“ФАКТЫҢ БАРБЫ ДЕП ЭДИРЕҢДЕШЕТ, ЧЫР ЧЫГАРЫШАТ, ЫЙЛАШАТ...” Тергөөчү жумушу тууралуу айтып берди

Кайсы бир окуя боюнча кылмыш иши козголгондон кийин аны кылдат тергеп, иликтеп, талдап, айтор, жети өлчөп бир кесиши керек болгон адис – тергөөчү менен маектештик. Нурсултан Нарбаев учурда Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына караштуу №5 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү. Аскердик наамы – милициянын улук лейтенанты, иш стажысы 11 жыл. 

“Тергөөчү болушума детектив тасмалар түрткү болгон”

– Бул кесипти тандап калганыма туугандарымдын арасында аскердик жана милиция кызматкерлеринин көп болгону себеп. Бала кезимде детектив тасмаларды көп көрүп, кылмыштардын бетинин ачылышына, иликтенишине кызыкчумун. Ушул жагдайлар менин тергөөчү болушума түрткү берди окшойт.

Тергөөчү катары биринчи ишим такыр эсимден чыкпайт. Чакыруу түшкөн жерге барсак, чоң дүкөндөн азык-түлүк уурдалыптыр. Ууру ошол эле күнү кармалды. Көрсө, шектүү ага чейин 5-6 жолу уурулук кылып кармалып, жаза мөөнөтүн өтөп чыккан 40 жаштагы киши экен. Тергөөдө ал “уурулуктан башка иш колумдан келбесе эмне кылайын? Ачкадан өлөйүнбү? Камагыла, чыгып кайра эле уурулук кылам” деген эле. Ошондо мурунку окуяларынан сабак албаган, жашоосуна кайдыгер караган ушундай адамдар бар турбайбы деп таң калгам.

“Биздин кесип жумшактык менен шалаакылыкты кечирбейт”

– Мен уурулук, каракчылык, алдамчылык фактылары боюнча иш алып баргандыктан бул жаатта кылмыш иштерин тергеп жүрүп, түркүн тагдырларды көрдүм. Сурак берген шектүүлөрдүн ар биринин психикасы, мүнөзү ар түрдүү да. Эч ким кылмышын дароо эле моюнуна ала койбойт. Айрымдар кылмышын жашырыш үчүн оңою менен илинчек таба албай тургандай көрсөтмө беришет, суракта такыр сыр бербей отурушат. Канча жолу сурак кылсаң да бир айтканын эле кайталай беришет. Кылмыш кылган жерине оңою менен далил заттарды калтырбайт, манжа издеринен бери аарчып-тазалап кетишет. Андайлар көбүнчө уурулукту кесип кылып алгандар болушат. Кээде кармалып калгандагы агрессиясын тергөөчүдөн чыгарып алыш үчүн кыйкырып-өкүрүшөт, аялдар ыйлашат.

Чагымчылдык жаратуу жолдорун издеп, чыр-чатак чыгарып, ага сени күнөөлөп, жетекчиликке үстүңдөн арызданып сени жаман көрсөткүсү келгендер да болот. Эртең эле кылмышы далилденип каларын ойлобой, кайра сени демитип, “кана фактыларың? Күбөлөрүң барбы? Мага факт менен сүйлө” деп эдиреңдегендер бар. 

Айрым аялдар балдарын жетелеп келишип, “мен камалып кетсем буларды ким багат?” деп боор оору, аёо сезимиңди ойготуп, ошондон пайдаланып ишин жеңилдетип алууну көздөшөт. Кимиси кандай мүнөзүн көрсөтпөсүн, биз, тергөөчүлөр, салкын кандуулук менен, мыйзам чийип берген сызыктан чыкпай ишти тергеп, акты акка, караны карага чыгарабыз. Жумшактыкты, шалаакылыкты тергөөчүлүк кесип кечирбейт. Жогоруда айткандай, түркүн мүнөздөгү адамдарды тергеп жүрүп психолог да болуп каласың.

“Адам тагдыры чечилип жаткандыктан абдан кылдат болушуң керек”

– Ар бир кылмышта же окуяда жабыркаган жана айыпталган тарап болот эмеспи. Айрым жабырлануучулар тергөөнүн жыйынтыгы жеңил, жумшак болуп калды деп нааразы болушат. “Айыпталуучу катаал жаза алсын, мынча жылга соттолсун, мага мындай суммада моралдык чыгым төлөсүн” деп ашыкча талаптарды койгондор болот. Тескерисинче, “тергөөчү мени көп жылга соттой тургандай кылып жыйынтык чыгарып койду, бул же тиги жагдайды эске алган жок” деп нааразы болот кылмышка шектүү. Бирок мыйзам деген бар, алардын оюндагыдай гана жыйынтык чыгарууга мыйзам жол береби? Аны алар ойлоп да коюшпайт. Тергөөчүнүн башкы куралы – далил, ушуну көптөр эске алышпайт.

Тергөөчү ким? Ал кылмыш ишин изилдеген адис. Кылмыштуу окуя катталган жерге опер-кызматкерлер, эксперт-криминалисттер менен барып, табылган далил заттарды анализдейт, күбөлөрдөн маалымат чогултат, кылмышка шектүүлөрдү суракка алат. Керектүү маалыматтарды чогулткан соң кылмыш боюнча түрдүү версияларды карап чыгып анализдейт, айыпталуучунун күнөөсүн далилдейт. Андан соң документтер сотко жиберилет. Биздин корутундубуз соттун кандай чечим чыгарарына таасир этет. Адам тагдыры чечилип жаткандыктан тергөөчү абдан жоопкерчиликтүү, кылдат болуп, корутунду чыгарарда жети өлчөп, бир кесиши зарыл. 

Тергөөчүгө чечкиндүүлүк, кылдаттык, тактык, стресске туруктуулук, сабырдуулук, майда деталдарга чейин көңүл бурган баамчылдык сапаттар керек. Анан тергөөчүнүн бекитилген иш графиги жок, нөөмөт учурунда күнбү-түнбү кылмыш иши боюнча чакырык түшсө дароо жөнөөгө даяр турушуң кажет. Бул кесипте чыдамкай адам гана иштеп кете албаса, анча-мынча адамдын колунан келбейт, абдан түйшүктүү иш.  

“Сурак учурунда лезвия менен кан тамырын кесип жиберген”

– Иш тажрыйбамдагы өзгөчө окуялардан айтып берейин. Бир жолу маршруттук таксиде телефон уурдаган деп шектелип бир жигит кармалды. Биздин бөлүмгө алынып келинип, коңшу иш бөлмөдө тергөө амалдары жүрүп жаткан. Анан эле ал жакта тополоң түшүп калды. Барсак, тиги жигит “мени ак жерден кылмышкер деп таап жатасыңар. Мени ак деп чыгарбасаңар өзүмдү өлтүрөм” деп чагымчылдык кылып, оозуна салып жүргөн лезвияны алып чыгып, колунун кан тамырын кесип жибериптир. Убагында токтотуп калышты, биз “Тез жардам” кызматын чакырып бердик. Кийин ал жигиттин уурулугу аныкталып, жазасын алган.

“Уурулук кылууда видеокамераны аңдабай калган”

– Айрымдар уурулук кылганда ошол жердеги видеокамераларды эске албай калышат. Мисалы, бир киши кафеден чет өлкөлүк жарандын уюлдук телефонун уурдаган. Чет өлкөлүктөр тамактанып жаткан учурда эркек тилемчилик кылып кирет. Алар боор ооруп тамак салып берип жатканда тамакты оң колу менен алып, сол колу менен столдун үстүндөгү телефонду кымырып чыгып кеткен. Видеокамерага түшүп калган ал киши бат эле табылып, ишти мен тергегем.

“Европага ишке орноштурам деп 15 жаранды алдаган”

– Бишкектик 35 жаштагы киши “Италия, Францияга ишке орноштуруп берем” деп 15 жаранды алдаган. Ар биринен 1200 доллардан алып, бирок убада кылынган күн келгенде чет өлкөгө кетирбей, ар кандай шылтоолорду айта баштаган. Ошондо шекшип калган тигилер милицияга арыз менен кайрылышкан. Ал жигит жашаган жерин, телефон номерлерин алмаштырып, таптырбай кетет. Акыры кармалып, кылмышы аныкталды. 15 адамдан алынган акча кайтарылып, айыпталуучу тийиштүү жазасын алган.

“Бир үйдү 2 кардарга сатып жиберген адамдын иши тергөөдө”

– Бишкектик тургун коңшусунун ишенимине кирип, ага үйүн сатып, акчасын алган. Сатуу-сатып алуу келишими юридикалык мекемеде эмес, оозеки түзүлгөн. Үйдү сатып алган адам ал жерге көчүп барууга жетише электе үй ээси үйүн дагы башкага сатып жиберген. Анан сатып алган 2 адам “үй меники” деп талашышат. Акырында экөө тең алданганын билип, үй ээсинин үстүнөн арыз жазышкан. Бул иш азыркы учурда тергелип жатат. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан