(Башы өткөн сандарда)
Кызы Алтынай менен жээни Аландын үйгө келбегенине сарсанаа болгон ата кудасына, Дайырдын атасына, телефон чалды эле, ал келининен кабарсыз экенин айтты.
– Алтынайды билбедим. Дайыр болсо үйдө, уктап жатат,- деди.
– Кандайча үйдө? Алар жолукмак эмес беле?- кыздын атасы чочуп кетти. Андан ары сөз уланган жок, телефонун өчүрдү.
– Ай, катын?! Дайыр менен дебедиң беле?- деп ачуулуу кыйкырды.
– Мага Дайыр менен кеттим деп айткан, кайдан билейин ага жолукпаганын. Кызың бир нерсени ачык айтчу беле өзү?- деп сыртынан сыр алдырбаганы менен, ичинен чыйпылыктап калды апасы.
– Эй, бала! Тур өйдө, катын-балаңдан кабар албайсыңбы. Куда чалды, "Алтынай жок, байланыша албай жатабыз" дейт,- деди атасы Дайырдын бөлмөсүнө кирип барып.
– Эмне? Алтынай жок бекен?- Дайыр ордунан ыргып туруп кийине баштады. Эшикке чыгып эле Алтынайга телефон чалды. Биринчи чалуусу жоопсуз калды. Машинасын от алдырып дагы бир жолу чалып көрдү, дагы жоопсуз. Көчөгө чыгып дүкөндөн жаңы СИМ-карта сатып алып башка номур менен чала баштады. Бир нече чалуудан кийин Алтынай жооп кайтарды. Ал чоочун номур менен Дайыр чалып жатканын аңдады.
– Алтынай, кандай? Каяктасыңар?- деген Дайырдын тынчсызданган үнүн угуп Алтынай ыйлап жиберди.
– Жакшыбыз,- деди ый аралаш үнү менен.
– Эмне болду? Каяктасыңар? Баарыбыз сени издеп жатабыз, тынччылыкпы?
Суроо артынан суроо узатылды.
– Биз батирге чыгып кеттик.
– Эмне болгон батир? Дарегиңди айт, барайын,- деди Дайыр. Бышактап ыйлап жаткан Алтынайды аяп кетти. Жетип барып бооруна кыскысы келди.
Алтынай да ушул маалда баш жөлөөр адамга муктаж болуп турган эле. Дайырга турган жеринин дарегин жөнөтүп жиберди. Дайыр көп узабай караңгы көчөлөрдү аралап отуруп айтылган даректи таап келди. “Мындай жерге батирге чыгып Алтынайдын башына эмне күч келди? Атасынын заңгыраган үйү турса” деген ой башына кайра-кайра келет. Көрсөтүлгөн дарекке жетип катарлаш батирлер жайгашкан короого кирип барды.
Алтынайга телефон чалып, “мен келдим, кайсы бирине кирем?” деди эле, ортодогу бир батирдин жарыгы күйүп, эшиги ачылды. Дайыр ошол тарапка басты. Үйдүн ичи бопбош. Ортодо бир жер төшөк салынган, анда Алан уктап жатат. Бурчта бир чемодан, бир баштык турат. Үйдүн ичинде эмне бар экени боштуктан дароо эле Дайырдын көзүнө урунду.
– Эмне болду, Алтынай, апаң менен уруштуңбу?- деди ага жакындаган Дайыр.
– Апам, апам мени күйөөгө берем дейт,- шолоктоп ыйлаган абалда Дайырды кучактап калды.
– Эмне? Ал эмне болгон күйөө экен? Мен сени эч кимге бербейм. Сен мендиксиң,- чачтарынан жыттап көкүрөгүнө бекем кысты.
– Алтынай, сага кылган адилетсиздигим үчүн кечирчи. Мен сага апаңдан ушул сөздү угузбашым керек эле. Күнөөнүн баары менде. Мага бир мүмкүнчүлүк бер. Мурдагы каталарымды кайталабайм, Кудай алдында ант берем,- Дайыр Алтынайга жалбарып жатты.
– Кээде сөздөрүңө ишенбей кетем. Бирок сага мүмкүнчүлүк бергим келет, билбейм, эмне гана болбосун сенден баш тарта албай койдум,- деди Алтынай Дайырдын көкүрөгүнө башын жөлөгөн абалда.
Дайыр жубайы менен уулун өзүнүн үйүнө алып кетмей болду. Уктап жаткан уулун көтөрүп барып унаанын арткы орундугуна жаткырды. Чемоданын, баштыктарын багажга салып, батирдин ачкычын коңшуларына дайындап тапшырып короодон чыгып кетишти.
Дайырдын кубанычы ичине батпай бара жатты. Алтынайдын “жарашууга макулмун” деген сөзүн канча убакыттан бери күтүп жүргөн. Психологдун “өзүңдү оңдосоң калганы өз жолуна түшөт” деген сөзү кайра-кайра эсине түшүп жатты. Ушул учурда Дайырдын акылын “жашоону мындан ары жаркырата жайшайм” деген ой уялап турду. Жаратканга ыраазычылык айтып жатты ичинен.
xxx
Жакыпов Германияда жүргөндө Айзаданы ооруканадан үйгө чыгарып кетиш керек экенин кабарлашкан. Ал түндө Бишкекке келген. Башка иштерин жыйыштырып, таң эрте бейтапкананы көздөй бет алды. Барып дарыгерлер менен сүйлөшүп, дарыланууга кеткен чыгымды төлөдү.
– Толук айыктырып чыгарып берсек жакшы болмок деңизчи, бирок бул эс-тутум дегендики ушундай, балким, калыбына келүү үчүн жылдар керектелет. Күтүшүбүз гана керек. Бул дарыларды үзбөй ичсин. Ай сайын текшерүүгө алып келип туруңуз,- деп Айзаданы бейтапканадан чыгарып беришти.
Жакыпов Айзаданын үйүн көздөй жөнөдү, анын үйүнүн дарегин так билер эле. Жол кырсыгынан кийин баштыгын Жакыповго өткөрүп беришкен, анда мурун өзү алып жүргөн чынжырчага байланган ачкыч бар болчу. Үйдү ачайын десе ичинде дагы ачкыч салынуу экен. Каалганы каккылады, жаш жигит эшикти ачты.
–Кимсиң сен?- Жакыпов өктөм үн катты. Жигит Жакыповду даана тааныды.
Анын артында лифттен чыгып келе жаткан Айзада менен дагы бир келин Амандын көзүнө урунду. Айзаданы көрө салып эле Жакыповго жооп бербестен аны менен учурашты. Айзада таң калычтуу карап койду Аманды. Ошол эле маалда Айзада өз үйүнө келгенин деле билген жок. Эшик оозунда үйгө кирбестен тура берди.
– Мен Айзада эже менен иштешип жүргөм, үйгө таштап кеткен мени,- деди алаңдаган Аман. Жакыповдун жан сакчысынын келе жатканын көрүп.
– Андай болсо сен үйдү бошот, жарым саатта жыйыналып чыгып кет,- деди Жакыпов.
– Макул, макул,- Аман ичкери кирип кетти. Биртке буюм-тайымын заматта чогултуп чыга беришке койду.
– Анан жигит, сени мындан ары бул тегеректен көрбөйүн. Айзаданын да тынчын алба, макулбу?!
– Болду, болду,- деп чыгып бара жаткан Амандын колунан ачкычты алып калды Жакыпов. Аман эмне болуп жатканын анчейин аңдаган жок. Анын акылында “Айзада эже эмнеге мени таанымаксан болуп койду? Бирдемеси бар, болбосо менден сурай турганы көп эле да” деген ой айланып турду. Эшик алдында туруп Аман өзүнө жашай турган жай издеп жатты интернеттен.
– Эмнеси болсо да онлайн бизнес менде калды,- деп ичинен өзүнчө кудуңдады Аман.
Жакыпов багуучуну дагы бир айга жалдады. “Дарыларын убагында берип жанында бол, буга азык-түлүк алып алгыла” деп колуна акча карматты.
– Сиз мага ким болосуз?- деди багуучу келин менен сүйлөшүп отурган Жакыповдун жанына келип.
– Мен сенин агаң болом.
– Бул кимдин үйү?- деди Айзада ага улай.
– Бул үй сенин өз үйүң. Беймарал жашай бер,- деп маңдайынан сүйүп, Жакыпов чыгып кетти. Үйдөн чыгып эле Айзаданын батирге берилчү үйүн көздөй жөнөдү. Ал жактагы жашоочуларга жолугуп, батир акыларын Айзаданын эсебине которуп тургула деп дайындап кетти.
xxx
Айзада ойгонору менен багуучусу Берметтен аны клиникага алып барып келүүсүн өтүндү. Бермет анын кимге жолуккусу келип жатканын айттырбай түшүндү. Ал мырзанын аты-жөнүн суратканында эле Айзаданын жүрөгүндө бир сезим пайда болгонун түшүнгөн. Оорукчан болуп калды, көңүлүнө жакканын кылсын деп Бермет деле анын аракетине каршы болгон жок. Экөө такси менен бейтапканага келип түшүштү. Шамэл өзүнө келип калыптыр. Анын палатасына кирип келген бейтааныш аялды сиз ким элеңиз деп таңдангандай карап калды. Арыкчырай, бакыраң көз сулуучумак келген келиндин анда эмне иши бар экенине кызыкты...
(Уландысы кийинки санда)