Анжелика Кайратова: “Ырчылыктан 10 жылга кеттим”

“Чыгармачылыкта 10 жыл тыныгуу алганы жатам” деп баштады маегин ырчы, алпаруучу, бизнесвумен Анжелика Кайратова. Ал бүт күчүн бизнеске, устаттык кылууга, меценаттыкка жумшаганы жатканын айтат. Жаңылыктары, пландары, кыялдары тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

– Анжелика айым, туулган күн кут болсун! Өздүк майрамыңызды дайым шаан-шөкөт менен белгилөөнү жактырат окшойсуз?

– Рахмат! 30 жашымды чоң концерттик шоу-программа менен тоском, андан бери жөнөкөй эле өткөрүп келе жатам. Ар 5 жыл мен үчүн маанилүү дата. 35 жашымды өзгөчө кылып тосоюн дегенимдин себеби бар. Менин обончулук талантым бар экенин көптөр биле беришпейт, көп ырларымдын обонун өзүм жазгам, ырларга текст да жазам. Көптөн бери китеп жазып жүргөм. Айтор, ушул туулган күнүмдө сандыкка катып жүргөн өнөрлөрүмдү сыртка чыгарам. 12-июнда туулгам, ушул датадан улам “12” деп аталган китебимдин бет ачары болот. Мындан башка да эксклюзивдүү жаңылыктар бар. Буюрса, баарына күбө болосуздар.

– Чыгармачылыкта тыныгуу алганы жатам деп калдыңыз. Канча убакытка?

– Ооба, буга чейин мени теледива, медиаперсона, ырчы катары таанып келишсе, эми өзүм үчүн бизнес дүйнөсүнүн чоң эшигин ачып жатам. Жашоомдун жаңы барактарына кадам таштадым десем болот. 10 жылдык тыныгууну бизнеске, ошол тармакта иштеп, өнүккүсү келгендерге арнайын деп турам. Башкаруу системи, маркетология, инвестиция боюнча көп курстарды окуп билим алдым. Буга чейин “акча табышым керек, иштеш керек” деп максат кылсам, азыркы миссиям – үйрөтүү, берүү, билгенимди бөлүшүү болуп жатат. Ишкерликти жаңы баштагандарга устат, насаатчы болуп, булактын көзүн ачканга жардам берем. Бул акыркы маегим, мындан ары клип тарттырууну, тойлордо, концерттерде ырдаганды токтото турууну чечтим. Турмушка чыкканыма байланыштуу акыркы жарым жылда чет өлкөдө жүрөм. Үй-бүлөбүз түптөлгөндөн бери жолдошум экөөбүз Алматыда жашайбыз. Кызым Айыма мектепти бүтүп, Дубайдагы 5 университетке 50-70 пайыз арзандатуу менен окууга өттү. Кыздарым менен чогуу Дубайда жашасамбы деген да планым бар, дем алыш күндөрү Кыргызстанга келип-кетип турам да. “Биз жолуктук” долбоорун түптөгөнүбүзгө жакында 1 жыл болду, ал жактан да коштошуп кеттим. Жаштар иштесин, жол ачып берели дедим.

– Жашооңузда хайптын орду өзгөчө десек болот. Сизди “хайп ханышасы” дешсе чычалабайсызбы?

– Мурда чычалачумун, ыйлаган учурларым болгон. Азыр андай эмес. КМШ өлкөлөрүндө, АКШда хайпка атайын сценарий жазышып, бир адамдын атын чыгаруу үчүн бүтүндөй команда иштейт, хайпты үйрөткөн атайын курстар бар. Көрсө, мен анын баарын бекер эле жасап жүргөн экенмин (күлүп). Менин атайын жасаган биринчи жана акыркы хайпым – Канат Шабданбеков менен “сүйүү” мамилебиз болгон. Аны да Канат өзү сунуштаган, колдоп берип коюңуз, элге жакшы өтөт деп. Ошол хайптын уюшулганы да жакшы болгон окшойт, андан кийин тез эле Канат үйлөндү, мен да тез эле турмушка чыгып кеттим. Экөөбүз тең үй-бүлөлүү болуп калдык. Хайп – жагымсыз угулганы менен, бүгүнкү күндө нормалдуу эле нерсе.

– Ийгилик жугат дегенге ишенесизби? Ийгиликтүү адамдарды жандап жүргөн адамга да ийгилик бат келиши мүмкүнбү?

