Ырчы Алишер Тоотаевдин балалык дооруна саякатка чыгалы дедик. Кара-Кулжанын коюнунда калган таттуу күндөр, оюн-күлкү, бир өмүр эсте калчу окуялар, таасирленүүлөр... Айтор, аруу дүйнөгө сапарга чыгалы.
“Кичинекей ишимди тоодой кылып макташар эле”
– Балалык деген оюңда санаа жок, ата-эненин, бир туугандардын мээримине бөлөнгөн кез эмеспи. Бала чагым жайлоодо, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында өттү. 10 бир туугандын кенжеси болгондуктан, апам менен атам мени абдан эркелетип, өзгөчө жакшы көрүштү. Каникул башталары менен апамдын жанына – жайлоого барчумун. Ал жакта кичинекей эле иш кылып койсом, “ушуну менин балам кылды” деп тоодой кылып мактап, кээде жылкы айдап келсем, “менин балам эрте туруп жылкы айдап келбедиби” деп сүйүнүп калар эле. Кичинекей, колунан иш келбеген бала болчумун. Атам “менин балам зирек, менин балам көзөмөл” деп мактап койсо, шерденип, атама кол кабыш кылган киши болуп колуна балка, балта сыяктуу чарбалык буюмдарын алып бере калчумун. Эч нерсеге муктаж болгон жокмун, ата-энем да, бир туугандарым да көзүмдүн кареги менен тең айланып, оюм менен болушту. Өтө деле тентек эмес элем, чолжоңдоп эркелик кылган жокмун.
“Мектепке көнө албай жүрдүм”
– Алгач 1-класска барган күнүм эсимде, мугалимдер “канчага чейин санаганды билесиң?” деп сурашса, “10го чейин” деп туруп, ондон кийин токтобой жүзгө чейин санай бериптирмин. Көрсө, 100гө чейин санай алат экенмин. Алгач мектепке көнбөй жүрдүм, мектептен качып кетким келчү, апамдын мээримин, эркелеткенин сагынып турчумун. Барсам эле “ананып кетейин балам, келдиңби?” деп эркелетип турчу да. Кийин анан күнүгө мектепке майрамга баргандай барып калдык. Мектепте кыргыз тили, адабияты сабагын жакшы окудум. Өнөргө аралашып калганымдын себеби да ушул. 7-8-класстарда кыргыз тили, адабиятынан Ракыя аттуу эжекебиз берчү. Ал эженин сабак берүү ыкмалары өзгөчө эле, ар бир үтүр-чекит, интонацияга чейин үйрөтчү. Ал эжеге ыраазымын, азыр кээде ыр жаза калам, жумушка байланыштуу текст жазганда кандай тартип менен жазыш керек, билем, буга ушул эжекемдин салымы чоң. Мектептеги иш-чараларга жигердүү катышат элем, талант-шыгым мектепте эле ойгонуп баштаса керек.
“Атам мени көчөгө чыгарбайт эле”
– 4-5-классымда окуп жатканда Айнура Кадамбаева деген эжекем “келечекте ким болгуңар келет?” деп дил баян жаздырган. Мен балалык баёо сезим менен, оюнчуктарга көп кызыгып жүргөндөнбү, “айдоочу болгум келет” деп жазганым эсимде. Эжекем “эмне үчүн шоопур болгуң келет?” десе, мен “таштарды, шагылдарды салып алып ташыйм да” дегенмин. Кийин турмуш башка нукка салды.
Отуруш-кечелерге барчу эмесмин. Атам мени жадакалса кечинде досторум чакырып келсе көчөгө чыгарчу эмес. Мисалы, досторум 10 отурушка катышса, мен эки-үчөөнө араң катышкам. Ал тургай мени досторум “үйүңдөн чыга албайсың” деп шылдыңдаган учурлар да болгон. “Мен деле эл катары досторума окшоп түндө чыгып ойноп келсем болбойбу” деп ызаланчумун. Азыр атама рахмат айтам, туура эле кылган экен дейм. Атам мени көчөдөгү бейбаштыктардан, жосунсуз кылыктардан сактаптыр.
Атамды бала күндөн идеал тутам. Мен үчүн авторитеттүү, кадыр-барктуу, ар бир айткан сөзү баалуу, кымбат, нарктуу киши. Атам колхоздун жумушунда да иштеди. Айылга үлгүлүү кызматкер, үйдө үлгүлүү ата боло алды.
“Апам өлбөчүдөй сезилчү экен...”
– Ата-энем мени бир да жолу урган жок. Атам эртеден кечке жумушта болот, анын тапшырмасын аткарбай коюу – биз үчүн чоң бир мыйзам бузуу сыяктуу эле. Атам өткүр, сөөгүңө жеткире сүйлөгөн адам. Апам аябай момун киши эле, бизди урушмак тургай, катуу сүйлөчү эмес. Апамдан сабырдуулукту, чынчылдыкты, бирөөнү бирдемеге ишендире албай жатсаң актанбаш керектигин, эмоцияга алдырбаганды үйрөндүм. Атамдын өткүр, бетке чабар мүнөзүн, салмактуу сөз сүйлөгөнүн идеал туттум, үйрөндүм. Бир жолу жайлоодо кошунабыздын мен теңдүү баласы суур кармачу тузагын жоготуп алыптыр. Апасы келип, апама куру доомат коюп, “сенин балаң менин баламдын тузагын алыптыр” деп аябай кыйкырып урушуп, апама айтпаган сөздү айтып кетти. Ызаланып отурсам, апам “мен билем сени, сен бирөөнүн тузагын эмес, жолдо жаткан буюмду деле албайсың. Мен сага ишенем, балам, ызаланба. Мындай адамдарды Кудайга гана коюш керек, Кудайга салдым. Анын сөзү бир кулагымдан кирип, экинчи кулагымдан чыгып кетти” деп мени жоошутту. Көп өтпөй ошол үй-бүлөдө жаман окуялар болуп кетти. Ошондо “Кудайга салдым деген жаман нерсе турбайбы, демек, бирөөнү жөндөн-жөн ызалантып, жөндөн-жөн куру доомат кылган болбойт экен” деп калгам.
Апам экөөбүз үйдө жалгыз калганда “балам эстүү, ыймандуу бала болот” деп мээрим менен кулакка куя берчү. 2005-жылы апам каза болуп калды, бул мен үчүн абдан чоң жоготуу болду. Бул жашоодо апам өлбөчүдөй эле жашап жүргөн экенмин, көрсө. Ошондо эсиме келгем. Апамды эстегенде жүрөгүм тилинет. Абдан жүрөгү кенен адам эле, токтоо адам эле.
“Атам экөөбүз трактор менен дарыянын ортосунда көп калдык”
– Бизде Тастар-Ата деген жер бар, күнгөй бетте. Күнгөйдө курт-кумурскалар көп болот эмеспи. Ал жакка барарда атам мени аяп, “балам, жөө баспай, кунаныңды минип ал” дечү дайым. Үйдүн кенжеси болгон үчүн атам азыркыга чейин мени аяп турат.
Тору атыбыз бар эле. Балалык эркелик менен атты чапсам керек да, бир жолу чаап баратып, бурулуштан бурулганда жыгылып, төбөм менен ташка тийип башым жарылган. Башымда андан калган так дагы деле бар. Эсимди жоготуп коюптурмун, көзүмдү ачсам атам, апам, бир туугандарым мени тегеректеп алып бетиме чапкылап баары көл-шал болуп ыйлап жатышыптыр. Кудай чоң сактаган экен. Азыр ошол жыгылган жеримди, дегеле балалыгым өткөн жайлоону, айылды, кырларды аралап баскым келип жүрөт, көптөн бери бара элекмин.
Ат менен дарыядан кечип көп өттүк. Дарыянын ортосуна барганда суу ээр-токумга чейин чыгып, эң жаманы – башың айланат. Агаларым “башың айланса асманды, тоолорду кара” дешчү. Атам ошол дарыядан суу буруп келип бак тикти. Жашылча, жер-жемиштерди, коон-дарбыз, керек болсо, күрүч, шалыдан бери эктик. Атамдын көк Жигулиси бар эле, түшүм маалында ошого жемиштерди салып бүт туугандарга таркатат элек. Бышкан кезде батыра албай калчубуз. Кызыл кичинекей тракторубуз да бар эле, аны “пыт-пыт” деп эркелетип койчубуз. Ага коон-дарбыз, картошка-помидор, дыйканчылыктан тапкандын баарын жүктөп алып суудан өтчүбүз. Атам да кайтпас, жүрөгү тоодой киши болгон экен, көпүрө менен айланып келгенден эринип дарыяга салат эле. Суунун ортосуна келгенде трактор бузулуп, жүрбөй калган учурлар да болду. Андайда трактордун ичине суу кирип, бир жагынан агып чыгат эле. Атам “коркпо, балам” деп коёт. Агаларым башка трактор таап келип, тартып чыгаргыча суунун ортосунда отурат элек. Азыр эстесем коркунучтуу учур. Атамдын жанында коркчу эмес экенмин да.
Гулийпа Маметосмон кызы