Андорра – дүйнөдөгү эң кичинекей өлкөлөрдүн бири. Карлик өлкөнүн бир чек арасынан экинчисине жетүүчү аралык 30-40 мүнөттү гана талап кылат. Кичинекей болгону менен, жергиликтүү элине бейпилдик, бакубат жашоо, миллиондогон туристтерге меймандостук, кызыктуу эс алуу тартуулаган мамлекетке макала аркылуу саякаттап келели.
Европадагы эң бийик өлкө
Андорра деңиз деңгээлинен 1996 метрден жогору жакта жайгашкан Европадагы, негизи эле дүйнөдөгү тоо боорунан орун алган бийик өлкөлөрдүн катарына кирет.
Карлик
Жалпы аянты 468 чарчы чакырым гана болгондуктан дүйнөдөгү кичинекей мамлекеттердин тизмесинен орун алган. Испания менен Франциянын ортосундагы жайгашкан, бир чек арадан экинчисине жетүү үчүн 1 саатка жетпеген убакыт гана талап кылынат.
Көп улуттуу
Кызыгы, жергиликтүү жашоочулардын 50 пайыздан ашыгы башка улуттагылар. Тагыраагы, 48 пайыз андорралыктар болсо, калгандарын испан, француз, португал, аргентиналыктар жана башка улуттар түзөт. Мамлекеттин конституциясына ылайык, расмий болуп каталан тили эсептелет. Андан сырткары көпчүлүк адамдар испан, француз, португал тилдеринде да эркин сүйлөшөт.
Испания менен Франциянын башкаруусунда
Андорраны башка мамлекеттерден өзгөчөлөнтүп турган дагы бир факт – анда диархия башкаруу системи иштейт. Тагыраагы, мамлекет башында Франциянын президенти жана Урхель епископу (Испания) турат. Эки мамлекеттин өкүлдөрү номиналдуу гана башкарышат. Бирок алар биргеликте Башкаруу бийлигин 4 жылга шайлашат. Жогорку мыйзам чыгаруучу орган – Жогорку Кеңеште 28 өкүлү да 4 жылга шайланат.
Эмнеге Андорра?
Мамлекеттин аталышынын этимологиясы тууралуу так фактылар жок. Ошентсе да лингвисстер роман тилинен которгондо “андорра – бадалдуу же токойлуу аймак” деген маанини түшүндүрөт дешет. Тарыхта Андорра тууралуу маалыматтар 778-жылдагы материалдарда кездешет. Ал эми расмий түрдө француз графы де Фуа менен испан епископу Урхелдин ортосундагы кош башкаруу келишиминен кийин 1278-жылы көз карандысыз мамлекет аталган.
Армиясы жок
Өз армиясы жок мамлекеттердин катарына Андорра да кирет. Нейтралдуу мамлекет болгондуктан согуштарга катышпайт. Тышкы коопсуздукка Испания жана Франция мамлекеттери жоопкерчилик алган. Ал эми ички коопсуздукту полиция кызматы аркалайт. Полицияда 240 кызматкер иштейт. Мыйзамды сактаган, тынч, коопсуз мамлекет болгондуктан түрмөсү да жок. Адвокат жалдоого тыюу салынган, анткени адвокаттарды жергиликтүүлөр кылмышкерлерди коргоп, кошумча акча да алат деп жаман көрүшөт. Түрмө боюнча бийлик да ошондой пикирде, элдин эсебинен кылмышкерлер үчүн түрмө курулуп, бекер тамак-аш берилбеши керек. Кылмышкерлерге карата элдин катаал оюна жараша Андоррада кылмыштуулук жокко эсе.
Экономикасы
Андорранын экономикасынын 80 пайызы туризмден көз каранды. Жылына 9-10 миллиондон ашык эс алуучуларды кабыл алат. 100 миңге жетпеген калкы бар мамлекет үчүн бул сонун көрсөткүч. Мамлекетте жумушсуздук дээрлик жокко эсе, тагыраагы, калктын 2 пайызы гана иштебейт. 2023-жылдан бери минималдуу айлык акы саатына – 7,42 евро, айына – 1286 евро деп белгиленген. Айыл чарба секторунда аз гана адам иштейт, анткени мамлекттин жеринин 2 пайызы гана иштетүүгө жарамдуу. Ал жерлерге картошка, арпа, кара буудай, тамеки жана башка майда-чүйдөлөр эгилет. Темир, коргошун рудалары, минералдык суулар, токой чарбачылыгы, гидроэнергиясы бар.
“Салык оазиси”
Өлкө алымсыз (беспошлинный) соода-сатыктары менен белгилүү, бул аны көптөгөн туристтер үчүн, айрыкча алкоголдук ичимдиктер жана тамеки боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер менен чоң келишимдерди түзгөн аймакка айландырат. Андан сырткары банктык купуялуулук жогорку деңгээлде сакталган мамлекет болгондуктан Андорраны – “салык оазиси” деп аташат. Эл аралык банктар жок, жергиликтүү 5 банк элдин жана туристтердин кызматында.
Узак жашоочулар
Андоррачылар дүйнөдөгү узак жашаган элдердин катарында 5-орунда турат. Болжолдуу эсеп менен калктын көбү 80 жаштан жогору өтүшөт. Бир гана негизги, чоң ооруканасы бар, бирок өлкө боюнча 12 тез жардам көрсөтүүчү бөлүмдөр жайгашкан. 1997-жылы негизделген бир мамлекеттик университет медицина, компьютердик технология, гуманитардык илимдер боюнча билим берет. Калктын дээрлик 100 пайызы жогорку билимдүү. Бир мамлекеттик телеканалы, 2 радиоканал жана бир нече басылмалар (гезит-журналдар) иштейт.
Транспорту
Негизги транспорту – автобустар. Учак, поезд, кеме дегендердин кереги жок. Анткени аэропорту, темир жолу, порту жок өлкө. Андоррага баргысы келгендер же андан башка өлкөгө чыккысы келгендер Франция, Испанияга автобус менен барып, ал жактагы аэропорттор аркылуу учса болот. Бирок жеке учак же тик учак жалдап учканга каражатыңыз жетсе, атайын тилкелер бар.
Туристтерге эмне сунуштайт?
Тоолуу аймак болгондуктан тоодогу курорттору менен белгилүү өлкө. Тоо спортуна тиешелүү бардык кызыктар бар. Андан сырткары ЮНЕСКОнун коргоосундагы 3 улуттук парк жайгашкан. Ал парктардын кооздугу, флора-фаунанын түрдүүлүгү суктандырбай койбойт. Ыр, бий, кино жана негизгиси от фестивалы өткөрүлүп турат. Калкынын жарымынан көбү чет элдиктер болгонуна карабай андорралыктар өзүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын жогору коюп, муундан муунга өткөрүп келе жаткан калк. Андыктан бул мамлекетке барып калсаңыз, улуттук кийимчендерди көп көрөсүз, улуттук ырларды угасыз, улуттук бийлерге, улуттук тамак-ашка күбө болуп келесиз. Салыксыз соода-сатык жүргүзүлгөндүктөн, дүйнөлүк бренддердин баары камтылган соода борборлору көп. Аларда 4 күн гана дем алыш, жылдын калган 361 күнүндө шоппинг сүйүүчүлөр үчүн эшик ачык. Баарынан кызыгы, бул кооздуктун баарын жөө басып жүрүп көрсөңүз болот да, башкаларга Андорра мамлекетин түрө кыдырып чыккам деп мактанып айтып барасыз.
Асыл Орозбекова