Садыр Жапаров карындашы үчүн элден кечирим сурады
Президент Садыр Жапаров карындашы Лазат Нуркожоеванын окуясы боюнча элден кечирим сурады. Бул тууралуу өлкө башчысы “Кабарга” курган маегинде билдирди.
Президентке “Жакындарыңыз өздөрүнүн жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо сиз менен кеңешеби? Сиз аларга эң жогорку мамлекеттик кызматыңызды эске алып кандайдыр бир талаптарды коёсузбу? Буга чейин да Лазат Нуркожоева унааларынын, иштеген жеринин сүрөттөрүн социалдык желеге жарыялап талкуу жаратты эле?” деген суроо берилген.
Садыр Жапаров жакындарына катуу талаптарды коюп келатканын айтат.
– Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” дайыма эскертип келем. Элибиздеги “күлгөнгө күлө жетем” деген сөз чын экен. Мурда башкаларды сындачу элем, эми өз башыма келип отурат. Акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм. Ал дагы элдин сын пикирин угуп жатат, туура жыйынтык чыгарат деп ишенем,- дейт президент.
Айта кетсек, ушул аптада президенттин бир тууганынын кызы Лазат Нуркожоеванын жигити сүйүктүүсүнүн колун тик учак менен сураганы тартылган видео интернет желесине жарыяланып, талкууга түштү. Көпчүлүк президенттин жакындары элге аша чапкандык менен эмес, жөнөкөйлүк менен үлгү болушу керек деп жатышат.
Айына 1 миллион сомдон айлык алгандар кимдер?
2023-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын 7 мүчөсү бонус катары 84 миллион сом алышкан. Мындай маалыматты 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров айтып чыкты. Депутат 7 адам ай сайын 1 миллион сомдон айлык алып турушкан дейт.
– Албетте, жогорку кесипкөйлөр жакшы айлык алышы керек. Бирок айына 1 миллион сом мугалимдин айлыгынан 40 эсе көп болуп жатат. Учурда мугалимдин орточо айлыгы 25 миң сом. 5-10 эсе көп болсо да макул, бирок 40 эсе көп болгону ашыкча,- деген депутат ушул жагдайды тийиштүү органдар текшерип чыгышы керектигин айтты.
Депутат мурунку жылдары мындай болбогонун, 2023-жылы гана айлыктар көтөрүлүп кеткенин белгиледи.
2022-жылы Улуттук банктын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Жакыпов маянасы 108 миң сом экенин, социалдык фондго жана салыкка которуулардан кийин 87 миң сомдой аларын айткан. Ошондо депутаттар “банка иштегендердин айлыктары жогору, алар насыя алганга муктаж эмес. Ошондуктан насыялардын үстөк пайыздары тууралуу баш оорутушпайт” деп сындашкан.
2023-жылы парламент депутаты Шарапаткан Мажитова Улуттук банкта 700дөн ашык кызматкер иштейт, алар 300 миң сомдон жогору маяна алышат деп айтып чыкканы белгилүү.
"Камбар-Ата-1" ГЭСи канча жылда курулуп бүтөт?
"Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга бюджеттен 1 миллиард 555 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу 25-июнда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Айтымында, Каржы министрлиги дагы 1,5 миллиард сом бөлүп бермекчи. Азыркы учурда аталган ГЭСти курууга даярдык жүрүп жатканы, жол, көпүрө, курулушчулар үчүн шаарча салынып жатканы айтылды. Ал эми ГЭСтин курулушу 6-8 жылга созуларын айтат министр. ГЭСтин курулушуна мамлекеттен тышкары, Дүйнөлүк банктан каражат алынарын, башка инвесторлор менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.
Айта кетсек, аталган ГЭСти Кыргызстан Өзбекстан жана Казакстан менен чогуу курганы жатат. Долбоордо Кыргызстан 34 пайыз, калган эки өлкө 33 пайыздан үлүшкө ээ болору айтылган. Долбоор ишке ашырылгандан кийин ГЭСтин акция жана активдери толук Кыргызстандын карамагына өтөт деп күтүлүүдө. Аталган ГЭС курулса Борбордук Азия мамлекеттерин электр энергиясы менен камсыздап, чөлкөмдөгү сууну пайдалануу маселесин турукташтырат деген жоромол айтылып келет.
Депутаттар Ысык-Көлдө эс алуунун баасына нааразы
Парламенттин 27-июндагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Ысык-Көлдө эс алуунун кымбаттыгын, жолдордун абалын, жергиликтүү элдин туристтерге кылган мамилесин сындады. Айтымында, Ысык-Көлдөгү баалар Дубай менен Анталиядагыдай.
– Чет өлкөлөрдө туристтерге абдан жакшы мамиле кылышат. Анткени туристтер акча алып келет, өлкөнүн имиджин калыптандырат. А биз жок дегенде жылмайганды билбейбиз. Ысык-Көлгө барсаңыздар, Дубай менен Анталиядагы бааларды коюп алышкан, ал эми тейлөөнүн сапаты ошого ылайыкпы? Чет жерде күн сайын шейшеп, сүлгүдөн бери алмаштырышат, жууп, тазалап турушат. А бизде олчойгон акчаңды аларда бир келет, анан кетип жатканыңда бир келет. Чачылганы чачылган бойдон. Ушинтип да тейлөө көрсөтөбү?- деди Кадырбеков.
Депутат туристтер үчүн 5 жылдыздуу мейманканадан да конок ээсинин жылмаюусу маанилүү экенин айтат.
Туризм мезгилинде Ысык-Көлдө баалар негизсиз жогорулай турганы жыл сайын айтылат, бирок жөнгө салына элек. 2022-жылы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы туризм рыногундагы бааларды жөнгө сала албай турганын моюнга алган.