Нур Чолпон, ырчы: “Эми автордук ырларга басым жасайм”

– Саламатсызбы, Нур Чолпон? Япониянын жай, бир ыргактагы жашоосуна көнө түшүп, Кыргызстанда келгенде кыйналган жоксузбу? 

– Саламатсыздарбы? Биринчиден, интервьюга чакырганыңыздар үчүн чоң рахмат! Япониядан келгенде бир сыйра акклиматизациядан өттүм (күлүп), кыш ичи катуу оорудум. Ал жактагы жашоону сагына элекмин. Сиз айткандай, Япониянын мелүүн, бир ыргактагы жашоосуна бир жарым жыл ичи тоюпмун (күлүп). Кыргызстандын жашоо үчүн болгон күрөшүү образын, туугандар, достор менен болгон тыгыз мамилени, графикке байланбаган жашоону сагынып калыптырмын. Азыр Кыргызстан Япониядагыдан да көбүрөөк ырахат тартуулап жатат.

– Япониядан 1,5 жылдан кийин кандай өзгөрүү менен келдиңиз?

– 1-курста окуп жатканымда эле “окууну аяктаганда өнүккөн өлкөгө барып кесибим боюнча стажировка өтөп келсем” деп тилеген элем. Ошол тилегим орундалып, мени Японияга өздөрү чакырып калышты. Ал жакта операга болобу, өздөрүнүн улуттук театралдык жанры – кабукиге болобу, баарына бирдей көңүл бурушат экен. Профессионал музыканттар кандай иштегенин көрүп, биринчи кезекте өзүмө, анан биздин музыканттарга ишенимим бекемделди. Алар деле биздей эле иштейт экен. Тескерисинче, биздин музыканттар, маданият чөйрөсүндөгү адамдар көбүрөөк мээнет кылышат. Биздегидей умтулууну мен Япониядан байкаган жокмун. Кандай өзгөрүү менен келдиңиз деген суроо боюнча, алардын чыгармачыл жашоосун көрдүм жана өзүмө ишенимим бекемделди. Мен деле эл аралык деңгээлдеги профессионал музыкант экениме көзүм жетти.

– Келериңиз менен “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландыңыз, куттуктайбыз!

– Рахмат, мен үчүн бул абдан чоң жеңиш. Мени мамлекеттик деңгээлде профессионал музыкант катары кабыл алышты деген белгидей сезилди. Японияга кетип жатканда жүрөгүмдө бир аз таарыныч бар эле. Анткени Кыргызстанда опера жазып, аны сахнада койгон эң биринчи композитор кызмын. Ошол эмгегим бааланбай жаткандай сезилчү. Японияда жүргөнүмдө, балким, менин кадырымды билиштиби, айтор, келерим менен эле “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин беришти. Мен үчүн бул өтө чоң сыймык. Өзүмдүн элимдин, жеримдин маданиятынын мыкты кызматкеримин деп сыймыктанам.

– Орусиянын “Жан дүйнөдөн чыккан ырлар” телеберүүсүнө катышып келдиңиз, кеп ушул тууралуу улансын...

– Андрей Малаховдун телеберүүсүнө ушуну менен үчүнчү жолу чакырышы. Биринчи жолу чакырышканда “Смуглянка” деген согуш тематикасындагы ырды ырдап чыккан учурум эле, анда бара албай калгам. Экинчи жолу мен Японияда жүргөндө чакырышты. Үчүнчү жолкусунда 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата чакырышты. 28-майда Москвага барып, аталган телеберүүгө катышып келдим.

– Орусиянын телеберүүсүнөн кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

– Залы абдан чоң экен. Ошондой чоң залда 10дон ашык видеокамералар тегеренип тартып жатышты. LED-экрандар, айтор, студия жогорку деңгээлде жасалгаланыптыр. Анан Андрей Малаховдун кесипкөйлүгүнө баа бердим. Тартуу иши 4-5 саатка созулду, ошол 4-5 сааттын ичинде эч ким тыныгууга чыккан жок, Малахов өзү да эс албады. Эфир учурунда кошулуп ырдап, бийлеп отурду. Ошончо убакыт бою анын энергиясы түгөнбөгөнүнө таң калдым. Биз 1 сааттан кийин эле чарчап калдык (күлүп).

– Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Келерим менен “Каалай берем” деген алгачкы автордук чыгармамды жаздым. Дагы бир автордук ырымдын үстүнөн иштеп жатам. Андан сырткары бир нече кавер ырдадым. Каверлер мага эл аралык деңгээлде аудитория топтоп берди, эми композитор катары автордук ырларга басым жасай берсем болот. Буюрса, алдыда автордук ырларымды угасыздар.

– Композитор катары айтыңызчы, кыргыз ырчыларына, дегеле кыргыз музыкасына кандай баа бересиз?

– Ырчылардан жаңы чыгып келе жаткан Нурайым Акылбекова деген кыздын үнүн өзгөчө жактырдым. Мукам үндүү кыз экен. Рэп аткаруучулардан Тамганы сыйлайм, Тамга экөөбүз Улуттук консерваторияда чогуу окуганбыз. Андан сырткары Каныкей эжени баалайм. Анын чыгармачылыгы жаңы башталган учурда мен кичинекей элем, анын ырларына баа бергенге акылым жетчү эмес. Чоңоюп жетилгенден кийин анын ырларын уксам, философиялык мааниде терең жазылган ырлар экен. Эстраданын эң белгилүү, эң туруктуу жылдызы Мирбек Атабеков байкебизге дагы абдан суктанам. Ушунча жылдан бери чыгармачылыгын бир калыпта алып келе жатат. Дегеле биздин чыгармачылыкта суктанчу адамдар абдан көп.

– Ырчылык, музыкадан сырткары эмне менен алектенген жагат?

– Кичине кезимде сүрөт, бий ийримдерине барчумун, "Манас" айтчумун. Менин кесибим өзү эле хобби. Андан сырткары йога менен алектенем. Жашоомо керектүү нерселерди өз убагында киргизип алган экенмин, ошол нерселер мени дисциплинада кармап турат.

– Жүрөгүңүздү багындырган жигит барбы?

– Жүрөгүм бош, жигиттер, чамдагыла (күлүп).

– Кандай жигиттер жагат?

– Жоопкерчиликтүү, айткан сөзүнө турган жигиттер жагат. Анткени өзүм ошондой адаммын. Сөзсүз өз кесибинин мыктысы болушу керек. Өзүн реализация кылган адамдын комплекстери, кызганыч деген нерсеси болбойт, ал адам башкаларга көз артпайт.

– Ашканада кандайсыз?

– Мен тамак жасаганды билбейм.

– Болчок жолдошуңуз үйдөн тамак жасашыңызды каалайт, балким?

– Үй-бүлөм үчүн кээде тамак жасап коюшум мүмкүн. Бирок мени тамак жасатуу үчүн гана аял кылып алам десе, муну туура деп эсептебейм. Адам кандай болсо, ошондой кабыл алганды билиш керек. Негизи мага даамдуу тамак жасай алган жигиттер жагат, мен ошондой жигитти тандасам керек (күлүп). Атам тамакты абдан даамдуу жасайт.

– Атаңызга жакынсызбы же апаңызгабы?

– Экөөнө бирдей жакынмын. Экөөнөн тең керектүү энергияны, мээримди алам. Экөө тең мени абдан жакшы көрүп, эркелетип, көзүнүн карегиндей карап чоңойтушту. Атам ыр жазып калат, мага арнап, менин көркүмө, менин талантыма арнап ыр жазат. Азыр деле. Ата-энеңдин сүйүүсүн, мээримин көрүп канат байлайт экенсиң, өзүңө чоң ишеним жаралат экен.

– Япон тилин үйрөнүп жатам дедиңиз эле, үйрөнө алдыңызбы?

– Японияда буга жакшы аракет кылдым, N5 деген баштапкы тестти ийгиликтүү тапшырдым. Бул тилдин татаалдыгы – аларда 2 алфавит бар, ар биринде 48 тамгадан. Ал алфавиттен тышкары 10 миңге жакын иероглифтери бар. Кызыктуу жери – көп сөздөрүбүздө окшоштукту байкадым. Мисалы, биз жумуш дейбиз го, алар “жимушо” дешет. Аларда да “нан” деген сөз бар, бул кадимки эле нан.

– Амибициясы бийик бийкеч эмнеден коркот?

– Өзүмө болгон ишеничти жоготуп алуудан жана ата-энемдин ишеничин актай албай калуудан корком.

– Ата-энеңиз эмнени күтөт сизден?

– Эми ата-энем азыр деле ыраазы. Болгону ушул калыпта кете бериш керек.

– Ыйлайсызбы?

– Мурда көп ыйлачумун, азыр ыйлайын десем деле жаш чыкпайт.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан