Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Алтынбек жеткен кезде полдо жаткан Шамэлдин жанына киши үйүлүп калыптыр. Айылдык дарыгер алгачкы жардамды көрсөтүү менен алек. Алтынбек кирип эле “качкыла, качкыла” деп кыйкырып калды. Полдогу канды көрүп чочуп кетти. Медайым Шамэлдин башынан агып жаткан канды токтотуп бинт менен ороп берди.

– Убакытты созгонго болбойт, көтөрүшүп машинеге салышкыла,- деп кыйкыра сүйлөдү Алтынбек.

Үчөөлөп көтөрүп машинеге салышты. Жанына Шамэл иштеп жаткан класстын жетекчиси кошо отурду. Шамэл эс-учун жоготкон абалда кетип бара жатты.

Улам-улам башын чайкап келиндин тынчы кетип жатты. Анын классын жасалгалап жатып ушундай кырсыкка туш болгонуна өзүн күнөөлүү сезди. “Кокус бир нерсе болуп кетсе кантем? Мектептин атына көө жаптың кишинин сөөгүн чыгарып деп директордун урушары анык. Кайдагыны баштадым эле? Кооздолбосо койсун, жөн эле койбопмун да”,- деген ойлор келди. Санаасы санга, ою онго бөлүнүп жатты.

– Байке, кайсы бейтапканага алып барабыз? Эмнеси болсо да жакыныраагына айдаңыз. Мындайда жол да узак болуп кетет...- деди келин чый-пыйы чыга.

– Баламдын жеке клиникасы бар. Ошол жакка эле алып баралы. Мамлекеттик ооруканага алып барып аңкайып күтүп отурабызбы. Алардын бир дарыгери болсо, экинчи дарыгери жок болуп чыгат дайым,- деген Алтынбек кимдир-бирөөгө телефон чала баштады.

– Алло, балам, кандайсың? Иштесиңби? Мен шашылыш бара жатам сага.

– Эмне болуп кетти? Тынччылыкпы?- баласы коркуп кетти атасынын үнүнөн.

– Тынччылык эмес ошо. Шамэл шатыдан кулап кетиптир, абалы оор. Дарыгерлериңди даярдап тур, шашылыш операция керек болуп калышы мүмкүн,- деген Алтынбек жол боюнда турган МАИчини көрүп телефонун өчүрө салды.

Көп узабай Алтынбектин унаасы жаркыраган жеке клиниканын алдына келип токтоду. Оорукана кызматкерлери күтүп турушкан экен, Шамэлди бейтап арабасына салып ичкери алып кирип кетишти. Коридорго кирет, кайра сыртка чыгат, айтор, Алтынбек бир жерге тура албай кыйма-чийме басып жүрдү.

xxx

Шамэлди алып келген ооруканада Айзада да дарыланып жаткан. Ал убакытысынын көбүн терезеден сыртты кароо менен өткөрөт. Азыр да терезеден сырттагы көрүнүштү кыймылсыз, үнсүз карап отурду. Унаадан түшүрүп ичкери алып кирип бара жаткан кишини жаны ачый карап, аяп турду. Көз жашы мөлтүлдөп ыйлап баштаган Айзаданы багуучусу келип терезеден ары алып кетти. Автокырсыктан кийин анын тааныганы эле дарыгерлер, багуучусу жана Жакыпов. Өткөн күндөрүн эстегиси келет, ойлонууга аракет кылат, бирок көп нерсе эсине келбейт. Узакка ойлоно албайт. Кыска гана убакыт көз алдына тартылат, уктап жатканда дайыма чочуп ойгонот. Тердеп, кыйналып калган болот, түшүн болсо эстей деле албайт. Болгону дайыма атасына эркелеп жаткан кичинекей кыз түшүнө кирет, ал кичинекей кыз өзүнүн бала курагы экенин деле аңдабайт. Азыр да адаттагыдай Айзаданын уйкусу качты. Бүгүн бейтапканага шашылыш алып кирип кеткен киши эсине түштү. “Ким болду экен? Аман калды бекен?” деп ойлонот. Эмнегедир ошол адамды өзүнө жакын сезди. Андан кабар алгысы келип, таңдын атышын күттү Айзада. Аны таанып-билбесе да, аман калса экен деген изги тилек жүрөгүндө уюп турду.

xxx

Шамэл баштыгын көтөрүп поездге кирип келгенде “аны кылмышкерлердин купесине отургуз” деп бир аял кыйкырды эшик оозунда турган кишиге. Аппак кийинген жапалдаш бойлуу мурутчан киши көзүнө урунду. Бир жерден көргөнсүйт, барып учурашайын деп колун сунду эле, алик албай мурутун оңго сылап коюп Шамэлди ээрчитип жөнөдү. Кир дегенсип көзү менен ачык турган эшикти көрсөттү. Шамэл кирип отургандарды алая карады, купенин ичи тамекинин түтүнүнөн көрүнбөйт. Керебеттин бурчуна отурду. Эч ким ага көңүл да буруп койгон жок. Эшиктер жабылып, поезд шарактаган күүсүнөн жазбай жол улап баратты. “Кайда баратам? Эмнеге баратам? Кантип бул поездге түшүп калдым?” деп ойлонот Шамэл. Суроолоруна жооп жок. Чылымды буркурата чегип жаткан купедегилерден бир аз чочулап отурду.

Шамэлдин бүрүшүп бурчта отурганын көргөн бири.

– Эх, тагдыр эмне гана кылбайсың,- деп үн катты.

– Эх, тагдыр дейсиңер... Тагдыр деген бул жөн гана шылтоо. Сени акча уурда, адам өлтүр деп бирөө кыйнадыбы? Жок, биздин ар бир кадамда тандоо болот да. Биз болсо баарын өзүбүз жасайбыз, өзүбүз тандайбыз да, анан “бул деген тагдыр” деп өзүбүздү актайбыз. Чынында, тагдыр деген жок нерсе. “Маңдайга жазган да” деп билип-билбей эле сүйлөй беребиз. Маңдайыңды күчтүү лупа менен карасаң да эч нерсе жазылган эмес. Тагдырды ким жасайт? Өзүбүз, өзүбүз,- деп өзүн көкүрөккө чапкылап ызалуу үн каткан аял купенин терезесин улутуна карап отуруп калды.

Шамэл “бул менин акча уурдаганымды, адам өлтүргөнүмдү кайдан билет? Буга ким айтты?” деп таң калат. Тааныш бирөө-жарым барбы деп отургандарды акырын сыдыра карап коёт. Эч бири тааныш эмес. Сыртка чыгайын деп эшикти тартты эле, ачылбай койду.

– Отур, сага чыкканга ким уруксат берди? Бул жакка киргендер каалаган учурда эле чыгып кете албайт,- деди баягы аял.

– Сиз кимсиз?- деди Шамэл калтыраган үн менен.

– Бул жакта сенин суроолоруңа жооп жок,- деди тиги аял акырая карап. Шамэл ордуна бүрүшүп отуруп берди кайра.

Купенин ичин кайрадан чылымдын коюу түтүнү каптады. Шамэл титиреп баштады, анын кыйналып жатканына эч ким көңүл бурган жок. Чылымдарын кере тартып, бака-шака түшүп жатышты. Бир кезде эшик шарт ачылып, аппак кийимчен жанагы киши кирип келди.

– Жүрү, Шамэл, сенин ордуң бул жакта эмес экен. Кийинки станциядан түшүп кал,- деп Шамэлди тиктеп калды. Сумкасын ала кетейин деди эле Шамэл.

– Аны бул жакка ташта, бул жерден өзүң эле чыгып кет,- деди. Кылчактап сумкасын караган бойдон Шамэл купеден чыгып кетти. Кийинки станциядан түшүп калган Шамэлге жанагы киши кол булгалап, поезд андан арып жүрүп кетти.

xxx

– Эсине келди, бейтап эсине келди,- медайым башкы дарыгерге чуркады. Бир аздан кийин экөө ээрчише палатага кирип келди. Алардын артынан Алтынбектин уулу дагы кирип кетти.

Бул маалда Алтынбек дагы ушул жерде болчу. Баласы “кыйналасың, эс ал” деп үйүнө кетирип жиберсе да түнү менен уктай алган жок. Бир тууганынын баласы. Таң атпай кайра ооруканага келгенде уулу ичкериден чыгып Шамэлдин абалы турукташканын кабарлады.

– Кудайга шүгүр, ичер сууң түгөнбөптүр,- Алтынбек жакшы кабарды угуп абдан кубанды. Оор үшкүрүп алды.

– Абалы жакшы, сарсанаа болбой үйгө бара бериңиз. Өзүм көзөмөлдөйм.

Алтынбек ошол жерден эле мугалим келинге телефон чалып, Шамэлдин өзүнө келгенин кабарлады. Бул учурда Айзада да Шамэл жаткан палатанын тушуна келип калган эле. Ичкериде Алтынбектин тиги мугалим менен сүйлөшүп жатканын угуп кубанды. Айзада бүгүн күндөгүдөй эмес, бир башкача бактылуудай жүрдү. Анын маанайын көрүп, дарыгери да, багуучусу да таң калды.

“Тихий час” убагында Айзада Шамэл жаткан палатага акырын кирип барды. Мемиреп уйкуда жаткан адамды бир саамга тиктеп турду да, акырын колун кыса кармап, кайра сыртка чыгып кетти. Сезимтал, көп нерсени аңдабай калган Айзада жүрөгүнүн каалаганын аткарып койду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан