БАЛАҢЫЗДЫН ОМУРТКАСЫ ТҮЗБҮ? Ортопед сколиоз дарты тууралуу кеңеш берет

Балада сколиоздун 3 түрү кездешет

Омуртка – организмдин каркасы, тирөөчү. Адамда жалпы 33-34 омуртка бар: 7си моюн, 12си көкүрөк, 5и бел, 5и куймулчак, 4-5и чычаң омурткалары. Ар кандай себептерден улам кээде баланын омурткалары бир капталга карай кыйшайып калат, бул илдет “сколиоз” деп аталат. Баланын жашына жараша дарт 3 түргө бөлүнөт: ымыркай кездеги сколиоз – 3 жашка чейин, кичине балдар сколиозу – 3-10 жашка чейин, балдар жана өспүрүмдөр сколиозу – 10-20 жашка чейин. Омурткалардын бөлүктөрүнө жараша дарт жогорку көкүрөк, көкүрөк, көкүрөк-бел, бел, бел-чычаң, аралаш сколиоз деп бөлүнөт.

Бала эненин курсагында кезинде омурткаларынын туура эмес өсүп калышы көбүнчө кош бойлуулуктун 1-2-айында жүрөт. Бул убакта баланын башка органдары сыяктуу эле омурткалары да жаралып жаткан болот. Дарттын 2 түрү бар: тубаса жана кийин пайда болгон түрү.

Тубаса түрү

Бала тубаса сколиоз болуп туулат. Мунун себептери – тукум куучулук, баланын бел омурткаларынын же кашка жилигинин башынын толук өсүп жетилбей калышы (дисплазия), шал оорусу менен туулушу, сөөк булчуңдарынын тонусунун тубаса төмөндүгү. Мындан тышкары баланын моюнунун бир жакка тубаса кыйшыктыгы, ашыкча кабыргасынын бардыгы, бир бутунун кыскалыгы да төрөлгөндөн кийин сколиозду жаратат. Ал эми аталган патологияга кош бойлуу аялдагы оорулар, жаман адаттар жана башкалар жеткирет. Атап айтсак алар:

• керектүү витаминдердин жетишпестиги, аялдын жүрөк-кан тамыр, анемия, кант диабети, вирустук (мисалы, кызамык), жыныстык жактан жугуучу оорулар менен оорушу. Талмасы бар аялдар ага каршы дарыларды ичкенден да жогорудагы патология жаралышы ыктымал.   

• тамеки тартуу, ичимдик ичүү, талгактын оор өтүшү, стресстерге көп кабылуу

Кийин пайда болгон түрү

Бул дарт сөөктөрү активдүү өсүү мезгилинде болгон 1-14 жаштардагы балдар арасында көп жолугат. Бул түрүнүн себептери да бир нече, мисалы:

• Төрөлүп жаткан учурда баланын жаракатка кабылышы. Мисалы, кашка жиликтин башынын (томук) чыгып кетиши;

• Тизе муунунун жакшы бүгүлбөшү, бул муундун сезгенишинен болот;

• Баланын итий, полиомиелит дарты менен оорушу, начар тамактануусу, денесинин начар өөрчүшү;

• Омурткасынан, жүлүнүнөн жаракат алуу. Мисалы, омуртканын сынып кетиши;

• Омуртканын шишиги, денесинин көп бөлүгүнүн күйүккө кабылышынан да болушу ыктымал;

• Дарт айрыкча кыздарда көп жолугат. Анткени кыз баланын сөөгү бат өскөндүктөн омуртка толук калыптанып жетишпей калат. Муну билбеген ата-энелер жумушту көп жасата берсе (өзгөчө оор жумушту), кыз жыгылып же башка себептен омурткадан жаракат алса омурткасы кыйшайышы мүмкүн;

• Баланын партада, үйдө, сабакта түз отурбай, бир жакка кыйшайып алууну адатка айлантышы. Китеп кабын дайыма бир колуна көтөрүшү;

• Окумуштуулар баланы дайыма бир колунан жетелеп жүрүү да дартты пайда кылышы мүмкүн дешет.

• Баланын өз жашына ылайык эмес оор жумуш жасашы. Мисалы, оор нерселерди бир жагына кыйшайып көтөрө берсе.

Сколиоздун даражалары жана коркунучу 

Омуртканын бир жакка кыйшайышы келбетти гана бузбастан, организмге көп зыянын тийгизет. Дарттын 4 даражасы бар:

1-даражасы. Кыйшаюу бурчу 10 градуска чейин. Кыйшаюу бир аз гана билинет. 2 ийин тең, түз турат. Бел булчуңдары бат талыгандыктан узакка отура албайт.

2-даражасы. Кыйшаюу бурчу 10-25 градуска чейин. Кыйшаюу бир топ билинет, бир ийин ылдый түшө баштайт. Бала башынын жана белинин тартылып ооруганын айтып даттанат. Ойносо, чуркаса, иш кылса бат чарчайт. Спорт менен алектенгиси келбей, баарына кайдыгер, жөнү жок ачуулуу боло баштайт.

3-даражасы. Кыйшаюу бурчу 25-50 градуска чейин. Омурткалардагы өзгөрүүлөр дароо көзгө урунат, бир ийин мурункудан да ылдый түшөт. Бала келбетинен уялат, өзүн башкалардан кем сезип, тартынып элге көп кошулбай баштайт. Психикалык жактан жабыркайт. Омуртканын кыйшайышынан көкүрөк клеткалар да өзгөрүлүп, өпкөнүн, жүрөктүн иштеши бузулат. Ийинин, көкүрөгүн түздөйүн деп аракет кылганда, басканда, отурганда да оорутуу сезилет. Далысы бүкүрү тартат. Уйкусу бузулат, эртең менен турганда денеси, сөөктөрү ооруйт.

4-даражасы. Кыйшаюу бурчу 50 градус жана андан өйдө. Көкүрөк да кыйшаят. Ички органдар жылышып, ылдый түшөт. Мунун айынан кан тамырлар, нервдер, байламталар, булчуңдар кысылып, тартылат. Баарынын иштеши бузулуп, оорутат. Холецистит, нейроциркулятордук дистония жана башка оорулар пайда болот.

Омуртканын кыйшайышы ички органдарды кысат, жылдырат.

Балдарда сколиоздун бар же жок экендигин аныктатуу үчүн балдар ортопедине, айыл жергесинде ал жок болсо хирургга алып баруу керек. Кыйшаюу бурчу аз дегенде 5-7 градустай деп табылган учурдан тартып рентгенографияга тарттыруу сунушталат. Рентгенографияга 2 абалда: жаткызып жана тургузуп тартышат. Толук текшерүү үчүн компьютердик томография керектелет. Балада ички органдардын жылып кетиши байкалса, пульмонолог, кардиолог, балдар гастроэнтерологуна да текшертүү  зарылчылыгы чыгат. ЭКГ, ички органдардын УЗИси керек жана башка.

Айыктыруу узакка созулат

Дарылап айыктыруу оорунун даражаларына, келип чыгуу себебине жараша узакка жүргүзүлөт, абдан машакаттуу иш. Консервативдүү дарылоо ортопедден тышкары физиотерапевт, массажист, дарылык физкультуранын инструктору, вертебролог, мануалдык терапевттин катышууларынын негизинде жүрөт. Атайын дарылар, витаминдер топтому, гимнастика, сууда сүзүү, ортопедиялык корсет тагынуу да сунушталат. Европа өлкөлөрүндө ат менен дарылоо (иппотерапия) мурунтан бери колдонулат. Жайкы каникул сколиозду дарылатууга ылайыктуу учур.

Хирургиялык коррекция кыйшаюу бурчу 40 градустан жогору болуп, ички органдар жылышып кеткен болсо  жасалат. Кыйшайган омурткаларды түздөө жаатында бир нече ыкмалар бар. Мисалы, атайын конструкциялар (имплантат) кадалат. Айрым учурларда операциядан мурун омурткалар чоюлат (кургакта же суу ичинде) жана башка.

Айыктыргандан көрө алдын алган жакшы

• Баланы 1 жылда 2 ирет ортопедге текшертип туруу кажет

• Мектепте мугалимдер баланын партада түз отурушун көзөмөлдөшү зарыл

• Үйдө бала үй тапшырмаларын аткарганга ылайыктуу стол, стул сатып бериш керек

• Балага өз жашына ылайык жумуштарды жасатуу, нормадан ашыкча оор жүк көтөртпөө маанилүү

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан