ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 1-июлдан 7-июлга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Кырдаалды өзүңүз түшүнмөйүнчө бирөөгөжардам беремдеп убада кылуунун кереги жок. Жакындарыңыздын арасында чыр-чатак чыгып кетсе, эч кимдин тарабына өтпөңүз. Энергия ресурсуңузду толтурууга убакыт келди, табияттан, музыкадан, кыймылдан, кызыктуу нерсени изилдөөдөн ырахат алыңыз. Бойдоктор жеке жашоосунда башаламан мамилелерге чекит коюшат. Тандоо жасоого убакыт келди, кайсы бир адамга токтолуп, олуттуу мамиле курууга бел байлайсыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Алтынчы туюмуңуз жакшы иштеп баштайт. Жумушуңузга байланышкан маселелерди көйгөйсүз чечип, белгилүү ийгиликтерге жетишиңиз ыктымал. Карьералык тепкичтен көтөрүлүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Жаңы жолугушуулар, таанышуулар үчүн ыңгайлуу мезгил. Бизнес баштасаңыз болот, кыялдарды ишке ашырууга киришип, жаңы киреше булактарын издеңиз. Бирок тобокелчиликке барбаңыз, ийгиликке жетүү үчүн ар бир кадамыңызды эсептеңиз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Бул жума оюн-зоок иш-чараларына катышууга, жолугушууларды жана бизнес боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ылайыктуу мезгил. Сүйүктүү адамыңыз менен конокко барсаңыз, ага көңүл бурууну унутпаңыз. Ал өзүн досторунун чөйрөсүндө маанисиз адам сезбеши үчүн баарын жасаңыз. Сиздин сылыктыгыңыз жана камкордугуңуз сөзсүз түрдө бааланат. Эски байланыштарды калыбына келтирип, чыңдай аласыз. Жеке мамиледе сүйүктүүңүздөн белек алып кубанасыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Сүйүктүүңүз менен сизди чыр-чатакка алып келчү кырдаал жаралат. “Сүйүүдөн жек көрүүгө бир кадамдеген кепке мисал болгуңуз келбесе, эмоцияңызды тизгиндеңиз. Чөйрөңүздөгүлөр менен баарлашууну убактылуу чектеп туруңуз, азыр сиз эч кимдин кеңешине муктаж эмессиз. Чөнтөгүңүздүн жукалыгына карабай кымбат буюмдарды сатып алуу үй-бүлөлүк бюджетке зыянын тийгизет. Бөйөн айымдар келбетин оңдоого акча аяшпаганы жакшы.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Кесиптик чөйрөдө ийгилик жаратсаңыз болот, айлык маянаңыз көбөйүп, каржылык маселелериңизди чече аласыз. Сизди кыйратуучу жаман адаттардан арылууга убакыт келди. Өзүмчүл, бирөөнүн мактоосунан көз каранды адамдарды чөйрөңүздөн тазалаңыз. Бизнес баштайм дегендер ар кайсы тармакта изденип, талдоо жүргүзүп көрүшкөнү туура. Сүйүүдө кызганычтын айынан уруш-талаш чыкпасын десеңиз, түгөйүңүзгө ишениңиз, ал сизден башкаларга да сүйкүмдүү көрүнөрүн моюндашыңыз керек.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Чыгармачыл жөндөмүңүз, хоббилериңиз пайда болуп, анын артынан кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Кайсы бир нерсеге толугу менен көз карашыңызды өзгөртөсүз. Буга чейин өз жолуңузду издеп жүрсөңүз, толугу менен өзүңүздү өзүңүз каалаган тармактан табасыз. Жеке жашоодо ийгилик күтөт, сүйүктүүңүз менен түшүнүшүүгө жетип, мамилеңиздер гармониялуу уланат. Бийкеч айымдарга баш кошуу тууралуу сунуш түшүшү мүмкүн.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Алдыда боло турган окуяларды алдын ала сезе билчү жөндөмгө ээ болосуз. Сиз божомолдогон нерсе сөзсүз сиз айткандай чыгат. Үйдө керексиз буюмдарды ыргытып, иретке келтирүү сизге чоң ырахат тартуулайт. Тараза айымдарда түгөйүнө караганда өзү көбүрөөк мамиленин өнүгүшүнө салым кошуп жаткандай сезим болушу мүмкүн. Жолдошуңуз муздак, кайдыгер болуп жатса, аны суракка албай, жалгыз калганга, мамилеңиздер жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк бериңиз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Биргелешкен иш-чаралар, жамааттык эс алуулар көңүлдүү өтөт. Жан дүйнөңүз тынчтанып, тең салмактуулукка ээ болосуз. Жакындарыңыз менен мамилеңиз гармонияда уланып, үй-бүлөңүздө кубаныч өкүм сүрөт. Балдар менен баарлашууда басым көрсөтпөй, талап кылбай, кыйкырбай сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Сүйүктүүңүз менен болгон мамиледе шектенүү, ишенимсиздик орун алат. Түгөйүңүз сизге ишенбей жатса, демек, шектенүүгө мүмкүнчүлүк бергенсиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Максаттарыңызга жетүү үчүн кээде намыскөйлүктү жыйыштырганга туура келет. Жумшак, ийилчээк, жөнөкөй болуңуз, ошондо гана керектүү адамдар сизди табышат. Жаачы мырзалар руханий жактан тазаланып, өсүп-өнүгүүгө белсенишет, бул аракетиңиз натыйжасыз калбайт. Активдүү аракетти жана чечкиндүүлүктү талап кылган кандай гана жумуш болбосун сиздин жоопкерчилигиңиз таразага коюлат. Жакындарыңызга берешендикти, ырайымдуулукту, камкордукту көрсөтүңүз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Пландаштырган иштер сиз күткөн натыйжаларды бербеши мүмкүн. Жаңы таанышкан адамдар канчалык ишенимдүү көрүнбөсүн алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшпөңүз, алардын айынан жагымсыз жагдайлар болушу ыктымал. Каржылык маселелер сизди тынчсыздандырбайт. Байланыштарды бекемдөө, документтерге жана келишимдерге кол коюу үчүн эң сонун мезгил. Үлпөт той сыяктуу чоң мааракелерди ушул аптага белгилесеңиз болот.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Суу куяр айымдар харизмасы, сулуулугу менен көп мырзалардын көңүл борборунда болушат. Мырзалар бир себеп таап жолугушуу уюштурушса болот. Өткөндү эстеп, кайсы бир окуя үчүн өкүнүү да сизден көп энергияны соруп алат, андыктан азыркы учурдан ырахат алып жашаганды үйрөнүңүз. Бирөөгө бир нерсе далилдөөгө аракет кылбаңыз, тескерисинче, чындыкты көзгө сайып көрсөтүү аракетиңизди чөйрөңүздөгүлөр туура эмес түшүнүп калышат.

Балык
(20.02–20.03)

Жумуш ордуңузду өзгөртүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар, пайдалуу сунуштардан баш тартпаңыз. Жетекчиңиздин сизге берген артыкчылыгы башка кесиптештериңизге жакпашы мүмкүн, андыктан артыкчылыктар тууралуу кесиптештер арасында сөз кылбай эле койгонуңуз туура. Эски сүйүктүүңүз жолугушууга чакырышы мүмкүн, бетме-бет сүйлөшүүдөн кийин гана ал адамга болгон сезимдериңиз калдыбы, жокпу толугу менен билсеңиз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан