Апам адаттагыдай эртең менен эрте туруп, терезе пардону ачып кетти. Дайыма ушундай, дем алыш күндөрү көбүрөөк уктап алайын десем болбой, таң эрте көрүнгөндү калдыратып жатып ойготуп салат. Ойгонсом да төшөктөн турбай жата бердим, терезеден тийген күн нурунан улам бүгүн аба ырайы жылуу болот экен деп койдум.
– Бермет, тур! Энелүү эки тойду, аталуу алты тойду. Сен дагы деле жатасың.
– Апа, бүгүн дем алыш го, кичине жата турайынчы.
– Дем алышта апама жардам берейин деп ойлон да, эс алам дебей. Мектептен эмне кылып чарчап жатасың, кара жумуш кылбасаң?
– Ой, апа!
Буга окшогон диалогдор апам экөөбүздө күн сайын эле болуп турат. Эжем турмушта, агам шаарда окуйт, мен болсо 9-классты бүтүрөйүн деп турам. Эмнегедир мектепти эстегенде маанайым чөгө түшөт. Окуунун оордугунан деле эмес, Кудайга шүгүр, эң мыкты окубасам да, 4-5 деген бааларды алып жүрөм. Болгону классташтарым менен мамилем начар. Атам олбурлуу, бою узун, чоң киши да. Мен да атамды тартып олбурлуу кыз болчумун. Бала бакчада анча билинчү эмес, мектеп босогосун аттаганда эле классташтарымдын баарынан чоң болуп калдым. Анан башталды, “эй, дөңгөч” деп кимиси айтты эле унутуп калдым, бирок ошондон кийин “дөө, дөңгөч” деген аттар жабышты да, калды. Убакыт өткөн сайын мен да кичирейбедим, классташтарыма да кыз-баласы дебей акыл кирбеди, көңүлү ооруп калат деп эч ким ойлогон жок.
– Кызым, кел тамак ичели, сени турат деп атаң экөөбүз да чай ичпей жүрөбүз.
Апамдын чакырыгынан ойлорум чачырап, шаша-буша кийине баштадым. Үйдө жүргөндө баары жакшы, апам-атам болуп ойнойбуз, тамашалашабыз, эмне оокат болсо да чогуу бүтүрөбүз. Бүгүнкү күн да күнүмдүк тиричилик менен алышып жатып өтүп кетти.
ххх
Класста эң арткы партада отурам. Жулунуп ар ишке мурдумду тыгып активдүү деле болбойм. Мугалим сураган учурда жооп берип коём. Башкысы, эч ким мага тийишпесе болду. Бирок бүгүн жолум болбоду. Айпери деген өзүн “мисс вселенная” сезген кызыбыз бар, пфф... Кайсы арына сулуумун дейт, арыктыгы, көзү бакырайганы эле болбосо, мурду барбайып эле турбайбы. Албетте, мунун баарын ичимен ойлонуп койдум. Бир маалда көздөрүбүз чагылыша түштү. Аны көпкө карап калганымды байкап калды окшойт да.
– Эмне жалдырайсың?!
– Сени караган жокмун.
– Эй, дөө, мени сокур дейсиңби?!- негедир бат от алып, ызырына баштады, беттери кызарып алган.
– Башымды оорутпачы, Айпери! Мен кеттим,- деп ордумдан туруп, сумкамды алгыча астымдан торой берди. Ары жакта “кыздар, урушпагылачы” деп чыйпылыктап Мирана жүрөт.
– Айпери, бастырчы. Даңкайганы менен даамы жок Берметтин... Балдар жинденип турган немени ого бетер шыктандырып жатышты.
Шылдыңга көнүп бүтсөм да көкүрөгүмдө бир нерсе буралып жаткандай ызага муунуп, көздөрүмө чакырылбаган жаштар келе баштады.
– Мен али баштай элекмин, сен ыйлагыдай. Азыр себеп берем ыйлаганга...- деген Айпери бетке чапканга колун созо берди. Биринчи жолу чоңдугум жардам берип, колун кагып салдым. Андан ары ызылдай эле түштүк, балдардын кыйкырык-сүрөөнү... “Кыздар, болдугула” деген баягы чыйылдаган үн. Арачага түшкөн кызга да сокку тийбесин деп ары түртүп жибердим. Айпери болсо дагы деле жулунуп жатат, болбой эле ортого башка кыздар түшүп экөөбүздү эки жакка алып кетишти.
– Сениби, карап тур. Сенин түбүңө жетем, дөңгөч десе...- оозунан ак ит кирип, карасы чыгып жаткан кызга карап “мен буга ушунчалык жинденгендей эмне кылдым?” деген ой келди.
– Мирана, Мирана, көзүңдү аччы. Сага эмне болду? Мирана...
Баарыбыздын назарыбыз үн чыгып жаткан жакка бурулду. Жерде көзүн жумуп жаткан Мирана, аны эсине келтирүүгө аракет кылгандар... Жүрөгүм шуу эле дей түштү. Акырын эле түрткөндөй болгом. Мен түрттүм! Эмне кылып салдым?! Башыма ойлорум батпай, коркконуман буттарым басуудан баш тартты.
– Сен өлтүрдүң! Мирананы дөө түртүп жиберген...- класстын ичи кайрадан туш келди сөздөргө толду. Бири мугалим чакырганы кетсе, бири телефондон “Тез жардамга” чалып жатты...
ххх
Мирана ошол бойдон көзүн ачкан жок, мен түрткөндө башы менен партага тийиптир, талуу жери менен катуу тийген окшойт да, ошол бойдон тагдырыма жазылган жаза болуп кете берди. Хм, дөө, дөңгөч дегенге эмнеге ызаланчу экем. “Киши өлтүргүч” дегенге караганда сонун сөздөр турбайбы. Жашым жете элегине байланыштуу, жана кокустан болгон кырсык катары мага жеңилдетилген жаза берилди, 5 жылга түрмөгө кесилдим. Апамдын “кызымдын тагдыры талкаланды, түрмөдөн чыккандан кийинки келечеги эмне болот?” деп атамдын колун кармап алып ыйлап жаткан үнү күнүгө кулагыма жаңырчу болду...
ххх
Күн. Күнүгө камеранын терезесин акмалап мени издегенсип күндүн нуру баш багат. Темир тордон коркпой, кичинекей терезеден жан дүйнөмдү жылыткан, караңгынын аркасында жарык бар деп үмүт берген ушул кичине нурду күндө күтөм. Экөөбүз аз убакытка үн-сөзсүз бири-бирибизди жубатып алабыз.
– Бермет, эмнени ойлонуп калдың?- камерада чогуу жашаган эженин үнүнөн чочуп кеттим.
– Акыркы күндөрү көп ойлончу болдуң, кызым. Ойлонбо, баары жакшы болот.
– Кантип, эже? Мен бул жактан чыккандан кийин кантип элдин бетин карайм?
– Кылган күнөөңдүн жазасын өтөп жатасың. Бул да Кудайдан берилген сыноо, сынба, кызым. Андан көрө пайдалуу иш жаса, бул жакта кол өнөрчүлүктүн түрү көп. Үйрөнүп алсаң, чыккандан кийин деле кор болбой жумуш таап кетесиң.
ххх
– Апа, мен тикмечиликти үйрөнүп жатам,- дедим атам экөө жолугууга келгенде.
– Алтыным десе, ошент. Биз айылдагы үйдү сатып, Бишкекке көчүп кеттик. Сен чыкканча чакан тигүү цехин ачканга аракет кылабыз. Өзүң иштетесиң, азыр тикмечилер жакшы акча табышат эмеспи...
Божурап менин каш-кабагымды карап, маанайымды көтөрүүгө аракет кылып жаткан адамдардын көз жаштан көздөрү кызарып, шишимик тартып турат. Баласы үчүн баарын артка таштап, жаңы жашоо баштаганга, турмуштун сыноосуна сынган чүрпөсүн кайрадан бутуна тургузганга ата-эненин гана күчү, мээрими, сүйүүсү жетсе керек.
Күнөөлүү башымды көтөрө берип, терезеге көзүм түштү. Баягы мени жубаткан күндүн нуру бул жакта да бар экен. Баары жакшы болот, сени таштабайм, келечегиңди жарык кылам дегенсип күлмүңдөйт. Жылмаюу пайда болду жүзүмдө, канча убактан бери биринчи жолу...
Бермет