Кой
(21.03–20.04)
Ден соолукка кам көрүүгө убакыт келди. Анткени бардык жумушту жасап жетишпейсиз, биринчисин бүтсөңүз, экинчиси башталат. Азыр сиздин саламматтыгыңыз эң башкы орунда болушу керек. Профессионалдык багытта өсүүгө, жумуш алмаштырууга умтулган койлорду ийгилик коштойт. Айымдар жеке жашоосунда иллюзиялар менен жашаганды токтотушканы туура, алар идеалдаштырган нерсе реалдуулукта такыр башкача болуп көңүлдөрү сынып калышы мүмкүн.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Бардык аракеттериңизди ийгилик коштойт, эмнени баштасаңыз да жемиштүү болот. Сиз жакшы тааныбаган адамдар менен биргелешип иш баштоодон карманып туруңуз. Күтүлбөгөн утуш же бирөөнүн белегинин жардамы менен каржылык абалыңыз жакшырып кетиши мүмкүн. Узак иш сапарларга чыксаңыз болот. Айымдар өздөрүн чектеп келген нерсени жасап көрүшкөнү жакшы. Ийгилик сизге өзүңүздү сүйүп баштагандан кийин келет, андыктан өзүңүздөн эч нерсе аябаңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптада көбүрөөк үй түйшүгү менен алек болосуз. Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдүү пайдаланууга өтпөсөңүз, каржылык таңкыстыкты сезишиңиз мүмкүн. Чоң иш баштоодо буга чейин дал сиздикиндей иш баштаган адамдардан кеңеш сураңыз, алардын тажрыйбасы, көрсөткөн жыйынтыгы сизге үлгү болуусу керек. Ири сатып алууларды убактылуу жасабай туруңуз. Айымдар энергия жетишсиздигин сезишет, бул аларды чарчаңкы абалга алып келет.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Апта жаңы таанышуулар, жаңы байланыштарды түзүү үчүн ыңгайлуу. Майда үй-бүлөлүк маселелерди чечүү үчүн да эң сонун убакыт. Жашооңузда сизге каржылык колдоо көрсөтө турган бардар адамдар пайда болушат. Айымдардын сексуалдуулугу, сүйкүмдүүлүгү артып, аялдык потенциалы жогорулайт. Жумушта маанилүү маселелерди чечүү үчүн өз принциптериңизден баш тартууга туура келет. Турмуштук тажрыйбаңызга таянып, бирөөнү катачылыгы үчүн айыптабаңыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Кандайдыр бир коммерциялык иш менен алек болуп, же келишим түзүүнү пландагандар үчүн ыңгайлуу мезгил. Мырзаларга чогуу иштешүү боюнча кызыктуу сунуштар түшөт. Ишкер өнөктөштөрүңүздүн артынан каржылык ийгиликке жетесиз. Сүйүүдө түгөйүңүз менен мамилеңиз гармониялуу жана туруктуу болот. Айымдар өз мүмкүнчүлүгүнө жараша кыялданганы туура, ашыкча нерсени күтүп албаңыз. Никеси бар адам менен мамиле куруп калышыңыз мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Азыр башыңызда бышып жүргөн идеялар кийин сизге миллиондогон акчаларды алып келерине ишене бериңиз. Анткени ушул тапта сиз ойлогон нерсенин баары ишке ашчу күчкө ээ. Бул мезгил ичинде кабыл алынган чечимдер, башка адамдардын сунуштары менен эмес, толугу менен сиздики болушу керек. Айымдар жумушун алмаштыруу менен гана каржылык абалын жакшырта алышат. Жеке мамиледе кызматтагы сүйүү романы орун алышы мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Ийгилик сизге жүзүн буруп турса да аракетиңизден кайтпаңыз. Анткени эмгектин артынан гана өзүңүзгө бардар турмуш камсыздай аласыз. Көрө албас адамдар сизге зыян алып келиши мүмкүн. Өткөндү карап, талдап чыгып, келечекти пландоо үчүн жакшы мезгил. Үйүңүздөн алысыраак жактан кошумча киреше булактарын ачсаңыз болот. Күнүмдүк турмушта, кесиптик иш-аракеттерде же адамдар менен болгон мамиле – бардык жерде жеке тартип керек. Өзүңүздү өзүңүз тарбиялаңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Өжөрлүгүңүз максаттарыңызга жетүүгө жардам берет. Азыр сиздин бардык аракеттериңиз бааланып, жакшы натыйжага ээ болосуз. Сизге жардам бере турган колдоочуларыңыз болот. Бирок алдыда көп тоскоолдуктар бар, чечкиндүү кадамдарга барууга туура келет. Бул мезгил жаңы таанышуулар, жемиштүү баарлашуулар жана майда маселелерди чечүү үчүн ылайыктуу. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз тыныгууда болсо, ал тыныгууну сиз биринчи бузбаңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жардам суроодон эч качан уялбаңыз, кыйын учурда сизди куткарчу жол ушул. Жалгыздык сиздин пайдаңызга иштебейт, андыктан дайыма жамаат же команда менен иш алып барышыңыз керек. Талаш-тартыш маселелер жаралат, эмоцияга алдырбай сылык болуңуз. Айымдар өзүн алаксытуу үчүн жаңы нерсени жасап көрүшү кажет. Чөйрөңүздү тазалоого убакыт келди, ичи тар, көрө албас, сиздин кубанычыңызды тең бөлүшпөгөн адамдарды жашооңуздан чийип салыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Олуттуу көйгөйлөр сизге майда нерседей сезилиши мүмкүн, бардык көйгөйлөр майда нерседен башталат, андыктан жараны башталганда айыктырып алганыңыз өзүңүзгө жеңил болот. Ашыкча иштөө ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет, сак болуңуз. Айымдар өзүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылышканы туура, чыгармачылык сиз үчүн ылайыктуу жол. Үй-бүлөдө чыгашалар, каржылык жоготуулар болот, сизге бул учурда каржылык сабаттуулук аябай керек.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Мамлекеттик мекемелер менен байланышкан иштериңизди бүтүрүүгө ылайыктуу апта. Жумушта жетекчиңиз менен тил табыша албай кыйналасыз. Жеке таарынычтарга, агрессияга орун бербеңиз, башкысы, милдетиңизди так аткарып, жетекчиңиз менен баарлашуудан карманып туруңуз. Айымдар күлгүн көз айнегин чечип, реалдуулукту караганга мажбур болушат. Көп нерсеге көзүңүз ачылып, таң каласыз. Өткөнгө өкүнүп, келечек үчүн коркуп жашап жаткан болушуңуз мүмкүн.
Балык
(20.02–20.03)
Жаңы бизнес ачууну көздөп жаткандар ишти баштай беришсе болот. Кырдаал, абал тез өнүгүп, сизден бат реакция кылууну талап кылат. Андыктан сезимтал, байкагыч болушуңуз керек. Кымбат баалуу буюмдарды сатып алуудан карманып туруңуз. Алдыдагы пландарыңыз тууралуу эч кимге айтпаңыз. Энергия алчу нерселерди жасаңыз, жаратылышка чыгуу – ички гармонияны, өзүңүзгө жана бүт дүйнөгө болгон сүйүүңүздү ойготууга жардам берет.