Саясат жаңылыктары

Майыптыгы бар аялдарга бөлүнгөн акчаны министрликтегилер жеп коюшкан 

Майыптыгы бар аялдарга мамлекеттен бөлүнгөн акчаны кымырып алышкан деп Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. 11-июнда Башкы прокуратурадан билдиришкендей, министрликтин жооптуу кызматкерлери М.А.Р.К.К.А. коомдук бирикмесинин жетекчиси менен биргелешип, майыптыгы бар аялдарды окутуу жана жумушка орноштуруу багытындагы долбоорду ишке ашырбай, ал үчүн мамлекеттен бөлүнгөн акчаны өз чөнтөктөрүнө салып алышкан. Акчанын суммасы 1 миллион 440 миң сомду түзөрү айтылды.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 337 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча айыпталып жатышат. 

210-берененин нормалары боюнча, күнөөсү далилденген жаран 200 миң сом айып пул төлөп, же 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн. Эгер келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берсе, кылмыш жоопкерчилигинен кутула алат.

337-берене боюнча күнөөлүү деп табылган жаран 8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Же 2-2,5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Кыргызстанда боор алмаштырылган алгачкы операциялар ийгиликтүү өттү 

10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операцияны кыргыз-түрк дарыгерлери биргеликте Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 9 саат жасашты. Саламаттыкты сактоо министрлиги боор трансплантациясы ийгиликтүү ишке ашканын кабарлап: “Операциянын жыйынтыгы канааттандырарлык. Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады. Бул бейтаптын сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан”,- деп билдирди.

11-июнда аталган ооруканада боор алмаштырылган экинчи операция жасалды.

Эсиңизге салсак, 2023-жылы кыргызстандык 30 дарыгер боор алмаштыруу боюнча Түркиядан атайын окуудан өтүп келишкен. Жыйынтыгында алардын үчөөсү гана “боорго операция жасай алат” деп табылганы Жогорку Кеңеште айтылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “окууга жөнөтүлчүлөрдүн тизмесин түзүүдө катачылык кеткен, боор кайсы жерде жайгашканын билбегендер да тизмеге кирип калган” деп билдирген эле. Бул окуяны иликтөө үчүн парламентте депутаттык комиссия да түзүлгөн.

Быйыл 22 адис боор алмаштыруу боюнча Түркиядан окууга жөнөтүлгөнү маалымдалган.

Пашинян: “Армения ЖККУдан чыгат”

Армения Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан чыга турганын премьер-министри Никол Пашинян 12-июнда Армения парламентиндеги жыйында билдирди. Оппозициячыл депутаттар Армения ЖККУга нааразычылык билдирип келе жатканы менен, андан чыкпай жүргөнүн эскертишти эле, Пашинян: “Чыгабыз, качан чыгарыбыз да чечилет. Силердин оюңарча кийинки кадам кандай болушу керек? Артка кайтуубу? Жок, башка жол жок, биз артка кайтпайбыз”, - деген жооп узатты. 

Пашинян ЖККУну “мүчөлөрү Азербайжан менен бирге Арменияга каршы согушту пландашкан” деп ачык айыптады.

Май айында Никол Пашинян ЖККУнун эки мүчөсү Тоолуу Карабахтагы согушка даярдыкка катышканын билдирип, бирок кайсы өлкөлөр экенин ачыктаган эмес. ЖККУ өзүнүн мүчөсү болуп саналган Армениянын кызыкчылыгын коргобой жатканын былтыр эле айтып чыгып, уюмдагы мүчөлүгүн убактылуу токтоткон. Тагыраагы, Пашинян уюмду Армения-Азербайжан жаңжалындагы позициясы үчүн сындап келе жатат. “Эгерде Орусия Тоолуу Карабахтагы жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо милдетин аткарбаса, анда Ереван тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүнү суранып БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылууга аргасыз болорун” эскерткен эле.

ЖККУга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Тажикстан мүчө.

Жол кырсыктары азайбай жатат

12-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков жол кырсыктарын азайтуу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берди. Унаанын ылдамдыгын нормадан ашырып айдоону, мас абалында унаа башкарууну, карама-каршы жол тилкесине чыгууну, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салууну болтурбоо үчүн пропагандалык иштердин таасири начар болуп жатканын айтат министр.

Жол кыймылыгын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы төмөнкүдөй тапшырма алды:

• Айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында таасирдүү пропагандалык иштерди күчөтүү.

• Жол кыймылына түздөн-түз жооптуу кызматкерлердин кызмат өтөшүн көзөмөлдөө, ишине күн сайын баа берүү.

• Аймактарда тийиштүү органдар менен биргеликте жол кырсыктарынын алдын алуучу атайын акцияларды мезгил-мезгили менен өткөрүп туруу.

• Оор кесепеттүү жол кырсыктарында жооптуу жетекчилерге катуу тартиптик чара колдонуу.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жол кырсыктары боюнча Борбордук Азияда алдынкы сапта турат. Акыркы 2 жылда эле автокырсыктан 2342 адам каза тапкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан