БАЛАДАГЫ ДҮЛӨЙЛҮКТҮН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ

Балдардагы кулак оорусу, тубаса дүлөй туулгандар же кийин жакшы укпай калгандар тууралуу сөз кылабыз. Мунун себептерин, дарылоо ыкмаларын врач отоларинголог  Жазгүл Эсеновадан  угалы.

Статистика эмне дейт?

Кыргызстанда орточо ар бир 1000 баланын бири тубаса дүлөй төрөлөт. 3 жашка чейинки 1000 баладан 3-4 балада кийин дүлөйлүк пайда болот.

Начар угуунун жана дүлөйлүктүн себептери кайсылар?

Мунун тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрүнүн жаралышына  себеп болчу факторлор:

• Кош бойлуу аялдын кызамык, кызылча, сасык тумоо менен катуу оорушу. Өзгөчө кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында. Вирустар кан менен түйүлдүккө өтүп кетиши мүмкүн.  

• Аялдын тамеки тартышы, ичимдик ичиши

• Тукум куучулук

• Түйүлдүктүн угуу органдарынын туура эмес түзүлүшү 

Кийин пайда болгон түрүн жаратуучу факторлор:

• Патология, кыйналып төрөлүү, оорулар (төрөт учурунда баланын башынын кысылып же моюнунун буралып калышы. Бала кызамык, сасык тумоо, кызылча, менингит, кургак учук, пневмония менен ооруп, убагында дарыланбаса).

• Дарылардын терс таасири. Кургак учук, менингит, бруцеллёздо ичилүүчү айрым дарылардын терс таасиринен угуунун төмөндөө коркунучу бар.

• Ортоңку кулактын оорулары (отит оорусунун ырбап кетиши, кулактын жаракаты жана тарсылдагынын жарылышы).

Мисалы, жол кырсыгына кабылуу, бийиктен кулоо жана башка.

• Мурундун аденоид дарты. Аденоид – мурундун артындагы бездин чоңоюп кетиши. Ата-эне баланы врачка текшертпей жүрө берсе без шишип, көлөмү чоңоюп, кулактын ичине суу толуп, угуу начарлай баштайт. 

• Акустикалык жаракат (бийик үндөн улам кулакка күч келүү)

Угуунун начарлашынын даражалары:

Угуусу калыптагы адам 10-25 децибелге чейин угушу керек. Андан жогорку гана үндү угуу – угуунун начарлашы деп эсептелет. 

Угуунун 5 даражасы бар:

1-даража. 26-40 децибелге чейин, башкача айтканда, катуу сүйлөгөндү гана угуу. 

2-даража. 41-56 децибелге чейин. Жанындагы адамдардын кадимкидей сүйлөгөнүн укпайт, түшүнбөйт. Үнүн бийик чыгарып сүйлөгөндө гана угат.

3-даража. 57-70 децибел. Адам кыйкырып сүйлөгөндө гана угат. 

4-даража. 70-90 децибелге чейин. Катуу кыйкырып сүйлөгөндө гана угат.

5-даража. 90 децибелден жогору же толук дүлөйлүк.

Кандай учурда баланы дароо ЛОРго текшертүү керек?

• Бала туулгандан баштап угушу керек. Ошондуктан эгер ызы-чуу, тарсылдаган үндөргө реакция кылбаса

• Угуп, сүйлөп жүргөн бала кайсы бир илдет менен ооругандан кийин укпай калганы же угуусу начарлап кеткени байкалса

• Бала балдардын шал оорусу (ДЦП), аутизм менен туулса

• Баланын психикалык жактан өсүшү артта калып, сүйлөбөсө

• Тили өз убагында чыкпаса

Эске алыңыз!

Адамдын угуу жана сүйлөө органдары байланышта болот. Ошондуктан тили жаңыдан чыгып келе жаткан баланын угуусунун бузулушу тилинин чыгышын кечеңдетет. Алтургай дүлөй-дудуктукка чейин жеткириши мүмкүн. 

Диагноз үчүн керек

Аудиоскрининг – бул төрөт үйүндө, ымыркай  төрөлгөндө эле жасалып, баланын угуусунда кемчилик бар же жок экендиги текшерилет.  Атайын аппараттын сигнал чыгаруучу түтүгү баланын кулагына салынып, баланын канчалык деңгээлде уга тургандыгы аныкталат. Эгер кемчилик бар экени аныкталса, анда андан ары дагы текшерилүүгө, дарылатууга жиберүү керектелет.

Аудиометрия – балада кулак оорусу, дүлөйлүктүн алгачкы белгилери бар же жок экендигин аныктоо, угуусун баалоо. Эгерде балага төрөт үйүндө аудиоскрининг жасалбай калса (мисалы, алыскы аймактарда аппараттын жоктугунан), анда ата-энеси 1 айдан кийин баланы ЛОР врачка, сурдологго алып барып текшертүүсү зарыл. Врач компьютердик аудиометрия ыкмасы менен баланын кулагын толук текшерет. Бул текшерүү айрыкча начар угат, кулагында патологиясы бар делген балдарга сөзсүз жүргүзүлүшү шарт.

Тимпанометрия – ортоңку кулактын ичине  жасалма басым (давление) жаратуу менен анда жана кулактын тарсылдагында патология бар же жок экендигин текшерүү, угуунун деңгээлин аныктоо.

Дарылоо

Дарылоо диагнозго жараша жүргүзүлөт жана керектүү ыкмалар тандалып алынат. Айрымдарына токтолсок.

• Эгер текшерүүдө балада аденоид, отит дарты бар экендиги, ошондон улам угуу начарлап жатканы аныкталса, анда консервативдүү ыкмада дарылап, айыктыруу сунушталат.

• Кулактын тарсылдагы жарылган болсо, пластикалык операция жасатып, тешикти бүтөтүү керек. Болбосо угуу начарлай берип, акыры дүлөйлүк келип чыгат. Кулак тарсылдагы жамалса да укпаган бойдон калгандар болот. Алар убакытты көп өткөрүп жиберип, врачка кеч кайрылгандар. Аларга угуу аппараты тагылат.

• Угуу аппараты төмөнкү учурларда сунушталат: кулактын нервдери жабыркап, угуунун 2-3-4-даражасы болгон учурда. Ошондой эле 2 кулактын тең угуусу төмөн болсо. Мындайда 2 кулагына 2 аппарат тагылышы зарыл. Ошондо толук угат.   

• Эгер бала дүлөй болсо жана угуу аппараты угууга жардам бербесе, анда операция жасалып, ички кулакка кохлеардык имплантат коюлат. Кулактын сыртында үн толкундарын кармап, ички имплантатка өткөрүп туруучу процессор болот. Имплантат аркылуу мээге сигнал жетип, бала угат. Имплантатты туура колдонуу балага жана ата-энесине үйрөтүлөт.

Эске алыңыз!

Учурда имплантат Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарга бекер коюлат. 1 жылда орточо 50 балага коюлат. Бала угуп жүрүп, кайсы бир себептен улам укпай калса, анда 1-2 күндүн ичинде ооруканага алып баруу зарыл. Бул дүлөй болуп калуунун алдын алат. Эгер арадан 1-2 ай убакыт өтүп кетсе, анда угууну калыпка келтирүү кыйынга турат, биротоло укпай калышы да мүмкүн. Баланын сүйлөө речи 5 жашка чейин калыптанат, ошондуктан 5 жашка чейинки балага аппарат тагуу керек болсо, сөзсүз тагуу зарыл. Укпай калган баланы текшертүүгө кеч, башкача айтканда, 6-7 жашында алып барса, угуучу аппарат кийсе деле укпай калгандыктан бала биротоло сүйлөбөй калышы толук мүмкүн.

Угуу аппаратынын түрлөрү

Угуу аппараттары Кыргызстанга көбүнчө Швейцария, АКШдан импорттолот.

• Санариптик аппарат – үндү даана, тунук угузат. Чөнтөк телефонго туташтырып алууга да болот. Кулактын сыртына тагыла турган жана кулактын ичине салына турган үлгүлөрү бар. Кайсы аппарат ылайыктуу экенин акустик-сурдолог тандап берет.

• Угуу аппаратынын башка аналогдору. Булар үндү даана угузбайт. Адам добушту укканы менен, сөздөрдү так ажырата албай калышы мүмкүн.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан