(Башы өткөн сандарда)
– Саламатсызбы? Мен Айзада... Мен дагы ушул бейтапканадан дарыланып чыктым. Сизди келгениңизден бери көрүп, абалыңызды сырттан байкап жүрөм. Кабатыр болуп, бүгүн сизге учурашканы келдим,- деди.
– Аныңызга рахмат. Тааныш эмес эле бир адамга кабатыр болгонуңуз жакты. Андай болсо менин атым Шамэл,- жигит Айзадага колун сунду.
Экөө дароо тил табышып кетишти, сөздөрү түгөнбөй жатты. Айзада Шамэл ооруканадан чыккыча күндө келип кабар алып турду, Шамэл да Айзадага байланып калганын өзү байкабай калды. Сезимдери алоолоп, ооруканадан чыккандан кийин кетпей, ушул аймактан ижарага батир алды.
xxx
Алтынайдын Дайыр менен жараштым деген СМСин окуган апасы “мына, айттым эле го, Дайыр менен жүрөт” деп өзүн жолдошунун алдында актап отуруп калды. Ата-эне кандай болгон күндө дагы баланын тандоосун сыйлайт. Экөө тең ичтеринен кызы менен күйөө баласынын түбөлүгүнүн түз болушун тилеп жатышты. Ал эми Дайырдын ата-энесинин кубанычында чек жок. Уул-келининин бактылуу жүздөрүн көрүп, небересин ойнотуп... Ушундай таттуу күндөрдү кечирип жатканда Дайыр Алтынайды дагы бир жолу таң калтырды.
– Алтынай, кел, биз үй-бүлөлүк жашоону башынан баштайбыз,- деген Дайыр телефонун алып чыгып, жылнааманы карай баштады.
– Эң жакынкы 07.07 жакшы сандар, сонун күн экен. Ушул күнү Бакыт үйүнө барып, кайрадан нике күбөлүк алалы, мечитке барып кайра баштан ак нике кыйдыралы.
– Сен эмне жинди болдуңбу? Эл эмне дейт?- деди Алтынай.
– Алтыш, эл эмне десе ошо десин. Бул биздин жашообуз го. Жашообуздун жаңы барагын ачуубузга жакшы таасир берет. А сен ак көйнөк кийип өзүңдү жаш жубай сезгиң келбей элеби?- Алтынайды белинен кучактай калды.
Дайырдын сунушун одоно көргөнсүгөнү менен, Алтынай жактырды. Ошол күндү элестетип кудуңдап сүйүнүп дагы алды.
Дайыр бул тууралуу Алтынайдан башка эч кимге айткан жок. Бакыт үйүнө барып аземдин күнүн белгилеп, эртеси Алтынайга үлпөт көйнөк, өзүнө костюм-шым алып, баарын даярдап болгон соң кечинде ата-энелерине жаңыдан үйлөнүү салтанатын өткөрө турганын айтышты. Эч ким каршы болгон жок. Ушунча убакыт эки өйүздө жүргөн экөөнүн кандай жол менен болсо да жарашып, жакшы жашап калышса деген ак тилектерин гана айтып турушту ата-энелер.
xxx
Шамэл менен Айзаданы тагдыр табыштырды... Экөө бейтапканага түшпөгөндө өмүр бою бири-бирин көрбөй, мындай бакытты сезбей калат беле, ким билсин? Бирок азыр экөөнөн башка бактылуу киши жоктой бул дүйнөдө. Жетелешкен экөө Бакыт үйүнөн чыкты.
– 07.07 мага жаккан сан, мага жаккан күн-ай, мага жаккан мырза,- Айзада кубана Шамэлдин моюнуна асылды. Ал азыр жашоосунун жаңы барактарын ачып жаткан эле. Ал үчүн эс-тутумунун калыбына келиши маанилүү деле болгон жок. Ага бир гана Шамэл болсо дүйнө тегиз болуп турду. Шамэл өз теңимди таба албай жалгыз өтөмбү деп көп ойлончу, бирок Жараткан аны жалгыздыкка кыйбаптыр. Өң десе өңү, келбет десе келбети бар сулуу аялзатын ага буюрду.
Айзада Жакыповду агасы катары тааныды. Жакыпов да ага ашыкча эч нерсе айткан жок. Колунан келишинче Айзаданын үйүндөгү мурдагы буюм-тайым, сүрөттөрдүн баарын жок кылдырды. Айзада көп кыйналат го деп ойлогон, бирок ал күндөн күнгө бакыттан көздөрү жанып жатканын Жакыпов көз жаздымда калтырган жок. Айзада багуучудан дагы баш тартып, өзү менен өзү болорун айтты. Дарыгер айткандай эмес, абалы бат калыптанды. Болгону эс-тутумунда гана жылыш болгон жок. “Бир жигитти жактырып калды. Абалынын жакшырышына ошол себеп болуп жатат окшойт” деген багуучунун сөзүн угуп Жакыпов анын ким экенине кызыкты.
Аты-жөнү тааныш, ошолбу же жөн гана аты-жөнү окшош бирөөбү деп ойлонду. Ал аты-жөнүн базадан тапкыча эле Айзада күтүүсүздөн “экөөңөрдү тааныштырам” деп калды. Жакыповдо аганын ролунан чыгууга жол жок эле. Таанышуу Айзаданын үйүндө болду. Жакыпов да, Шамэл да бири-бирин көрүп селейе түшүштү. Бирок Айзадага билдирбегенге аракет кылышты. Чай ичилип бүткөн соң чылым чегүүгө сыртка чыгышканда сөз козголду.
– Шалман, сен кайдан Айзадага жармашып жүрөсүң?
– Өзүм да түшүнбөй калдым. Сиздин карындашыңыз экенин билген эмесмин.
Жакыповдун жашы жогорулап, мурдагыдай курч эмес, эмоцияга алдырып жибермей адаты калган. Шамэл экөө көпкө сүйлөшүштү.
– Мен сизди кийин көп күттүм, бирок көрүшүүгө мүмкүнчүлүк кайдан болсун?! Көрбөйм го дегем. Бирок тагдыр бизди кезиктирип отурат. Мен Кудай алдында дагы, абийиримдин алдында дагы акмын. Ата катары, прокурор катары чындыкты сиз да билип коюңуз. Сиздин кызыңыздын бир тал чачына колум тийген эмес, өлүмүнө менин тиешем жок. “Чындыкты айт” деген сөзүңүздү укпаганыма азыркыга чейин өкүнөм. Бүркүт, Лёхадан бекер эле коркуптурмун. Ыраматылык кызыңыздын өлүмүнө Лёха себепкер эле...- окуянын чоо-жайын төкпөй-чачпай айтып берди Шамэл.
– Ишенген эмес элем ошондо эле,- Жакыпов оор үшкүрдү.
– Алар учурда камакта экен го...
– Билем, эми алардын күнү бүттү дей бер,- деди Жакыпов чылымын кере-кере тартып. Эми аларды мен абак менен жазалатпайм,- жабылып калган жарааты козголуп, Жакыпов кызынын өчүн алуу тууралуу ойлонуп калды.
xxx
07.07. Бакыт өргөөсүнүн алды бактылуу жаштарга толо, кооз дата деп дал ушул күнү баш кошуп жаткандар көп эле. Алардын катарында Шамэл менен Айзада, Дайыр менен Алтынай дагы бар. Эки үй-бүлө Бакыт үйүнө бир убакытта келип калышты. Кокустан Дайыр менен Шамэл бет келишип, экөө тең бири-бирин жазбай таанышты. Өткөн күндөр эске түштү. Ал күнү Дайыр чоң суммада акчасын алдырып, өзү бир өлүмдөн аман калган эле. Шамэл тайсалдай түштү. Дайыр жакын келди да, “тууган, көтөр башты, жашоодо баарыбыз жаңылышат экенбиз. Бактылуу бол. Мен азыр душманыма да бакыт каалай турган абалдамын. Мен да көп жаңылдым, сени түшүнөм” деп Шамэлди далыга таптап койду.
– Жаш кезде ойлонбой өз тагдырыбызды да, өзгөнүкүн да талкалайт экенбиз. Кийин канча өкүнсөң дагы артка жол жок тура. Сени көргөндө “азыр бирди көрөм го” деп эле ойлоп калгам. Кечирим сурайм кеч болсо дагы. Айкөлдүгүңө рахмат,- экөө кучакташып дагы бир ирет бири-бирине бакыт каалап, эки тарапка басышты.
“Бул Жараткандын мени кечиргенинин белгисиби, же тагдырдын бир тамашасыбы? Өткөндө Жакыпов, бүгүн Дайыр, хм...” деп өзүнчө ойлонуп койду ичинен Шамэл.
– Эмне кечигип кеттиң? Сени күтүп калбадыкпы?- Айзада эркелей сүйлөдү.
– Бир таанышым да бүгүн үйлөнүп жатыптыр, жолугуп калдык, куттуктап, бир аз сүйлөшүп турдук,- деди Шамэл.
Шамэлдин Алтынбек баш болгон агалары, жеңелери келишкен. Баары экөөнү куттуктап жатышты. “Ата-энеси өтүп кетиптир, жүзү жарык неме экен, экөө бактылуу болсо болду” деп өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп турушту. Ал эми бүгүнкү күндүн башкы каармандары “барксыз өтүп жаткан өмүрдүн мындан аркы ар бир мүнөтүн бааласак, көзгө илинбей жоголгон жылдардын ордун жашоону жаркырата жашап толтурсак, бакыттын деңизин кечсек” деген изги тилектерин айтып турушту ичтеринен. Алар мындан ары куру бекерге жоготууга жылдар, барктабай өткөрүүгө өмүр жок экенин сезип турушту.
Аягы