Аваз Акимов, ырчы: “КӨП НЕРСЕДЕН КОРКОМ, БИРОК АЙТКЫМ КЕЛБЕЙТ”

Ырчы Аваз Акимов бул жолу журналисттин эмес, кесиптештеринин суроолоруна жооп берди. Күтүлгөн да, күтүүсүз да суроолор берилди, Аваз мырзанын жоопторуна назар салалы анда. 

Ырчы Үмүтай Абдышованын суроосу:

– Сүйүктүүң менен алгачкы жолуккан күнү эле учкун пайда болду беле? Кайсы кылыгына арбалдың да, сүйүктүү жолдош, камкор ата болууга бел байладың?

– Ооба, сүйүктүүмдү биринчи көргөндө эле “искра” пайда болгон. Айдананын бардык кылыгына, өзгөчө көп сүйлөгөнүнө, жаркылдаган ачык мүнөзүнө байланганмын. Ушундан улам аны өмүрлүк жарым катары элестетип, баш кошууну чечкем.

– Үй-бүлө бекем болушу үчүн жаш жубайларга кандай кеңеш айтасың? Аял жана эркек кандай сапаттарга ээ болуш керек?

– Эң биринчи кеңешим – жубайлар бири-бирине ишениши керек. Бири-бири менен тамашалашып ойноп, абдан ээн-эркин болушу зарыл. Ортодо эч кандай сыр болбогону жакшы. Аял күйөөсүнө болгон мээримин төгүп, сырын, ичинде кандай көйгөйү болсо, баарын айтып турса, менимче, эркекке ушул нерсе көбүрөөк жагат. Эркек болсо ал нерсени баалай билиши кеaрек. Жаман нерсе айтса да, ката кетирсе да, көйгөй болуп жатса да урушпай, кыйкырбай, туура жол менен аны жайгарып койгону туура. Эркек сүйлөгөндөн кийин аял киши ал көйгөйдү болбогон эле нерсе катары көрүп кала тургандай кылып, маселени эркек чечкенде аял киши жыргап, “бул көйгөй деле эмес турбайбы” деп ойлоп кала тургандай болуш керек.

– Дуэт ырдаганга ырларды жана ага жараша сахна
 образдарын ким тандайт?

– Негизи бирге тандайбыз. Бизге көп эже-агаларыбыз ырларды жөнөтүшөт. Менин уккан ырларым башкачараак, анан элге кандай ырлар жагарын көбүрөөк билем. Ошондуктан дуэттерди көбүнчө мен тандайм, образдардын басымдуу бөлүгүн Айдана тандайт. 

Ырчы Дайыр Исмадияровдун суроосу:

– Аваз, шоу-бизнесте жүргөнүңө көп жыл болуп калды. Өйдө-ылдый, ысык-суугун да көрдүң. Кесиптештериңдин арасынан сага чын жүрөктөн күйгөн, сенин ийгилигиңе сүйүнгөн адамдарды таба алдыңбы? Алар кимдер?

– Дайыр аке, ассалом алейкум! Чынында, шоу-бизнесте жүргөнүмө көп жыл болду. Ысык-суугун, баарын көрдүк. Чыгармачылыкта колдоо абдан көп, айрыкча концерт бергенде келип биринчи катарда отуруп, тим эле сонун болуп колдоп берген кесиптештеримди, агаларымды көрүп ушунчалык сүйүнөм. Колдогондор, чынында, көп. Дайыр агабыз да менин чыгармачылыгыма сүйүнүп, чын жүрөктөн кубаттап, телефон чалып да мактап, “оо, сонун кийинипсиң, жакшы ырларды чыгарып жатасың” деп Айдана экөөбүздү ар дайым колдоп турат. Аябай ыраазымын Дайыр акеге. Бизди бетибизге айтып эле мактай алат. Ийгилигин көрүп турса да ачык айтып мактап коюш көп адамдын колунан келе бербейт. Менимче, мага эч кандай көрө албастыгы жок, мен жөнүндө ою жаман эмес, ичи таза адам болгон үчүн мактай алат. Бирөөнүн ийгилигине сүйүнүү көп адамдын колунан келбейт.

– Акыркы убактарда кийинүү стилиң өзгөрдү. Өзүң тандайсыңбы кийимдерди же стилист менен иштешип жатасыңбы?

– Стилди өзүм тандап деле кийинген учур болот, бирок көбүнчө интернеттен карап, келинчегимдин сунушу менен кийинип калдык, стилдүү болуп (күлүп). 

Ырчы Алтынай Жайнакованын суроосу:

– Жашооңузда эмнелерге канааттанбаган учурлар болот?

– Бир нерсеге кичине канааттанбай, бир нерсени максималдуу түрдө бат кылгың келген учурлар боло берет. Бирок баары Кудайдын буйругунан. Канчалык чуркасаң дагы, канча тытынсаң дагы буюрбаган нерсеге жетпейсиң. Ошондуктан өтө деле кабатыр болбойм, баарын Кудайга тапшырам.

– Концерттен канча акча түштү?

– Концертте биринчи жолу Бишкектен акча түштү. Буга чейин көп концерт койдук, артка кетип, болбосо өзүн-өзү араң актачу. Бишкектеги концертибизден, Кудайга шүгүр, азыраак болсо да киреше түштү.

– Жараткан бизди эмне үчүн бул дүйнөгө жараткандыгына сиздин ой жүгүртүүңүз, түшүнүгүңүз?

– Эми Кудайым бизге бир тапшырма берип жаратты болуш керек. Туура жолдо, Кудайдын бардык милдеттерин аткарып, элиңе пайдаңды тийгизип жүрүшүң керек. Ар бир адамдын өзүнүн миссиясы бар. Биздики жакшы үй-бүлө куруп, жаштардын ажырашпай жашашына, жаман жолдо жүрбөшүнө бир аз үлгү болуу миссиясы окшойт. Ошондуктан элге жакшы үлгү көрсөтүп, күзгү болуп жүргөнгө колубуздан келишинче аракет кылабыз. 

Ырчы Данияр Эрматовдун суроосу:

– Авазга кайсы кызы жакыныраак? Эки кызынын кимиси Авазды көбүрөөк жакшы көрөт?

– Даниярдын суроолору өзгөчө экен. Эки кызым, Айдана менен кошо үч кызыма тең өтө жакынмын. Баарын жүрөгүмдөн жакшы көрөм, эч качан бөлбөйм. Мага жакыны – кичүү кызым, жанымдан чыкпайт. Мени тим эле эң идеалдуу адам көргөн ошол кызым, Халк дейт (күлүп). Үйгө келгенде да биринчи апасына эмес, мага чуркап келет.

– Бук болуп калганда, көйгөйлөрүң көбөйүп кеткенде ээн талаага чыгып алып катуу кыйкырат экенсиң го, ошол чынбы?

– Жо-ок (күлүп). Ал силерди күлдүрөйүн деп эле айткан сөзүм. Бирок бук болуп калган кезде, анча-мынча көйгөй жаралып калганда кыйкырып ырдашым мүмкүн. Ырдаганда жан дүйнөм жеңилдей түшөт.

Куудул Алисултан Супатаевдин суроосу:

– Жашоодо эмнеден коркосуз? Эң көп корккон нерсеңиз эмне?

– Жашоодон, чынында, көп нерседен корком, көп нерсени ойлоном. Анын баарын айткандан да корком. Кээде так ошол корккон нерсең орундалып калат эмеспи. Ошондуктан сыр билгизбегенге аракет кылам. Корккон нерсемди айткым келбейт.

– Жылдызыңыз жанып, элдин сүймөнчүк уулуна айландыңыз. Ушул рейтингди түшүрбөй кармап туруш үчүн эмне кылыш керек?

– Албетте, азыркы деңгээлге жөн эле жетип калган жокпуз, чынында, канча жылдык эмгек, кичинекей кезден бери чыгармачылыкта жүрөбүз. Алдыда кандай болуп кетерин бир Кудай билет. Ошентсе да азыркыдай деңгээлге жеткенибизге миң мертебе шүгүр. Эли-журтка ыраазыбыз. Бул нерсени кармап жүрүш үчүн өтө чоң эмгек зарыл. Уят болбой, жакшы жүрүп, ак эмгек кыла берсек, ушул ордубузду жоготпойбуз деп үмүт кылам.

– Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?

– Өзүмдү аябай бактылуумун деп эсептейм. Эң бактылуу адамдардын катарын толуктайм, ата-энем, бир туугандарым, үй-бүлөм, кыздарым, жубайым, баары жанымда. Кадырлап турган элим бар.

Гулийпа Маметосмон кызы   

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан