– Билесизби, менин маселемдин баары апама байланыштуу деп ойлойм.
Денесинен жаштыктын деми чачырап, көзүнөн эгосу жанып, ааламга батпай турган 23 жаштагы кыз ушинтип айтты. Анын маңдайында отурган аял 40 жаштан өтүп калган кесиптеши эле. Кыз жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрүп, белгилүү жеке компанияга жумушка киргенине бир жыл болду. Азыр алдынкы кызматкерлердин бири. Чындап эмгекчил, кыйын кыз экени дароо эле көзгө урунду. Бири жаш, бири жашоодо аркы-беркини көрүп калган бул эки айымдын эмнегедир жылдызы келишип калды. Түштөнүүгө чогуу барышат, кээде ушинтип жумуш убагында кобурашып калышат. Башка кызматкерлер экөөнү эмне бириктирет болду экен дегенсип карап калышчу.
– Апам, менимче, туура эмес жашайт. Мен ага жардам беришим керек?- деди кыз кайталап.
– Кантип жардам бересиң?
– Туура жашаганды үйрөтөм.
– Сенби? Апаңдыбы?- деди аял күлкүсүн араң тыйып. – Сен өзүң туура жашаганды билесиңби? Канча жыл жашап койдуңуз, чоң эне?..
– Аз жашасам да билем. Жашоодон ырахат алганды, эс алганды билем. Ал болсо...
– Ал эмне кылат?
– Канча жолу айттым, мени менен Түркияга же башка бир чет өлкөгө саякатка чыгып келиңиз деп. Акча маселесин ойлонуштун дегеле кереги жок. Ал өжөрлөнүп макул болбойт. “Койчу, ушул жашымда ал жакта эмне бар мага?” дейт да турат. Акча жөнөтөм ай сайын, сандыгына катат. “Жакшы көйнөк алып кийиңиз” деп берсем, “сенин себиңе” деп бир нерселерди ала берет. А мен турмушка чыгууну ойлоно да элекмин. Негизи турмушка чыгуу, балалуу болуп үй-бүлөгө байлануу мен үчүн эмес. Менин максаттарым башка. Карьерамды түптөп алышым керек. Негизи эле күйөөнүн эмне кереги бар?
– Апаң эмне иш кылат?
– Айылда эмне иш болмок эле, баягы эле картошкасы, малы, чөбү. Эбак эле айткам, “апа, сен жай бою кыйналып өстүргөн картошкаңды менин айлыгыма тонналап алып келип берейин. Ушул ишиңди таштачы” дедим. Жок, укпайт. Кайра эле баягы картошкасы, малы... Кечинде бошогондо өзүнө окшогон эч бир жакка чыгып көрбөгөн караңгы коңшулары менен кайра эле малды, огородду сүйлөшүп отурат. Болгон эрмеги ошол. Мен анын заманбап апа болушун каалайм. Жакшы кийинип, саякатка чыгып...
– Кызык, айылда андан башка эмнени сүйлөшүүсү керек эле?
– Адамдын өсүүсү тууралуу, руханий жактан өсүү тууралуу мисалы. Алар баягы эле малы, чөбү, неберелери.
– Апаң сага окшоп жогорку окуу жайда окуду беле?
– Жок, 18 жашында турмушка чыгыптыр. Бирок балдары токтобой, мени кеч төрөптүр. Атам болсо мен курсакта жаткан кезде каза болуп калган.
– Апаң сени жалгыз бактыбы?
Кыз улутуна берди. Башын ийкеди.
– Мен мектепте окуп жүргөндө апамдан уялчумун. Анткени... ал мектепте пол жуучу. Мени атымдан айтпай, “пол жууган аялдын кызы” дешчү. Ошол үчүн мектепте жакшы окудум. Сөзсүз ийгиликтүү адам болом дедим. Тилегиме жеттим.
– Ойлонуп көрсөң, балким, сен апаң үчүн эмес, өзүң үчүн апаңды чет өлкөлөргө алып баргың келип жаткан жокпу? Элге “пол жууган аялдын кызы” боюнча калбаганыңды далилдеш үчүн... Бул нерсени апаң үчүн жасагың келип жатканга окшобойсуң... Балалык жараң сени тынч алдырбай жатат, сыягы. Аны менен антип күрөшүүнүн кереги жок. Дегеле апаңдан уялуунун кереги жок.
Кыз селт чочуду. Каршы сөз айтайын деп баратып кайра моюну шылк этти. Чындыкты моюнга алды көрүнөт.
– Мен апаңды жакшы түшүнөм. Жашоосунда турмуш менен жалгыз күрөшкөн аялдардын баары бирдей. Мен дагы төрт баламды жалгыз өстүрүп жүргөн энемин. Андай аялдардын максаты – балдарын эл катары чоңойтуу, пол жууйбу же атактуу компанияда иштейби, алар үчүн бул маанилүү эмес. Маанилүү нерсе – максат. Апаң сени ошол картошкасы, малы менен чоңойтту. Ал сендей болуп окуган жок. Бир кесиптин ээси боло албады. Бирок сенден да, менден да көп мээнет кылды. Ошол мээнеттин аркасынан жүрүп эс алууну да унутуп калды. Элестет, өмүр бою тынымсыз эмгек кылган адам эс алууну кантип үйрөнөт? Сен анын жашоосун өзгөртүп жибере албайсың. Демек, туура жашоону да үйрөтө албайсың. А чынында анын жашоосу туурадыр...
– Ошондо апамдын жашоосу туура элеби?- деди кыз таң кала.
– Туура же туура эмес экенин биз чечпейбиз. Ата-энелерибиз жашап өткөн доор, заман алар үчүн туура. Анткени алар ошондой тарбияланышты. Андан башкача кантип жашоо керек экенин билишпейт. Бала негизи ата-энени тарбиялабайт. Ата-энеси кандай болсо ошондой кабыл алышы керек болот.
– Апама жашоону башкача караганга үйрөтүү да туура эмеспи?
– Акырын, мисал менен түшүндүрсө эмнеге болбосун. Бирок, эң жакшысы, аларды болгонундай кабыл алуу керек. Жөн гана ыраазы болуу зарыл. Апаң картошкасы менен бактылуубу, демек, ошол нерсеге сен да кызыккан түр көрсөтүп, же чындап эле кызыгып кой. А балким, картошканын сортторун изилдөө чын эле кызыктыр. Эң негизгиси апаңды болгонундай кабыл ал, ага ыраазы бол жана мындан аркы жашоосун бактылуу кылганга аракет кыл.
– Сиз мага эң жакшы кеңеш бердиңиз. Рахмат.
Кыз ордунан тура калып аялды өөп алды да, шашыла басып жумуш ордуна кетти. Ошол эле күнү жумушунан суранып, айылга жол алды. Көз алдына анын балалыгы тартылды. Канчалык кыйын болсо да таттуу жана унутулгус курагы ошол тура. Кышта үшүп келип апасынын жылуу кучагына култ эте кирип кеткен күндөр, апасынын наны, тамагы...
Көзүнө жаш айланды. Айылга жетип, унаасынан түшкөндө ага карап эрбелеңдеп шашып келе жаткан тааныш караанды көрдү. Албетте, апасы! Кыз дагы апасын утурлай чуркады. Кучакташа калышты. Эки аалам, эки башка муун, эки башка түшүнүк кучакташып гармония жаратып турду.
– Рахмат, апа,- деди кыз жаш аралаш күбүрөй. Кара жумуштан улам катуу болуп калган апасынын колдорун өөп алды.
– Бул жайда сени менен болом, апа, эч кайда кетпейм.
– Өх, анда картөшкөнү чогуу карайт экенбиз, кызым. Белим ооруп айласын таппай жаттым эле.
Кыз айласыз жылмайып башын ийкеди.
Айлин Д.