ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-июндан 23-июнга чейин

Кой 
(21.03–20.04)

Жашооңузду жогорку деңгээлге чыгарууга, турмуш-шартыңызды жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Болгону сизден аракет гана керек. Алыс сапарга чыгып, үй-бүлөңүз үчүн эс алуу уюштурсаңыз болот. Бойдокторду сүйүктүүсү романтикалык кечеге чакырышы мүмкүн, бул кеч сиз үчүн анын сизге болгон чыныгы кызыкчылыгын аныктайт. Айымдардын жашоосунда чоң бурулуш күтөт, жакшысы, жүрөктөгү кубаныч, сүйүнүчүңүздү эч кимге айтпаңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кесиптик чөйрөңүздө жетишкендиктер болот, жакшы кабар угасыз. Апта тазалануу үчүн жакшы мезгил. Мамилени иреттеп, ойлорду же жөн эле үйүңүздү, жумуш ордуңузду тазаласаңыз болот. Бул аракет сиздин жашооңузда тартипти орнотуп, жаңы мүмкүнчүлүктү ачууга жардам берет. Жакын адамыңыздын камкордугун, сүйүүсүн сезе аласыз. Кичинекей нерселерди талдоо үчүн өтө көп убакыт коротосуз, жашооңуздагы маанилүү иштерди унутта калтырып койбоңуз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жылдыздар сизге өндүрүштүк жана каржылык тартипти чыңдоону сунушташат. Өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө жакшы каржылык база түзүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат. Туруктуу болуңуз, оор кырдаалдарга багынбаңыз, анткени жолуңузда көп тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Жеке мамиледе башкалардын пикирине ишенбеңиз, туюу сезимиңизге гана таянып иш кылсаңыз туура чечим чыгарган болосуз. Бойдокторду келечектүү жолугушуу күтөт, ал адам сизди бактылуу кылат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Башкалардын колдоосу менен гана максаттарыңызга жете аласыз, жалгыз аракет кылууга шашпаңыз. Жакындарыңыз менен чыр чатак чыкса сабырдуу болушуңуз керек. Көптөн бери таарынышып жүргөн досторуңуз менен тил табышууга аракет кылыңыз. Ийкемдүүлүк сизге көп туруктуу адамдарды жолуктурат. Жаңы иш, жаңы долбоор баштоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Чоң иш баштоо үчүн чоң акча керек, жакындарыңыздын бирине карыз сурап кайрыласыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жаңы иш баштайсызбы, жаңы кыймылсыз мүлк сатып аласызбы, жаңы өнөктөш табасызбы, эң башкысы, калп айтпаганга аракет кылыңыз. Калп менен башталган иш кийин көп ызы-чуу менен коштолушу мүмкүн. Өз максатыңызга жетүү үчүн, интрига жасап, адамдарды бири-бирине тукуруп жиберишиңиз ыктымал. Сизге учурда руханий тазалануу, медитация менен алектенүү жакшы жардамга келет. Эмоцияларыңызды, сезимдериңизди тең салмактаңыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бийкечтер аптада талыкпай иштөөгө мажбур. Сизге бекем нерв керек, дүрбөлөңгө түшпөсөңүз эле жаралган маселени өз пайдаңызга чече аласыз. Кыйынчылык кээде адамдарга жаман гана нерсе алып келбейт, кээде бул нерсе жөн гана өтө керек тажрыйба болушу мүмкүн. Андыктан ар бир тоскоолдук, кыйынчылык бул сизге келген тажрыйба деп кабыл алыңыз. Каржылык көйгөйлөрдү чечүүгө, карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Күнүмдүк маселелерди чечүү менен алек болосуз. Саякатка чыгуу үчүн жагымдуу мезгил, өзүңүзгө көңүлдүү эс алуу уюштуруңуз. Ишкер өнөктөштөр менен айрым чыр-чатактар, жетекчилик менен түшүнбөстүктөр орун алат. Туура жолдо экениңизге ишениңиз, балким, сиздин пикириңизге кулак сала турган да учур келет. Бойдоктор сүйүүдө азыркыдан да мыкты адамды жолуктурууга умтулушат, бирок издегендери азыркы сүйүктүүлөрү экенине ынанышат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Көпчүлүк сиздин кошомат кылгыңыз келбегенин текебердик катары түшүнөт. Сиз эч кимге эч нерсе далилдөөгө милдеттүү эмессиз, башкысы бардык нерседе чынчыл болсоңуз болду. Унаа айдагысы келгендер атайын курстарга жазылышса, унаа башкарганды бат өздөштүрүп, сынактарын ийгиликтүү тапшыра алышат. Көптөн бери жеке бизнесиңизди баштоону каалап жүрсөңүз азыр аны жасоо үчүн идеалдуу убакыт. Тобокелчиликке барыңыз, сизди ийгилик коштойт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Ишкерлер бизнесин кеңейтип, жаңы филиалдарды ачып, чоң инвестиция салчу долбоорлорду ишке ашыра алышат. Кызыктуу, көп окуган адамдарды чөйрөңүздө көбөйтүңүз, алар сизге жаңы максаттарды коюп, шыктандырууга жардам берет. Сүйүү мамилесинде бардык нерсе  ийгиликтүү жана гармониялуу болот. Жаңы таанышуулар, романтикалык жолугушуулар жана сиздин жагымдуулугуңуз... Айтор, ыңгайлуу абалды колдон чыгарбаңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жумушта пландарды түзүп, каржылык отчётторду тапшыруу үчүн ыңгайлуу мезгил. Жеке мамиледе өзүңүзгө жаккан адамдын симпатиясына оңой эле ээ боло аласыз. Кирешелүү сунуштар болсо убактыңыздын тардыгына шылтап баш тартпаңыз, аталган сунуш келечекте каржылык абалыңыздын олуттуу жакшыруусуна алып келет. Энергияңыз толуп “бардык нерсени жасай алам” деп турганыңызда мурда бүтпөй калган маселелериңизди чечип алыңыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Жеке бактыңызды курууга жакшы мезгил келди, бирок идеалдуу адамды издебеңиз, ал үчүн сиз да ага төп келишиңиз керек. Бири-бириңиздерди толуктап турган түгөй болсоңуздар жетиштүү. Кандайдыр бир кирешелүү бизнес боюнча документтерге кол коёсуз. Бир орунда токтоп калганга көнгөн эмессиз, демек, тобокелчиликке барып болсо да максатка жеткенге аракет кыласыз. Абайлаңыз ишкердикте чоң каражат табам деген тобокелчилигиңиз акталбай калышы ыктымал.

Балык
(20.02–20.03)

Нотариалдык документтерди даярдоого, мамлекеттик органдар менен байланышкан маселелерди чечүүгө ыңгайлуу мезгил. Бул иштер сизден бир топ күч, энергияны ала турган стресстик кырдаалдарды жаратышы мүмкүн. Өткөн ишке көңүл бурбай, көбүрөөк учур чак менен жашаганга аракет кылыңыз. Жеке мамиледе мурунку сүйүктүүңүздү, же жарыңызды кайрып алуу каалоосу пайда болот. Бардык нерсени өз учурунда, өз убактысында коё бергенди үйрөнүңүз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан