– Гүлзаир, куш келипсиз! Экинчи наристеңизди күтүп жаткан экенсиз. Дагы кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Чоң рахмат, көп болуп кетиптир келе элегиме. Негизи жаңылыктар көп эле. Жашоо уланып, күндөр өтө берет экен дегендей. Убакыт өткөн сайын ойлор өзгөрөт, өсөсүң, чоңоёсуң. Эң негизги жаңылыгыбыз ушул, экинчи наристебизди күтүп жатабыз. Учурда көпчүлүк убактымды энелик милдеттерди аткарууга арнап жатам. Албетте, ага кошо чыгармачылыкты дагы алып кеткенге аракет кылып жатабыз. Негизи бул тармакта дайыма иштеп турушуң керек. А мен балалуу болгондон кийин чыгармачылыктан бир аз алыстадым. Мени чыгармачылыкка алып чыккан ыр “Ак таңым” ыры. Ушул ыр аркылуу мени эл тааныды. Азыр да ырларды жаздырып жатам, “Күтүү” деген ырымды жаңылап ырдадым, “Балдайым” ырын жаздырдым. Кээ бир ырларды комуз менен ырдап жатам. Айтор, чыгармачылык эч качан токтобойт.
– Энелик милдет деп калдыңыз. Эне болгон кандай экен?
– Энелик милдет, сезимдер сөз менен айтып жеткире алгыс. Жолдошум экөөбүз тең, орусча айтканда, “в осознанном возрасте” пландап балалуу болгондуктан, ата-энеликке жоопкерчилик менен карадык. Эркектерде кандай билбейм, балалуу болуу аялдарды чындап өзгөртөт экен. Жашооң эне болгонго чейин жана андан кийин деп бөлүнүп калат тура. Көп нерселерди кайра баштан карап чыгып, жашоого болгон көз карашым өзгөрдү, жумшардым. Мурда эч нерседен коркпогон, тайманбас болсом, азыр коркунуч сезимдери бар. Балаңдын келечегин, өзүңдүн жүрүм-турумуңду ойлойсуң. Бала тарбиялоодо алгач өзүңдү тарбиялайт экенсиң да, азыр ошол этаптан өтүп жаткан убагым.
– Нарындын сулуусу Жалал-Абадга келин болуптур. Эки облустун каада-салттарындагы айырмачылыктар жашооңузга канчалык таасир тийгизди?
– Чынында көп нерселер, салттар бири-биринен айырмаланат. Бирок эч кандай терс таасири тийген жок, анткени мен баарын түшүнүү менен кабыл алам. Салт деген салт, аны биз эч нерсе кыла албайбыз, бизге чейин калыптанган нерсе. Эң негизгиси, биздин үй-бүлөнүн салттарын карманып, эки жакты тең бирдей сыйлаганга аракет кылабыз.
– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дешет эмеспи. Жаңы бүлөгө баргандагы кызыктардан айтып берсеңиз...
– Чынын айтсам, келиндик доорду аябай деле сүргөн жокмун. Ал убакта жогорку окуу жайды аяктап жаткан убагым эле. Жолдошумдун жумушуна да байланыштуу баш кошкондон кийин эле кайра Бишкекке келе бергенбиз. Мага таасир калтырганы – диалект. Азыр кадимкидей көнүп, өзүм да диалект менен сүйлөп калдым (күлүп). Башында кээ бир сөздөргө түшүнчү эмесмин. Бир жолу жеңебиз бир нерсени алып келишимди суранып, “дивандын тагинда турат” деди. “Таги” деген эмне экенин билбейм, кайра сурагандан тартындым. Барып таппадым. Анан кайра келип “таппай жатам” десем, “тагинда” деп колу менен көрсөттү, анан түшүндүм. Ошондон кийин ушул сөздү жакшы түшүнүп калдым (күлүп).
– Чыгармачылыктагы пландар кандай? Ырчылык менен эле кетесизби?
– Эң негизги план – сөзсүз түрдө ден соолугу чың, ыймандуу, акыл-эстүү балдарды тарбиялоо. Күтүп жаткан наристебизди аман-эсен жарык дүйнөгө алып келүү, бул дагы оңой нерсе эмес. Буюрса, ушунун баарынан өтүп, анан чыгармачылыкка баш-отум менен киришейин деп турам. Мен ар бир ырды жан дүйнөмдөн өткөрүп туруп, анан ырдаганда аракет кылам. Ошондуктан чыгармачылыгым бир калыпта жүрөт. Бул бир четинен жакшы, бир четинен убакыттан уттурасың. Буюрса, алдыда чыгармачылыктын жаңы этабын баштайм.
Аял кишинин эң негизги миссиясы – эне болуу, балдарды жакшы тарбиялоо. Бул эң негизги максат, эң негизги тилек болуш керек аял кишиге. Мисалы, биз бакытты карьерадан же башка нерседен издейбиз. Алар адам үчүн толук эмес бакыт болуп саналат. Албетте, ар бир аял өзү үчүн чечим чыгарып, тандоо кылат. Менин тандоом – дени сак, акыл-эстүү балдарды тарбиялоо. Дагы бир нерсени түшүндүм, мен үйдө иштебей отура бере турган аял эмес экенмин. Сөзсүз түрдө чыгармачылыкты чогуу алып кеткенге аракет кылам. 6-7 жашка чейин бала менен байланыш түзүш керек. Бала багуучу алайын дедим, бирок алардын бала тарбиялашына ишенбей ала албадым, бала бакчага берип көрдүм, кайра чыдабай чыгарып алдым. Өзүмдөн мынчалык баласаактыкты күткөн эмесмин. Мен кичинемден “карьеристка” болчумун да. Бирок бул биротоло эле үйдө отуруп калам дегендик эмес. Буюрса, 1-2 жылда кайра жанданам. Чыгармачылыкта жакшы ой-максат, тилектерим бар.
– Жогоруда аң-сезимдүү жагдайда тандоо жасай турган курак тууралуу айттыңыз. Ал кайсы курак сиз үчүн?
– Быйыл 30 жашка толуп жатам, мен үчүн ушул курак. Баланы жөн эле төрөп койбойсуң. Өзүңө эмне жагат, эмнени каалайсың, баарын билип, түшүнүп калган курак. Баланы төрөөнү гана эмес, анын келечегин кошо пландап каласың. Мисалы, жолдошум экөөбүз турмуш курарыбыз менен эле балалуу болууну пландаган жокпуз. Үй-бүлөлүк жашоону көрүп, бири-бирибизди тереңден түшүнүп, бири-бирибизге убакыт бөлүп, анан балалуу болобуз дегенбиз. Ошенттик, баш кошкондон 3-4 жылдан кийин балалуу болдук. Ушундай нерсе болбогону үчүн жубайлар ортосунда түшүнбөстөр жаралса керек. 20 жашымдагы түшүнүктөрүм менен азыркы түшүнүктөрүмдү салыштырып болбойт. Жашоону көрдүм, үй-бүлө күттүм, өзүм үчүн көптөгөн жеке чечимдерди кабыл алдым. 30га келип калганда “буга чейин эмне кылып, кандай жетишкендиктерге жетиштим? Канчалык деңгээлде өзүмдүн жашоом менен канааттанам? Мага эмне жагат, эмне жакпайт?” деп ойлонуп калат экенсиң.
– 30га чейинки жашооңузга канааттандыңызбы?
– Ооба, 70-80 пайыз канааттандым. Канааттанбаган учурлар да бар.
– Мисалы?
– 30 жашка чейин өзүм каалагандай карьера кура албай калдым. Буюрса, мындан ары ошол нерсени ишке ашырганга аракет кылам. Негизгиси – аял болуудагы миссиямды аткара алдым. Буюрса, алдыда карьерамдын үстүнөн иштейм, өзүм обон чыгарып, өзүмдүн ырларымды аткарам.
– Буга чейин обон, ыр жазгансызбы?
– Негизи “набросок” деп коёт го, чиймелегендерим бар. Бирок турмушка чыккандан кийин басаңдап кетти. Мектеп курагымдан бери ыр жазам. Бул талант апамдан өткөн, апам да ыр жазат.
– Бар болуңуз! Сизден жаңы ырларды күтөбүз.
Гулийпа Маметосмон кызы