия түзүлүп, ага тоо-кен адистери, экологдор жана жергиликтүү тургундар киргизилгенин айткан эле. “Кызыл-Омпол иштетилсе жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, бюджетке киреше түшөт, 1000ге жакын адам иш менен камсыз болот. Кендин пайдасы 100 пайыз Кыргызстанга калат, өзүбүз иштетебиз, эл дагы байыйт”,- деген президент аталган жолугушууда. Бирок эколог Калия Молдогазиева Кызыл-Омпол кенин иштетүүнүн биосфералык аймак болуп саналган Ысык-Көлгө пайдасынан зыяны көп тиет деп эсептейт.
– Уран казууда сандарга эле токтоло бербеш керек. Биздин жерибиз пайдалуу кен-байлыктарга бай. Азыр кыска кызыкчылыктарга жетеленип жатабыз, ушинтип кете берсек уникалдуу аймагыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Демилгечилер уран кенин иштетүүдөн түшө турган 2 миллиард доллар кирешени гана айтып жатышат. Рекультивация (казылган жерди кайра көмүп, зыянсыздандырып, калыбына келтирүү) иштерине түшкөн пайдадан да көп чыгаша кетип калышы ыктымал,- дейт эколог.
Негизи экологдор Кыргызстанда рекультивация иштери өтө төмөн деңгээлде жүргүзүлөрүн айтып келишет. Буга чейин алтын казуу иштери кандай көйгөй жаратканы, кайсы мөңгүлөр талкаланып жок болуп кеткени, дарыяларга уулуу заттар төгүлүп булганганы маалым. Кызыл-Омпол кени Ысык-Көлдөн 20 чакырым гана алыстыкта жайгашканын эске алганда, жергиликтүү тургундардын чочулап жатканын да түшүнсө болот.
Абдыжапар Аккулов, эколог: “Кызылдай эле пайданы ойлой берген болбойт”
– Кыргызстан Союз учурунда ядролук комплекстер үчүн база катары кызмат кылган. Өлкөнүн 4-5 жеринен уран казып ресурс катары пайдаланып келишкен. Министрлер кабинетинин элге айтып жаткан жүйөлөрү жетишсиз. Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, айлана-чөйрөгө тийгизчү таасирин баалоо жок, болсо да ынанымдуу эмес. Уранды Кызыл-Омполдон Кара-Балтага ташып келе жатканда радиация тарасачы? Жердин астында радиоактивдүүлүк аз көрсөтө берет, себеби уран табигый ордунда жатат. Аны казып, сыртка алып чыгып же ташып жатканда андай көрсөткүч болбой калсачы? Мисалы, Балыкчыда Улан, Санташ деген куюндар бар, уулуу заттардын шамал менен тароо ыктымалдыгы бар. Ошол үчүн кызылдай эле пайданы ойлой бербей, башка тобокелдиктерин да талдап көрсөк дейт элем. Демилгечилер уранды алдынкы технологиялык ыкмалар менен казабыз деп жатпайбы. Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сайда уран иштетилип баштаганда деле ошол мезгилдин эң алдынкы технологиялары колдонулган. Бирок ал технологиялар, калдык сактоочу жайлары үмүттү актаган жок. Азыр ал аймактар өлүк аймакка кирет. Майлуу-Сууну мисалы, дүйнө эң ууланган аймактардын катарына кошту. “Казакстан уран казып эле жатпайбы, дүйнөдө уран казуу боюнча алдынкы орунда турат” деп жатышат. Кыргызстан тоолуу өлкө, экосистемибиз абдан назик. Кичине эле өзгөргөн кубулушка тоолор бат реакция кылышат. Ошондуктан шашпайлы, эртең Ысык-Көлүбүз туристтери жок калышы мүмкүн, айыл чарба азыктарыбызды эч ким сатып албай калсачы. Ар тараптан изилдөө жүргүзүү зарылдыгы турат.
Марс Токтоназаров, “Кыргыз алтын” ишканасынын кен казуу боюнча эксперти: “Негизги максат уран эмес, титаномагнетит”
– Кызыл-Омполдун 95 пайызы титаномагнетиттен турат. Андан кийин фосфор, торий, цирконий, эң аягында уран. Урандын да, торийдин да үлүшү абдан аз. Биздин максат – уран эмес, титаномагнетит казуу, бирок жогорудагы кендер менен кошо уран да болгону үчүн аны да кошо алып чыгабыз. Бир да жардыруу, бургулоо иштери болбойт. Анткени титаномагнетит жер кыртышынын 25-30 метр үстүнкү катмарында жайгашкан. Химиялык реагенттер кошулбайт, тек гана суу менен эле чайкап кетебиз. Реагенттер кошулбаганы үчүн уулуу калдыктарды сактоочу жай болбойт, анткени биз кумду ташып Кара-Балтага алып кетебиз, андан ары иштелет.
Демилгени убактылуу токтотуп туруш керекпи?
Мындан 5 жыл мурунку уран казууга киргизилген мораторийди алып салууну парламенттин 69 депутаты колдоп, 3 депутаты каршы деп добуш берди. Биринчи окууда дээрлик талкуу болгон жок, айрым депутаттар гана суроо берип, өкмөттү шашпоого чакырышты. Депутат Исхак Масалиев демилгени убактылуу токтото туруу оң деген пикирде.
– Мен каршы добуш берген 3 депутаттын биримин. Өзүңөр билгендей, аталган чектөө 2019-жылы Кызыл-Омпол кенинин айланасындагы чатактан улам киргизилген. Уран менен торийди казуу боюнча катаал экологиялык нормалар жана стандарттар иштелип чыгышы зарыл. Мамлекеттик органдар кен казуунун айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына тийгизген таасирине тынымсыз байкоо салышы керек. Адистердин пикирин угуш кажет. Учурунда Айдаркен комбинатын да элге зыяны тийбейт деп айтышкан, бирок азыр зыяны тийип жатат. Кичине коё турсак, келечекте күчтүү технологиялар келиши мүмкүн. Азыр экономикабыз жакшы эле болуп жатат, шашпайлы дейт элем.
Чочулоого негиз барбы?
Кыргызстанда 1960-жылдардан тарта уран кенин казуу иштери токтотулган. Союз учурунда бир катар уран өндүргөн ишканалар иштеген. Ошонун кесепетин бүгүнкү күнгө чейин тартып жаткандар бар. Майлуу-Суу шаарында 22 жыл бою эки гидрометаллургиялык завод иштеп, уран өндүргөн. 1968-жылдан баштап шаардагы уран өндүргөн ишкана жабылганына карабастан, сууга жакын көмүлгөн радиоактивдүү калдыктар бүтүндөй Фергана өрөөнүнө коркунуч туудурушу мүмкүн дешет адистер. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын Майлуу-Суудагы калдык сактоочу жайларды бекемдөө иштерине 3-4 миллион сом бөлөт. Албетте, бул акча толук калыбына келтирүүгө жетпейт. Мындан улам өкмөт эл аралык уюмдардан, донорлордон жардам сурап да жүргөн. Анткени табигый кырсыктар, жер көчкү, суу ташкыны болсо калдык сактоочу жайлар ачылып кетүү коркунучу дале күчүндө. Миң-Куш айылында да ушундай эле тобокелчиликтер бар. Экономикалык секирик кылабыз деп экологияны талкалап албайбызбы деген суроолордун көп берилип жатканы бекеринен эмес. Коррупциядан толук арыла элек өлкөдө коопсуздук, экология маселеси дайыма эле биринчиде тура бербесин турмуш көп жолу далилдеген.
Маалымат үчүн: Кызыл-Омпол кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан. Ал 1951-жылы ачылган. Совет доорунда геологдор анда 13 миң тоннадай уран бар деп аныкташкан. Аталган кенде чачыранды беш тилке бар: Таш-Булак, Баке, Узун-Сай, Оттук жана Түндүк. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматында, Кызыл-Омпол кенинде 14,7 миллион тонна кен байлык бар: анын 95 пайызы титаномагнетит, 3 пайызы фосфор, 2 пайызы цирконий, 0,22 пайызы торий жана 0,17 пайыз уран.
Лунара Бекиева