– Жандап жүргөндүн баары кыйын болуп кетет дегенден алысмын. Мисалы, дилгир, аракетчилдер мен түптөп берген нерсени өнүктүрүп, ишти жолго салып кетишет. Ошолор менин канатым. Бир Кудай көрүп турат, канча адамдын талантын ачып, ишкерликке жол чаап бергенимди. Төбөсү көрүнгөн 15-20 чакты инфлюенсердин баштапкы кадамдарына көпүрө куруп бердим. Дайыма кол алдымдагыларга “эч качан бирөөнүн колунда өмүр бою иштебегиле” деп айтам. Алыскы аймактарда өрүк, курут сатып ишкердик кылам дегендер үчүн түшүнүктүү тилде атайын бизнес программа жаздык. Ишкерликте жеке брэнд абдан маанилүү. Мына ушунун баарын үйрөткөн, окуткан платформа түзүп жатабыз. Буюрса, 10 жыл бою майып балдарга, зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүүгө көңүл бурам. 45 жашка чейин шаан-шөкөттү жыйыштырам деп өзүмө чакырык таштадым, аракет кылып көрөйүнчү эми (күлүп).

– Миллиардер Маргулан Сейсембайдын командасы менен Бразилияга барып келдиңиз, эмне таптыңыз ал сапардан?

– Негизи, Сейсембайдын командасына өтүү аябай кыйын. Кыргызстандан мен эле бардым, Казакстандан 3 миллионер барды. Тегерегиңде жалаң менчик токою, фермасы, завод, фабрика, компаниялары бар ири ишкерлер жүрүшөт, ой жүгүртүүлөрү масштабдуу. Алар менен баарлашып, бизнеске көз карашым түп тамырынан өзгөрдү. “Колдо бар алтындын баркы жок” деп коюшат эмеспи. Мени Кыргызстанда “ой, баягы ырчы, баягы хайпты жакшы көргөн Анжелика да” дешет, билем да. Бразилияда жүргөндө “3 кыздын энеси, 7 миллион калкы бар өлкөдө Инстаграмында 3 миллион окурманы, 15 активдүү бизнеси бар айым” деп тааныштырышты. Өзүңдү аябай олуттуу сезип толкунданат экенсиң. Бул мен үчүн абдан чоң жоопкерчилик. Мурун биз “качан эмгегим бааланат?” деп сыйлык, Ардак грамота күтүп эле жүрчүбүз да, азыр “признание” башка жолдор менен келип калды. Буга интернет, социалдык тармактар чоң жардамга келүүдө. Маргулан Сейсембай “тарыхчаларды сонун тартып, менин 15-20 жардамчым кылган ишти сен жалгыз жасап коёт экенсиң” деп таң калды.

– Жолдошуңузду сурайын, ал ким жана кандай адам?

– Чет өлкөдө көп жүргөнүмдүн себеби – чет элдик өнөктөштөр абдан көбөйдү. Жолдошум өнөктөштөрүмдүн бири. Бизнесте мага колдоо көрсөтүп, мендеги ишкерлик талантты ойготкон адам. Адам бийик көтөрүлгөн сайын жөнөкөй боло берет экен, анткени турмушта көп нерсени көрдү да. Жолдошум дал ошондой 5 маал намазын окуган, абдан жөнөкөй адам. Буюрса, экөөбүз сонун наристелерди жарык дүйнөгө алып келебиз деген ниеттемин. Кээде окурмандар “кош бойлуусуңбу?” деп сурап калышат, азыр эмес деп жатам. Анткени автокырсыктан кийин белиме темир койдургам, ооруган сайын ошол темирлер бошоп кетет, аларды алмаштырып, айтор, ден соолугумду карап жатам. Жолдошум да “өзүңдү кара” деп көп айтат.

– Анжелика айым, жан дүйнөңүздү ачып маек куруп бергениңиз үчүн рахмат. Балким, 10 жылдан кийин, балким, ага чейин маектешербиз. Эң башкысы аманчылык болсун...

– Чоң рахмат сиздерге “Супер-Инфо” гезитинин жамааты. Сиздер менин чыгармачылык тарыхымда, дегеле жашоомдо чоң орун ээлейсиздер. Турмушумдагы көп бактылуу күндөрүмдү, сырларымды, ыйларымды сиздер менен бөлүштүм. Аягында мындан 10 жылдан кийинки – 45 жаштагы Анжеликага кайрылуум бар эле. Мүмкүн болсо гезитиңиздерден орун берип койсоңуздар, тарыхта калсын...

"Салам, Анжелика, жакшы жүрөсүңбү? Ошондой эле жапжаш, энергиялуу, ден соолугуң чың болсо керек. Балким, уулдуу болгондурсуң... 10 жыл аралыгында кыздарыңдын улуусу же ортончусу турмушка чыгып, небере жытын жыттап калсаң керек. Кыргызстанга мектептерди, академияларды салган кайрымдуу инсан болуп жүргөндүрсүң. Азыр 57 өлкөнү кыдырдың, бирок 45 жашка чейин Дүйнө жүзүн кыдырып, чоң-чоң шаарлардан үйлөрдү алсаң керек, ээ? Ата-энең аманбы, маңдайында отурушабы (ыйлап)?..Ошол күнү ата-энең, бардык жакындарың маңдайыңда отурушун каалайм. Көрүшкөнчө!"

Лунара Бекиева  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан