(Башы өткөн сандарда)
Канат биринчи жолу коркту. Мындай жоготуу коркунучу мурун да бар эле, тээ бала чакта Шооланы жолуктургандан баштап, анын жүрөгү оорулуу экенин билгенден тарта бар. Бирок азыркы учурдагыдай үрөйү учуп көргөн эмес. Жанатты тиктеди. Ал дагы өңүнөн кетип, коркуп алганын көрдү. Өзүн кармады.
– Сен мыкты кардиологдорду караштырып көрдүңбү?
– Шооланын врачын билесиң го, профессор Аскер Шамбетов. Андан кыйынды издештин деле кереги жок го, ага Түркиядан бери акылдашканга келишет. Өзү айтты. Же энеси, же...
– Бир жол болушу керек...- деп күбүрөп жатты Канат. – Бир жол табышыбыз керек.
– Бирден бир жол – сен Шоола менен сүйлөш. Макул кыл, баланы алдырса анын өмүрү коркунучтан кутулат.
Ага-ини экөөнүн тең аргасы кетип турду. Канат таптакыр эле эмне кыларын билбей калды. Жанат айткандай, акыркы кадамды жасап көрмөй болду. Шоолага жолугууга барды. Эшикти ачып, босогодо турган Канатты көргөндө Шоола жылмайып алды.
– Салам...
– Салам, кандайсың?
– Кир, үйгө. Эмне босогодо туруп калдың?
Канат үйгө кирди. Булардын босогосун биринчи жолу аттаганы ушул.
– Чай коюп жаттым эле, ичесиңби?
Канат баш ийкеди. Чайнекти чайкап, бир нерсе кылып жүргөн Шооланы карап турду. Толгонсуп калыптыр, ичи да бөрсөйүп чыгып турат. Көздөрүн ала качты. Мындай абалында “баланы алдыр” деп кайсы адам айта алат? Экөө маңдай-тескей отуруп алып чай ичишти. Эмнегедир кеп баштай албай жатышты.
– Жанат сага чуркап барган экен, ээ?
– Келди.
– Дайыма корккондо сага барат. Атасына, энесине эмес, сага. Мени бул нерсе аябай таң калтырчу эле. Азыр таң калбай калдым.
– Эмнеге?
– Менин сендей агам болсо, атам менен апамдын керек экенин билбейт элем. Сен алардын ордун автоматтык түрдө алмаштырып коёсуң. Сен туулганда эле баарына жооптуу болуп төрөлгөндөйсүң го. Менин балам сени тартпасын, кийинки ини-карындаштарына кыйын болот,- деди тамашага салган Шоола.
Канат да жылмайып алды.
– Сени көп балалуу элестеткен абдан жакшы сезим экен...
– Ооба, бири ыйлап, бири жыгылып, талашып-тартышып чоңоюшкан балдарды мен да элестетип кетем. Мен жалгыз чоңойдум. Бир тууган эмне экенин билбейм, бирок жашоомдо кезиккен Канат менен Жанат деген эки бир туугандын айынан бир туугандык эмне экенин жакшы түшүнүп калдым.
Шоола чын жүрөктөн айтты, бирок Канат аны какшыктай сезди.
– Шоола, мага дагы эле жиниң келип жүрөбү?- деди Канат.
Шоола эки ийинин куушуруп тим болду. Өзүн да, Канатты да аяп кетти.
– Башында түшүнө алчу эмесмин. Керек болсо өзүнөн да баш тартып кете турган бир туугандык сезим болорун эч элестете албаган элем. Кош бойлуу болгонумда түшүндүм. Ичимдеги наристе жашоонун эң жөнөкөй, бирок татаал системасын түшүндүрдү. Сен бир адамга керек экениңди сезгенде гана бактылуу болот экенсиң. Сүйүүдөн да чоң сүйүү бар экенин сездим. Мени ушул ичимдеги наристе чоңойтту, Канат. Ага чейин көп нерсеге мээм жетчү эмес. Сени, Жанатты, балким, өзүмдү деле түшүнө албаган окшойм. Азыр сага ачуум келбейт, таарынбайм дагы. Эсиңдеби, мен Америкадан келгенде “тагдырыңды кабыл ал” деген мааниде бир нерселерди айткансың? Мен азыр чындап тагдырыма каршылыксыз, моюн сундум. Ичимдеги наристе гана аман-эсен жарык дүйнөгө келсе болду.
– Ал сенсиз кантип жашайт?- деди Канат анын көздөрүнө тике карап. – Мен кантип жашайм, күнөөнүн эң оорун мага таштап кеткени жатасың? Сенин тагдырыңа мен күнөөлүүмүн. Мындай жүк менен кантип күн көрөм?
– Сен Кудай эмессиң, Канат. Менин тагдырым ал меники, кандай гана болбосун менин жолум. Жанаттыкы да ошондой. Сен эмнеге баарыбыз үчүн өзүңдү жоопкер сезесиң?
– Шоола, оюңдан кайт. Суранам, сен жашашың керек!
Канаттын көздөрүнөн жаш агып кетти. Шоола анын көз жашын алаканы менен аарчый берди.
– Бул көз жаш мен үчүнбү?
– Эх, Шоола.
– Ыйлаба, баары жакшы болот. Мен сага дагы бир чоң милдет артат окшойм. Жанатка ишенбегенден эмес, бирок аны жашоодо көп нерсе алаксытат.
– Эмне милдет?
– Мен бир нерсе болсом, балам сенин тарбияңда болсун! Кыйын болот, албетте, бирок колуңдан келсе менин балама сен ата бол. Сен аны коргойсуң билем, менин балам апам экөөңө аманат.
Канат ичин сыймыктана сылап отурган Шооланы көрүп оозунда турган “баланы алдыр” деген кепти айта албады. Антип айтканга акысы жоктой сезилди. Шооланы мынчалык бактылуу абалда көргөн эмес. “Башка бир жолу болушу керек” деп жатты акылы алдастап.
ххх
Жанат психологдун кабинетинде отурду. Ага психологду угуу биринчи сеанстан кийин эле жага баштаган. Көрсө, адамдын өзүндө каза турган нерсе көп тура. Адамдар бардык нерсени билгенге аракет кылышат, башкаларды да беш колдой билебиз деп ойлошот. Бирок өздөрү тууралуу сүйлөшпөйт дагы, ойлонбойт дагы экен.
– Сиз келинчегиңизди аябай кызганасыз, туура айттымбы?
– Туура, бирок туура эмес дагы.
– Эмнеге?
– Мен аны элдин баарынан кызганбайм. Бир гана адамдан... Анткени кандай болсом да, эмне кылсам да ал адамды келинчегимдин жүрөгүнөн сүрүп чыгарып сала албасымды билем. Бул ушунчалык кызыктай сезим. Бир тарабың агаңды жакшы көрөт, экинчи тарабың дайым анын атаандашы...
– Бул сезим кичине кезиңизде эле болсо керек?- деди психолог. Жанаттын талуу жери ушул экенин байкап турду. Ал оор дем ала берди. Көз алдына апасы тартылды. Канатты караган апасынын жайнаган көздөрү... Антип эч качан Жанатты караган жок. Дал наристе кезиндегидей жүрөгү мыкчылды.
– Мен өзүмдү тааныганы бир гана апамды сүйдүм. Ар бир наристе апасын сүйөт болуш керек. Меники башкача эле, ааламда апамдан башка эч бир адам кымбат эмес болчу. Бирок апамдын жүрөгү мага жабык эле. Ал Канаттан башка дагы бир уулу бар экенин дайыма унутуп калчу. Жок, сырткы жашоодо эки уулу бар экенин билчү. Бирок жүрөгүндө жалгыз Канат үчүн жашап жаткандай эле. Аны бул жашоого байлаган бир гана адам – агам сыяктуу эле. Мени бул нерсе аябай жаралады. Наристе акылым менен менде бир нерсе туура эмес болгону үчүн апам мени эмес, аны жакшы көрчүдөй сезчүмүн. Кийин акылым жете баштаганда таптакыр андай эмес экенин билдим. Болгону мен ал каалабаган адамдан, мажбурлоо аркылуу жарык дүйнөгө келген бала экенмин... Кийин билдим. Бирок мен бала элем да, менин атам ким болорун мен тандаган жокмун да. Ар бир наристе сыяктуу апамдын сүйүүсүнө муктаж элем. Атамдын колдоосуна муктаж элем. Бирок экөө тең мага бул сезимди бере алышкан жок. Мен бала кезимден керексиз буюмдай сездим өзүмдү. Эсимде, кичинемде бир мамалак оюнчугум бар эле, байкушту ыргытып жиберип, кайра таап алып, өзүм каалагандай ойночу элем. Мен да ата энем үчүн ошол мамалактай болчумун. Аларга мен да бар экенимди дадилдегим келчү. Мектептен жакшы баа алып келип, же бир ийгиликтерди багындырып... Бирок дагы деле аларга бар экенимди дадилдей албай келе жатам. Мен бармын деп бакыргым келет.
– Өтө оор сезим, ушундай эмеспи.
– Бул эң адилетсиз сезим! Эч бир бала мындай балалыкта жашабашы керек.
Жанат көзүнүн жашын аарчый берди. Муну буга чейин эч бир адамга айтпаган эле. Айтып алып көкүрөгүнөн оор жүк жерге түшкөндөй жеңилдеди...
(Уландысы кийинки санда)