Сузакта мамлекеттик туунун өрттөлүшү: Кылмышка шектелип 2 кыз кармалды
Сузакта мамлекеттик тууну өрттөөгө шектелип 2 кыз кармалганын 5-июнда УКМК билдирди. Шектүүлөр Сузактын Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары, Хизб ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү.
– Кармалган 19 жаштагы кыз 2022-жылы аталган уюмдун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарын дагы аталган уюмга тарта баштаган. 2023-жылы күзүндө 16 жаштагы шеригин дагы уюмга кошкон. Алар 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келишкен. 29-майда аталган 2 адам араб жазуусу бар ак желектерди түнү менен даярдашып, ошол түнү Бек-Абад айылындагы 2 мектептин башкы дарбазаларындагы, уюлдук оператор мунарасындагы мамлекеттик желектерди алмаштырышкан. Андан соң мамлекеттик желектер өрртөлгөн – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Кызынын кылмышын жашырганы үчүн 19 жаштагы жарандын апасы жана туугандары да кармалганы белгилүү болду. Кармалгандардын баарына “тыюу салынган Хизб ут-Тахрир экстремисттик уюмуна мүчө болгон жана мамлекеттик сисволикаларды жок кылган” деген айып тагылды. Шектүүлөр учурда камакта.
Эсиңизге салсак, 29-майдан 30-майга караган түнү белгисиз адамдар Сузактын Бек-Абад айылындагы 2 мектептин жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак чүпүрөк илип кетишкен. Коомчулук күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык катаал жазага тартууну талап кылууда.
Жаңы башкы прокурор дайындалды
Өлкөнүн башкы прокурору алмашты. Бийлик алмашкан 2020-жылдан бери Башкы прокуратураны жетектеп келе жаткан Курманкул Зулушев ушул жумада кызматтан кетип, ордуна Максат Асаналиев дайындалды. Асаналиев учурда 46 жашта, Ысык-Көлдүн Тоң районунда туулган. Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, Биринчи Май районунун прокурору болуп иштеген. 2022-жылдан бери Ош облусунун прокурору кызматын аркалап келе жаткан. Жаңы башкы прокурорду кызматка дайындоо буйругуна президент Садыр Жапаров 6-июнда кол койду.
Асаналиев парламентте талапкерлиги каралып жатканда “прокуратурада коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар, алардан тазаланышыбыз керек” деди. Ошондой эле ал Башкы прокуратурага тергөө функциясы абдан керек экенин белгиледи. Айта кетсек, Башкы прокуратурадан аталган функция былтыр алынып, УКМК менен ИИМге берилген. Ал эми Зулушевдин кызматтан кетүү себеби айтылган жок.
Айгүл Айдарова “Бүтүн Кыргызстандын” курамынан чыгарылды
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы курамынан чыгарды. Мындай чечим фракциянын 30-майдагы жыйынында кабыл алынган. Фракция лидери Исхак Масалиев Айдарованы фракциядан чыгарууну “жумуштун талаптарын аткарбады, фракция жыйындарына катышпайт, катышпаганынын себебин айтпайт” деп түшүндүрдү. Ошондой эле коомчулукка жарыяланбай турган ички маселелер да бар экенин айтты Масалиев.
Айгүл Айдарова жакында “Супер-Инфо” гезитине маек берип, анда фракциялаштарынын ичинде пикир келишпестик бар экенин билдирген. “Партиянын лидери менин атымды ачык айтып сын жаадырбаса да, кыйытып айтып күнөөлүү издеп жатат. Ортобузда дал келишпеген көз караштар бар, ошол майда нерсени тоодой кылып интрига жасагандар жок эмес. Лидерибиз мага жөн гана ишенбестик көрсөтүп жатабы, же башка себеби барбы, кыскасы, мен ага көңүл бурбай иштей берүүнү чечтим” ,- деген эле депутат.
Ага чейин интернет желесине Айгүл Айдаровага байланышкан чуулуу видео, аудиожазуу тарап кеткен.
Хакерлер Кыргыздын 600 миңден ашык жаранынын жеке маалыматтарын жарыялап жиберди
Пакистандык Team Insane Pakistan хакердик тобу 600 миңден ашык Кыргыз жаранынын жеке маалыматтарын уурдап, социалдык тармакка жарыялап жиберди. Анда жарандардын аты-жөнү, туулган жылы, ИННи жана жашаган дареги жазылган. Хакерлердин билдирүүсүндө бул чабуул Бишкекте 18-майда чет элдик студенттердин ур-токмокко алынышына байланыштуу деп билдирди.
5-июнда парламент жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өлкөнүн киберкоопсуздугу боюнча маселе көтөрдү.
– Пакистандык хакерлердин айынан менин да жеке маалыматтарым чыгып кетти, албетте, жашыра турган эч нерсем жок. Чиновниктер, депутаттар, өлкөнүн жетекчилигинин фамилиялары жүрөт. УКМК иштеши керек да. Санариптик өнүгүү министрлиги эмне кылып отурат? Ушинтип эле маалыматтар чыга берсе, өлкөнүн жашыруун сырлары кандай болот?- деди Түлөбаев.
Эскерте кетсек, 13-майда Бишкекте жергиликтүү жарандар менен египеттик студенттердин ортосунда мушташ чыккан. 17-майда чет элдик жарандарды жоопко тартуу талабы менен жүздөгөн адам топтолуп, айрымдары чет элдик студенттер жашаган, иштеген жерлерге бастырып кирип тополоң салышкан.