Айтылуу “Ак илбирстин тукуму” тасмасын көрбөгөн кыргыз аз болуш керек. Тасманын башкы каарманы – Кожожаштын образын жараткан белгилүү актёр Догдурбек Кыдыралиев аталган тасмага тартылган кезде кырчындай жигит болсо, азыркы учурда 70 жашта. “Кыргыз кереметин” жараткандардын бири ушул тапта да тасмада роль аткарып, Кыргыз маданиятынын арабасын алдыга сүйрөө менен алек. Догдурбек мырза гезитибизге маанилүү маек куруп берди.
- Догдурбек ага, ден соолугуңуз жакшыбы? Учурда эмне иштер менен алексиз?
- Жашым 70ке барып калды, ден соолук жаш куракка байланыштуу өйдө-ылдый болуп турат. Жаман же жакшы деп деле айта албайм. Жакында “Бакыт булак” деген тасмага тартылдым. Кожожаш кандай карыптыр, Кыргыз эли эми ошол тасмадан көрөт (күлүп).
- Айтылуу “Кыргыз керемети” кантип жаралды? Кыргыз киносунда кайрадан ошондой бир доор болушу мүмкүнбү?
- Кинодо чоң секирик 1960-жылдары болду. Кинодо эле эмес, театрда, операда, музыкада төңкөрүштөр жасалды. Бул эмнеден болушу мүмкүн? Залкарлардын бир доорго, бир учурга туш келишинен “Кыргыз керемети” жаралды болуш керек. Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев сыяктуу уюткулуу адамдар бир мезгилге туш келди да. Союз боюнча кинодо бир гана грузиндер кыргыздарга тең тайлаша алчу, башкасы ат чабым алыста калган. “Кыргыз керемети” кайталанышы мүмкүн, бирок качан, кайсы мезгилде ким билет. Азыр деле балдар кино жаатында жакшы эмгектенип жатышат, бирок көбү бир гана жолу көргөнгө жарай турган тасмалар болуп калууда. Эски тасмаларды жок дегенде он жолудан көрүп чыксак керек ар бир кыргыз.
- “Ак илбирстин тукуму” тасмасы ошол мезгилдин эң кымбат тасмасы болгон деп уктум эле...
- Ал учурда акчаны Москвадан “Госкино” бөлүп берчү. Ошол мезгилдин эң кымбат киносу болгону чын. “Ак илбирстин тукумуна” бир миллион рубль бөлүнгөн, ал учурда бул бир миллион доллардан да көп болчу. Башка бир да кыргыз киносу андай акчага тартылган эмес. Эмнеге кымбат бааланды? Анткени кино тоонун шартында, илбирс, жейрендер кошо тартылары эсепке алынган да. Тасма бактыга жараша күчтүү чыгып, коротулган акча кайра “Госкиного” ашыгы менен кайтарылып берилген. Берлинден “Күмүш аюу” сыйлыгын жеңип алгандан кийин аталган фильмди 33 мамлекет сатып алган. Ошондо эле “Госкинонун” кассасы толуп калып жатпайбы. Япония, Франция сыяктуу ири мамлекеттер да сатып алышты. Төлөмүш Океев мага “Доха, сен тасмада япончо сүйлөп жүрөсүң” деп сүйүнүп келгени эсимде. Өзүм Берлинден, немис тилинде көрдүм фильмди. “Котормочу керекпи?” деп сурашканда “жок, кинодогу ар бир сөздү жатка билем” дегем. Кызыгы, чет өлкөлөр баарын которуп, Алиман Жанкорозова "Манас" айтып жаткан жери бар го, ошол жерин которо албай коюшуптур. "Манасты" кантип которушмак эле (күлүп).
- Аталган тасма сиздин тагдырыңызда кандай роль ойноду? Башка багытка буруп кетти, балким...
- Ооба, тасма тагдырымды толугу менен башка багытка бурду. Анткени мен кесибим боюнча сүрөтчүмүн, актёр болом деген ой болгон эмес. Төлөмүш агай “Доха, сен тасмадан кийин бар болосуң, же жок болосуң” деп айткан эле. Ал учурда бул сөздү түшүнгөн эмесмин. Айткандай эле бир күнү уйкудан турсам эле атактуу болуп калганымдай жагдай болду. Бара-бара кадимки эле окуусун бүткөн актёрлордой ойноп кеттим. Сүрөтчүлүктү деле таштаган жокмун, бирок негизги кесибим актёрлук болуп калды. Ошентип тагдырымда күтпөгөн жерден бурулуш жасалган.
- “Ак илбирстин тукумунун” маңызы азыркы учурда деле актуалдуулугун жоготкон жок, менимче. “Ач көз болбо, шүгүр кыл” деген улуу идеяга негизделген үчүн тасма бийик деңгээлге жеткендир...
- Туура айтасың, бул тасманын философиясы бардык улутка, бардык мезгилге тиешелүү. Ата бабалар “өзүңө жетерлигин ал, ашыгын эмне кыласың?” дегенди айтыш үчүн “Кожожаш” эпосун жараткан го. Режиссёрдун кыйындыгы ушунда – эки эпосту бир тасмага кошуп салган. “Кожожашта” мерген аскада камалып калат эмеспи. Ал эми Карагул ботомдо мергенчи чаарчык атам деп өз уулун атып алып жатпайбы. Кыргыздар бул экөө эки башка эпос экенин билет, чет элдиктер билбейт да. Берлинде кинону эл арасында отуруп көрдүм. Кожожаштын өз уулун атып алганына отургандар нес болуп калышты. Адатта, кино бүткөндө кол чабышат го, трагедиянын оордугунан көрүүчүлөр кол чаба албай, бир топтон кийин өздөрүнө келишкенин байкадым. Алар жейрендердин кырылганын өмүрү көргөн эмес да, алар мындай нерсени жапайычылык деп ойлошот.
- Көп жылдар “Казакфильмде” эмгектендиңиз, чоң ролдоруңуздун бири Танабайдын образы болду окшойт...
- Союз тараганда кыргыз киночулары таранчыдай эле чачырап учуп кеттик. Кино жок болсо эмне кылышмак эле, мен дагы Казакстанга кеттим. Бала-чаканы багыш керек болду. Ал жакта чыгармачылык доорум, жаштыгым өттү. Кыргыздар мени Кожожаш менен тааныса, казактар Танабайдын ролу менен таанышты.
- Танабай - жылкы менен тагдыры туташ өзгөчө каарман. Образды ачып берүүдө кыйналган жоксузбу?
- Атам көзгө атар кыйын мергенчи эле, бир түндө үч карышкыр атып айылга аңыз болгон киши. Кичинемден тоодо, жылкы менен чоңойдум. Ошондуктан ролду аткаруу мага оор болгон жок.
- Актёрлук сизге атактуулук алып келди, ал эми сүрөтчүлүкчү?
- Сүрөтчүлүк – кесибим, ага он жыл окугам. Сүрөтчүлүк мени менен өлгөнчө жашайт го. Мисалы, актёрлукка дайым эле роль табыла бербейт да. Андай учурларда роль издеп чуркаган жокмун, сүрөтчүлүк ишимди кылып, картиналарымды сатып жүрдүм. Кыскасы, эки өнөрдү бирдей алып кеттим. Кесибим акча, ырахат алып келди.
- Сиз тууралуу эл ичинде “ушул атактуу адамдын эмгегин мамлекет баалай албады” деген пикирлер бар. Өзүңүздүн баамыңызда эмгегиңиз канчалык бааланды?
- Баалаганы ошол да, бир жыл мурун Кыргыз Эл артисти деген наамга ээ болдум (күлүп). Мурун эле беришмек болуш керек, бирок “казактарга иштеп кетти” дегенсип турушту окшойт. Казактар наам ыйгарыш керек эле мага, бирок берише элек. Эмне деген энергия, талант, жаштык калды казактардын тасма талаасында. 15-16 казак тасмасында роль жараттым. Менден мурун казактарда Ашыр Чокубаев иштеп жүрдү, учурда Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев иштеп жүрөт. Ал да мыктылардын бири. Жашым өйдөлөп калгандыктан мени чакырбай калышты. Казактарда деле амбиция бар, “кыргыздарды эмнеге чакырабыз, өзүбүз кыйратабыз” деген да ойлор болушу мүмкүн. Мен эки элдин ортосунда болдум. Казактарга да, кыргыздарга да ыраазымын. Ошондуктан эки элге тең “эмгегим бааланбай калды” деп таарынып уруна бербейм.
- Балдарыңыздан сиздин жолуңузду улантчулар барбы?
- Уулдарым хобби катары сүрөт тартышат. Кызым аябай актриса болгусу келген, мен болбой койдум. Анткени актрисанын жашоосу кандай кыйын экенин билем. Учурда өз кесиптери менен иштеп жүрүшөт. А мен бактылуу чоң ата, таятамын.
- Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева