“Кызымды жаман жолдон кантип кайтарам?”

– 2015-жыл. Жадыраган жаз айы, корообуздун ичи сирендин жытына буркурап турган кез. Кызым Айжан 11-классты бүтөм деп бүтүрүү кечесине даярданып жүргөн. Атасы болсо тамдын шыбын алмаштырам деп усталарды жалдап иштетип жаткан. Мен үй оокаты, кичинекей балдарым менен алекмин. Жолдошум экөөбүз 4 баланы тарбиялап, кызыбыз мектепти ийгиликтүү аяктады. Айылда туруктуу жумуш жок, жолдошум эски унаасы менен районго каттап эл ташып акча тапчу. Тапканы азык-түлүктөн артпайт, кызыбызды жогорку окуу жайга окутканга шартыбыз жок эле. Сиңдим Орусиядан келип “быйыл окууга тапшырса кыйналып каласыңар, андан көрө бир жыл Орусияга барып иштеп келсин, кийинки жылы тапшырып алат” деп өзү менен кошо ээрчитип кетмей болду. Бир тууган таежесинин колуна тапшырып, кызымды ыйлап-сыктап жатып жөнөттүм. Жакшы жүр деп акыл-кеңешимди айттым. Орусияда иштеп жүргөндө тынбай инилерине чалып, ал-абалыбызды сурап, акча салып турду. Бир жолу чалып:

– Апа, мен таежемдин үйүнөн башка жакка көчүп жатам...

– Эмнеге, ботом?! Кечинде жумуштан келгениңде тамак-ашың даяр, жашай бер да.

– Жок, сиңдиңиз мен иштебеген күндөрү такай балдарын каратып коёт, өз алдымча жашаганым жакшы, тынчыраак,- деди. Ошонун эртеси эле көчүп кетиптир.

Кызым Орусияда бир жыл иштеп, айылдагы үйүбүздү оңдоп-түзөп берди. Мал жандыктарды сатып алдык. “Окууга тапшыр” десек көнгөн жок, “диплому барлар Орусияда иштеп жүрөт, апа, сырттан эле окуп алам” деп койду. Үй-жайыбыз оңолуп, балдарым менен Ысык-Көлгө барып эс алып, кадимки турмушубуз менен жашап жүргөн күндөрдүн биринде Калича деген аял пайда болду жашообузда. Бир ай мурун Вотсапптан “кызыңыз тууралуу чындыкты билгиңиз келеби?” деп жазган экен. Шекшип жооп берсем, баарын айтып берди. Кызымдын Анапа, Сочи, Түркияда эс алып жүргөн сүрөттөрүн жиберди. Көрсө, мырзалар менен чет өлкөдө эс алганы үчүн акча алып иштейт экен. Калича мага “буларды эскортница деп коёт, акчасы көп, бай эркектер иш сапарга, эс алууга чыкканда ээрчитип жүрүшөт” деп түшүндүрдү. Кызым мектепте окуп жүргөндө англис тилин жакшы билчү, Москвада иштеп жүргөндө англис тили курстарына да барып жүргөн. Көрсө, агенттикте иштебей эле, сойкулук менен алектенип жүргөн тура. Каличадан “мунун баарын мага эмнеге айтып жатасың?” десем, “кызыңыз менен 2 жыл чогуу иштештим, аябай билимдүү, зирек кыз. Бул жолдо калтырбаңыз, куткарып кетиңиз. Жакында салонго иштейм деп Дубайга кеткени жатат. Ал жактан деле ушул жумушун улантат, ишенип коюңуз” деди. Кызым жөнүндө төбө чачымды тургузган кепти уккандан бери өзүмдү таба албай, абдан тынчсызданып жүрөм. Атасына айта албай бышып кеттим. Кечээ кызыма чалып “тез Кыргызстанга учуп кел, атаң катуу ооруп жатат” деп чакырсам, “апа, мен Дубайдамын, менчик ооруканага жаткыргыла, канча акча керек болсо салам” деп жооп жазыптыр. "Кызым, акчаң эмес, өзүң керексиң бизге" деп кучактап ыйлагым келди. Анын келечегине сарсанаамын, эртең турмушка чыгып өтмүшү билинип калса эмне болот? Кандай тагдыр күтөт? Айылдаштар, тууган-туушкан билип калбаса экен деп эзилип бүттүм. Аны жаман жолдон кантип кайтарам? 

Гүлайым

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1124, 20-26-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан